Комментарий
Trending

Эшиктен чыгып, терезеден кирүү

Эшиктен чыгып, терезеден кирүү

Жаңылык:

АКШ президенти Трамп: «Эгерде Афганистан Баграм аскерий базасын кайтарбаса, жаман иштер болот»,-деп билдирди  (Рейтер).

Комментарий:

Америка дагы бир жолу дүйнө алдында текебердигин ачып койду. Дональд Трамптын Афганистан Баграм базасын кайтарбаса, «жаман иштер болот» деген эскертүүсү – анын мусулман өлкөлөрүнө кылып келген саясатынын мүнөзүн ачып берген колонизатордук үнгө дал келет. Мындай сөздөр – тең укуктуу, эгемен мамлекеттердин тили эмес, өлкөлөрүбүздү өз аскерий амбициялары үчүн майдан катары көргөн колонизатордун буйруктары. Бул Батыш саясатынын мажбурлоо, коркутуу жана жерибиздин эгемендүүлүгүн кордоо менен чагылдырылган колонизатордук ачык жүзү.

Американын Афганистанда база кайтарып алуудагы өжөрдүгү – анын мусулмандардын жерине таянып гана аскерий күчүн көрсөтө аларын айгинелейт. Мындай бекем базасыз Америка аймакты да көзөмөлдөй албайт, атаандаштарын да ооздуктай албайт. Баграм Афганистандын коопсуздугу үчүн эмес, Америка үстөмдүгү үчүн керек. Бул болсо мусулмандарды бөлүп-жаруу, Америкага баш ийип туруу  максатына кызмат кылат, ошондой эле жерибиз жана байлыгыбыз чет элдик кызыкчылыктар үчүн талап-тонолот.

Америка Афганистанда аскерий жеңилүүгө карабастан, саясий жеңилүүгө учураган жок. Ал 20 жыл бою Афганистандын байлыктарын изилдеди, бирок атайылап аларды өнүктүрбөй, «Талибанга» кыйроодон башка мурас калтырган жок. «Талибан» болсо үммөт менен биригип, Халифалыкты орнотуу деген исламий фарзды аткаруунун ордуна,  өзүн колонизаторлор чийип берген чек аралардын ичине камап, өлкөнү талкалаган колонизатордун өзүнөн легитимдүүлүк издөөгө аракет кылды!

Бүгүн Трамптын сөздөрү ушул чындыкты тастыктап жатат: Америка Афганистандан чыккан эмес, тескерисинче артында алсыз, чектелген жана тышкы күчтөрдүн оюнчугу сыяктуу көзкаранды мамлекетти калтырган. «Афганистан биз сунуш кылган нерселерге муктаж» деп моюнга алуусу жана Баграм базасынын стратегиялык маанисин баса белгилөө менен Вашингтон өз оккупациясы аяктаган эместигин, болгону формасын өзгөрткөнүн көрсөтүп жатат. Бул – колонизатордук саясаттын маңызы: талкалоо, чектөө жана кызыкчылык талап кылганда кайра кайтып келүү.

Маселе бир гана аскерий база тууралуу эмес, дүйнөлүк күрөш тууралуу: үммөттүн көз карандысыздыкка болгон умтулуусу менен Батыштын үстөмдүгүн сактап калуудагы өжөрлүгү. Биз мындай текебер коркутууларды четке кагышыбыз керек жана чыныгы эркиндик тышкы келишимдер же агент режимдер же куру ураандар аркылуу келбей турганын түшүнүшүбүз зарыл. Ал – Исламга биригүү менен, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Ошондо гана жерибиз корголот жана колонизатордук таасир түбөлүккө жок кылынат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button