Комментарий
Trending

Трамптын Индияны коркутуулары

Трамптын Индияны коркутуулары

Жаңылык:

АКШнын расмий өкүлү жана Европа Биримдигинин бир дипломаты билдиргендей, АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү биримдиктин жетекчилерин Кытайга каршы 100%га чейин бажы төлөмдөрүн киргизүүгө үндөгөн. Бул кадам Орусия президенти Владимир Путинге басым жасоо стратегиясынын алкагында болгон.

Атын жашыруун кармоону сураган расмий өкүлдүн айтымында, Трамп Европа Биримдигин Индияга да кеңири масштабда бажы төлөмдөрүн киргизүүгө чакырган. (Аль-Арабия)

Комментарий:

Батыш басма сөз каражаттарынын жазышынча, АКШ президенти Дональд Трамп Индияны кемсинтип, аны ачуулантып жиберген. Натыйжада Индия АКШ менен болгон мамилесин кайрадан карап чыгып, өз алдынча жолун жана өнөктөштөрүн издөө аракетин баштады. Бул өнөктөштөрдү ал Кытай менен Орусиянын арасынан табышы мүмкүн.

The New York Times гезити Трамп өзүнөн мурунку президенттердин Индия менен мамиле түзүүгө жумшаган аракеттерин текке кетирди деп жазды. Bloomberg агенттиги болсо Индия Вашингтонго каршы чыгып, Кытай жана Орусия менен байланышын чыңдай баштады деп белгиледи.

The New York Times кошумчалагандай, акыркы отуз жыл ичинде удаа келген америкалык президенттер Индия менен өнөктөштүк үчүн абдан чоң дипломатиялык ресурстарды жумшаган. Билл Клинтон эки мамлекетти «табигый өнөктөштөр» деп атаган; Кичүү Жорж Буш аларды «адамзат эркиндиги үчүн күрөштө бир туугандар» деп сүрөттөгөн; ал эми Барак Обама менен Жо Байден «АКШ менен Индиянын мамилеси бул кылымдагы эң маанилүү глобалдык келишимдердин бири» деп баа беришкен.

Индия аймагынын чоңдугуна жана калкынын көптүгүнө карабастан мурда да, азыр да көз каранды мамлекет боюнча калып келүүдө. Ал башында Британиянын көзөмөлүндө болуп, Британия өзүнүн дүйнөдөгү таасирин бекемдөөдө Индияны кеңири пайдаланган. Британия индиялыктарды өзүнүн согуштарында колдонуп, бул өлкөнү эки кылымдан ашык убакытка колония катары кармап келген. Ал тургай «жасалма көз карандысыздык» деп аталган учурдан кийин да Индия Британиянын таасири менен байланып турган. Британия бул өлкөдө бекем орношуп, өзүнө кызмат кылчу адамдарды жана байыркы саясий күч – Конгресс партиясын – түптөдү. Бул партия «көз карандысыздыктан» кийин Индияны башкарып, Индияны Британиянын «таажыдагы бермети» бойдон калтырды.

Кийин Британия алсырап калганда, Америка Кошмо Штаттары анын колонияларынан, анын ичинде Индиядан да, таасирин сүрүп чыгарууга киришти. Бирок алгач муну ишке ашыра алган жок, анткени Англия менен болгон байланышы өтө күчтүү эле жана Британиянын агенттери үстөмдүк кылып турган. Ошондуктан АКШ буддисттик ишенимди пайдаланып, диний партияларды бийликке жеткирүүгө аракет кылды. Ушундай жол менен ал үч жолу премьер-министр болгон Ваджпаи аркылуу «Бхаратия Жаната» партиясын колдоду. Ал партия Дели менен Вашингтондун мамилесин мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыгарды.

Бирок бул абал 2004-жылы жалпы шайлоодо «Бхаратия Жаната» партиясы утулуп, ордуна Британияга жакын Конгресс партиясы бийликке келгенден кийин өзгөрдү. 2010-жылы индия парламенти «Ядролук жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамды» кабыл алды. Бул мыйзам атомдук энергия станцияларын камсыздоочуларга ашкере чектөөлөрдү киргизип, АКШ менен анын компанияларын индиялык рынокко кирүүдөн тосуу максатын көздөгөн. Анын натыйжасында 2005-жылы АКШ менен түзүлгөн жарандык ядролук келишимди ишке ашыруу мүмкүн болбой калды.

Конгресс партиясынын өкмөтү кулап, Модинин партиясы бийликке келгенден кийин, Модиге алгач Америка Кошмо Штаттарынын аброюн индия элинин көзүндө оңдоо милдети жүктөлдү. Бирок ошол учурда АКШнын күтүүлөрү чоң эмес эле. Анткени Моди Конгресс партиясынан оор мурастарды алып калгандыгы эске алынган.

АКШнын Модиге шайлоо маалындагы колдоосу көңүлдү өзгөчө бурдурган. Анткени Модинин «жакшы көрсөтүү кампаниясы» Индиянын ичинде эле эмес, өлкөдөн тышкаркы кеңири индус уюмдарына чейин жеткен, айрыкча АКШда жашаган индустар арасында күчтүү жүргүзүлгөн. Аны бүтүндөй индиялыктардын лидери, бардык этникалык топтор менен иштөөгө даяр инсан катары таанытууга аракет кылышкан.

Модини колдогон уюмдардын ичинде Индия-Америкалык фонд жана Индия-Америкалык саясий аракет комитети болгон. Бул уюмдар түз же кыйыр түрдө «Бхаратия Жаната» партиясына байланышкан түзүмдөр менен, мисалы, Тышкы иштер бөлүмү жана «Чет өлкөдөгү Бхаратия Жанатанын достору» сыяктуу тармактар менен координация жана кызматташтык жүргүзгөн. Мындан тышкары миңдеген АКШда жана башка өлкөлөрдө жашаган индиялыктар да бул кампанияга катышкан. АКШ администрациялары тарыхый Конгресс партиясын четке сүрүп, анын ордуна өзүнө жакын күчтөрдү бийликке алып келүү үчүн абдан чоң аракет жасагандары тууралуу айтсак сөз узарып кетет.

АКШнын мурдагы Индиядагы элчиси Роберт Блэквилл 2015-жылдын январь айында Дели шаарында АКШ менен Индиянын мамилелери тууралуу сүйлөп жатып мындай деген:

«АКШнын алдыдагы эки жылдык Индияга карата стратегиясына токтолсок, менин оюмча биздин күтүүлөрүбүз эң жакшы дегенде да орточо болушу керек. Өткөн он жылдыктын башындагыдай чоң үмүт болбойт. Анткени бул премьер да, бул президент да АКШ менен Индиянын ортосунда олуттуу стратегиялык өзгөрүү жасай албайт. Ошондуктан алдыдагы эки жылда эки өлкөнүн ортосунда чыныгы стратегиялык өнөктөштүк болбойт».

Жогоруда айтылгандар АКШнын Индияда өзүнө ишенимдүү агенттер бийликте болушун камсыз кылуу үчүн болгон күчүн жумшаганын көрсөтөт. Ал тургай, мурда Пакистанда Наваз Шариф өкмөтү согушкерлерди көзөмөлдөй албай калганда, Первез Мушаррафтын төңкөрүшү менен аны кулатып, өзүнө ылайыктуу бийликти алып келген. Бул аракеттин натыйжасында Ваджпаи өкмөтү бийликтен кетип, анын ордуна Конгресс партиясы келген.

АКШ Пакистанды Индияга шылдыңдуу жеңилдиктерди берүүгө мажбур кылып, ар кандай аскерий, ядролук, технологиялык жана соода тармактарында Индия менен кызматташкан. Ошондой эле аны Кытайды курчоого алынган стратегиясына киргизген. Бул жолдо эң чоң тоскоолдук Индияда Конгресс партиясынын бийликте болушу болгон. Эми бул тоскоолдук жоюлуп, АКШ үчүн «Бхаратия Жаната» партиясын Кытайга каршы аскердик көңүл бурууга, Индия армиясын Пакистан чек арасынан Кытай чек арасына бурууга ынандыруу жеңил болуп калды. Мындан тышкары, АКШ Индияга  Афганистан ичинде мурда кыялда да болбогон ролду  берип койду.

Бүгүн Трамп Индиядан алып келинген товарларга бажы төлөмдөрүн 50%га чейин көтөрүүнү таңуулап жатат. Бул жерде бир аз токтолуп кетели: чындыгында, Индиядагы АКШнын агенттери кор болгондуктан ага эч качан каршы чыга алышпайт. Ошондой эле АКШ башкалардын абалына да, алардын кызыкчылыктарына да көңүл бурбагандыгы чындык. Бирок Трамптын администрациясы өзүнүн агенттери бийликтен кулап калышынан, буларга болгон таасири жоголушунан коркпойбу? Ошондой эле Кытайды курчоо стратегиясына зыян тийгизип алуудан чочубайбы?!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button