Комментарий
Trending

 “Сириянын демократиялык күчтөрүн” мамлекеттик институттарга кошуу – кооптуу саясий ката

 “Сириянын демократиялык күчтөрүн” мамлекеттик институттарга кошуу – кооптуу саясий ката

Жаңылык:

2025-жылдын 18-октябрында (ишемби күнү) Сириянын Тышкы иштер министри Асад аш-Шайбани мындай деди: «Сириянын демократиялык күчтөрүн (СДК) мамлекеттик мекемелердин курамында болбошу алар менен мамлекеттин ортосундагы ажырымды тереңдетет». Ал Сириянын маалымат телеканалына берген маегинде президент Ахмад аш-Шара Сириянын демократиялык күчтөрү өлкө келечегинин негизги бөлүгү болушуна өзгөчө маани берип жатканын кошумчалады.

Комментарий:

Сирия өкмөтүнүн “Сирия демократиялык күчтөрүн” (кыскача СДК) мамлекеттик түзүмгө кошууга макул болушу — бул чоң саясий ката жана мамлекеттик деңгээлдеги ой жүгүртүүдөн алыс чечим. Себеби бул атеисттик, динге душман жана бөлүнүүчү мүнөздөгү куралдуу топ Сирия элинин сакофатын да, алардын көз карашын да чагылдырбайт. Ал Сирия революциясынын бир бөлүгү болгон эмес жана элдин Асаддын зулум режими астындагы кысымдан бошонуу күрөшүн да билдирбейт.

Тескерисинче, бул күчтөр режимге жардамчы болуп келген. Асад режими аларды 2012-жылдан бери куралдандырып, революциячылардын Сириянын чыгыш аймактарына көзөмөл орнотуусуна жол бербөө үчүн колдонуп келген. Көптөгөн чынчыл күрөшчүлөр дал ушул СДК тарабынан революция жылдарында өлтүрүлгөн. Асад кулагандан кийин да алардын колунан кан төгүү токтогон жок. Акыркы мисал, 2025-жылдын 7-октябрында Ашрафия жана Шейх Максуд райондорунда болгон кагылышуу, анда бул милициянын чабуулунан Сириянын ички коопсуздук күчтөрүнүн бир нече кызматкери өлүп-жарадар болгон.

СДКны өлкө башкаруусунда мүмкүн болгон өнөктөш катары кароо — бул алардын Хасака, Ракка жана Дейр аз-Зор аймактарындагы калкка кылган кылмыштуу иштерин мыйзамдаштыруу болуп саналат. Алар бул аймактарда элди негизсиз камоо, кыздарды аскердик кызматка мажбурлап алып кетүү, байлыкты монополиялоо жана билим берүүдө бөлүнүүчү, марксисттик идеяларды таңуулоо сыяктуу иштерди жүргүзүп келишет. Бул фактыларды укук коргоо уюмдары туруктуу түрдө документтештирип келишет.

Бул иштерди кылдат караган адам, алардын Асаддын мурдагы режими жүргүзгөн зулум иштеринен эч айырмасы жок экенин көрөт. Ошондуктан, козголоңчулар СДК менен режимди бир тыйындын эки бети катары баалашат. Демек, бул топту мамлекеттик түзүмдөргө кошуу Асаддын мурдагы бандасына тиешелүү төртүнчү дивизия менен аба чалгын кызматынын армия жана коопсуздук мекемелерине киргизилишине окшош болот.

Сирия өкмөтү СДК менен мамиледе кабыл алуу жана камтуу саясатын АКШнын каалоосу боюнча жүргүзүп жатат, анткени СДК ага кызмат кылууда жана Исламга каршы күрөштө өнөктөш болуп саналат. Ошондуктан, Америка аларды бул кызматтары үчүн сыйлап, бийлик системасында «табигый күч» катары көрсөтүүнү каалайт. Бирок Сириянын жетекчилери түшүнүшү керек, АКШ бул кадам менен Сирияда туруктуулук орнотууну же согушту токтотууну көздөбөйт. Тескерисинче, бири-бирине карама-каршы күчтөрдү бир бийликке чогултуу аркылуу мамлекетти алсыратууну көздөйт. Мындай ыкма менен ал Сирияда алсыз бийликти  камсыз кылып, каалаган убакта СДКны өкмөттөн чыгарып, чыңалуу жана согуштарды тутантуу менен өлкөнү кайрадан алсырата алат.

СДК менен мамиледе колдонулуучу жалгыз жол — бул аскердик жол. Өкмөт бул топту күч менен жок кылып, Сириянын чыгышындагы элди анын зулумунан куткаруусу керек. Бул иште АКШнын каарына же ыраазычылыгына көңүл бурбоо зарыл. Анткени АКШнын Сирияда эч кандай пикири, таасири же ролу болбоого тийиш. Ал кылмыштын үлгүсү жана бузукулукка мисал болгон мамлекет. Мындан тышкары, Башар Асаддын 2024-жылга чейин сакталып турушунун негизги себептеринин бири да АКШнын колдоосу болгон. Ошондуктан Сириянын жетекчилери Америкадан жүзүн буруп, Мисирдин мурдагы президенти Хосни Мубарактын бир кезде айткан сөзүн эстеши керек: «Ким Америкага таянса — ал жылаңач бойдон калат.»

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button