
УКМК ишенимине бекем мусулмандарга карата күрөшүн күчөтүүдө
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) динин бекем кармануучуларга каршы күрөшүн күчөттү. Маалымат каражаттары бир катар «якын инкар» жамаатына мүчө мусулмандардын үйлөрүндө тинтүү өткөрүлүп, алардын сотто өз көз караштарынан кайтканын жарыялаган видеолорду жарыялашты. Бирок алар кандай идеядан, эмне үчүн кайткандары тууралуу маалымат жок.
Комментарий:
Экстремизмге учурдагы мыйзамда “бийликти күч менен басып алууга аракет” катары аныктама берилген. А бирок, мунун Исламга эч кандай тиешеси жок экенине карабай, мусулмандар экстремизмге каршы күрөштүн бутасына айланып келет. Мындай көрүнүш коңшу Өзбекстанда да Каримовдун доорунда болуп өткөн. А бирок, экстремизм жана терроризм менен жалган айыптар менен миңдеген калыс мусулмандар камакка алынып, шахид болсо да өз ишенимдеринен кайтышкан жок. Ал эми, Каримов жана анын үй бүлөсү бул зулумдуктарынын жообун бул дүйнөдө эле алууга жетишишти.
Өкүнүчтүүсү, кыргыз бийлиги бул режимдин каталарынан сабак алуунун ордуна, мусулмандарды өз ишениминен кайтаруу жолуна түшүп алды. Алар өлкөдө авторитардык, диктатордук режим орнотууга аракет кылууда. Ал эми биздин динибиз зулумга унчукпоону инкар кылат. Ошондуктан ар кандай заалим диктатор, динди, дин кармануучуларды, даaвaтты тыйып, даaвaтчыларды сындырып коюуга аракет кылат!
Алар аңдабай жаткан нерсе, мусулмандардын позициясы бийлик ээлери карманган убактылуу пайдага негизделген эмес. Тескерисинче, мусулмандар жашоосундагы ар бир амалын ислам акыйдасына байлап аткарууга аракет кылат! Ал эми, биздин акыйдабыз дааватты фарз кылып белгилеген. Сахабалар да «жашоонун максаты — даават» деп билишкен. Абу Ханифа мазхабында да даават фарз. Ошондуктан даваттан кайтаруу, кайтуу арам. Тарыхта Аллахка, анын динине жана мусулмандарга каршы чыккан бир да падыша куткарылган эмес!




