Комментарий
Trending

Яхудий түзүмүнүн Катарга болгон чабуулу Аллах Тааланын сөзү акыйкат экенин далилдеди!

Яхудий түзүмүнүн Катарга болгон чабуулу Аллах Тааланын сөзү акыйкат экенин далилдеди!

﴿وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ﴾

«Жөөт жана насранийлер, сен алардын динине ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт». (Бакара:120-аят).

2025-жылдын 10-сентябрында (шаршемби күнү) яхудий түзүмү өзүнүн зулумдук жана үзгүлтүксүз агрессиясын күчөтүп, Газадагы кыргынды, камоолорду жана улантылып жаткан зомбулукту токтотуу үчүн сүйлөшүп жаткан ХАМАС кыймылынын өкүлдөрүнө чабуул жасады. Бул кол салуу Катар баш калаасы Дохада, алардын өз жеринде жасалды.

Комментарий:

Бул аскерий операция башка кол салуулардан же мусулмандардын өлкөлөрүнө жасалып жаткан тынымсыз бомбалоолордон бөлөк эмес. Ал үммөттүн ар-намысына жасалып жаткан жалган дооматтарды, башкача айтканда, «нормалдашуу» же «келишим түзүү» мусулмандын канына кол тийгизбейт деген жалганды ашкерелейт. Чынында болсо, мусулмандардын каны Батышка кызмат кылган бардык жерде төгүлүүдө. Бул «берилгендик» ураанын көтөргөн Булуң өлкөлөрүнүн өкүмдарлары болсун же «душмандык» ураанын көтөргөн Ирандын башкаруучулары жана алардын тарапташтары болсун айырмасы жок.

Эй Ислам үммөтү! Яхудий түзүмү Катарда (ал «жумшак ортомчулук» маскасын кийип алып, үммөттү бузук маалыматтык уктатуучу каражаттар менен уулап, мусулмандардын акчасын Америкага жана анын артындагы яхудий түзүмүнө кызмат кылууга жумшап жаткан өлкө) ХАМАСтын лидерлерин өлтүрүүгө аракет кылды. Мындан мурда аларды Иранда да (өзүнүн жасалма «каршылык соодасы» менен пайдаланып, андан соң кызыкчылыгына жараша таштап кеткен өлкөдө) бутага алышкан эле. Демек, бул бардык режимдер жана улуттук түзүлүштөр Аллахка, Анын Элчисине ﷺ  жана момундарга чыккынчылык кылуучулар. Баары тең баскынчылар менен бир дасторконду бөлүшүп отурушат.

Аллах Таала айтты:

﴿أَفَمَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَى تَقْوَى مِنَ اللَّهِ وَرِضْوَانٍ خَيْرٌ أَمْ مَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَى شَفَا جُرُفٍ هَارٍ فَانْهَارَ بِهِ فِي نَارِ جَهَنَّمَ﴾

«Анан бул курулуштарын Алладан коркуу жана Анын ыраазылыгынын негизине курган адам жакшыраакпы же курулуштарына жемирилип бара жаткан жар жакасын негиз кылып алып, ошол себептүү өзү да тозок отуна кулаган адамбы?» (Тообо: 109).

Бул тагут режимдери силер  батыштын тууларын, чек араларын жана Аллахтын өкүмүнө атаандашкан конституцияларын сактап жатып жаныңарды курман кылышыңар үчүн, алар өздөрүнүн медиа, мектеп жана университеттери аркылуу ондогон жылдар бою алардын символдорун силердин жүрөгүңөргө сүйүктүү жана ыйык кылып салып койгон. Бирок алар өз дининен жана үммөтүнөн да батыштын кызыкчылыктарын жогору койгон кызматчылардан башка эч ким эмес.

Аллах коомдордун абалын алар өзүлөрү өзгөртмөйүнчө өзгөртпөйт. Демек, көкүрөгүңөрдө жана акылыңарда бар болгон ой-пикирлерди өзгөрткүлө жана динди чыныгы өзгөртүү тарыйкаты менен тикелөө үчүн чын дилден аракет кылып жаткан момундар менен биргеликте иштегиле. Ошондо Аллах силердин абалыңарды өзгөртөт.

Эй улуулук үммөтүнүн уулдары! Динин дүйнөгө сатып жиберген өкүмдарлардан, силерди бөлүп-жарган улутчулдук жана картон чек аралардан жеңишти күтпөгүлө. Чыныгы жеңиш ушул жаныңарды эзип турган режимдерди четке кагып, толугу менен бул чыккынчы саясий чөйрөнү алмаштыруу жана чыныгы өзгөрүүнү ишке ашыруу менен гана келет. Ошондо Халифалык мамлекети орнотулат. Ал Исламды реалдуу турмушта аткаруучу институт болуп, бузукулук менен зулумду жоготот, силерди «Ла илаха илла Аллах, Мухаммадур-Расулуллах» роясынын астында бириктирет, жериңерди яхудийлерден, христиандардан жана алардын куйруктарынан бошотот. Жер бетинде Аллахтын шариатын орнотот жана пенделерди адамдардын кулдугунан куткарып, адамзаттын Раббисине кул кылат. Ошондо бул дүйнөдө бардыгына ырайым болот. Анткени азыркы дүйнөлүк түзүм элдерди зулум жана диктатурага дуушар кылып, аларды кордукка салып, кыйроого жеткирди жана адамдарды Аллахтан башка өздөрүнүн кумар-каалоолоруна кул кылып койду.

﴿وَلَيَنْصُرَنَّ اللَّهُ مَنْ يَنْصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Албетте, Алла Өзүнүн (динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып койот. Шексиз, Алла Күчтүү, Кудуреттүү». (Хаж: 40).

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button