Сауд Арабия АКШга 1 трлн доллар берет

Сауд Арабия АКШга 1 трлн доллар берет
Сауд Арабиясынын мураскер канзадасы Мухаммад бин Салман АКШга расмий сапар менен барды. Ал Сауд Арабиясы жакынкы жылдарда АКШнын экономикасына инвестиция жаткырууну 600 млрд доллардан 1 трлн долларга чейин көтөрөөрүн билдирди. АКШнын президенти Трамп менен жолугушуусунда, бул инвестициялар энергетика, технология, жасалма интеллект, коргонуу жана жарым өткөргүчтөр тармактарын камтый турганын баса белгиледи.
Мураскер канзаданын урматына уюштурулган кечки тамакта Дональд Трамп Сауд Арабиясын расмий түрдө НАТОдон тышкаркы АКШнын негизги союздашы деп атап, аскердик кызматташтыктын деңгээли жогорулаганын билдирди.
Мухаммад бин Салман “Ибрахим келишими” тууралуу мындай деди: “Албетте, биз Жакынкы Чыгыштын бардык өлкөлөрү менен жакшы мамиледе болууну маанилүү деп эсептейбиз жана биз “Ибрахим келишимине” кошулууну каалайбыз”.
Комментарий: Дүйнөдө канчалаган мусулмандар ачкалыктан, ар кандай кыйынчылыктардан азап тартып жатканда бүгүнкү күндүн рувайбиза акимдери Үммөттүн акчасын каалагандай сапырып жатышат.
Мухаммад бин Салман “Жакынкы Чыгыштын бардык өлкөлөрү” деген сөзү менен “Израилди” да таанып жатат. Бул сыр эмес болчу, болгону Сауд Арабиясы өз эли жана мусулмандар алдында муну ачык айта албай келген. Эми “Ибрахим келишимин” шылтоолоп муну ачыкка чыгарууга камынууда.
Демек, бүгүн үммөттүн эгемендикке жетиши, колонизаторлуктан кутулуусу кыянатчы рувайбиза акимдерди кулатуу аркылуу болушу качып кутулгус ишке айланды.




