Комментарий
Trending

Үйүн бузууга каршы чыккандар камакка алынды

Үйүн бузууга каршы чыккандар камакка алынды

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Көк-Жар жаңы конушунда мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу учурунда беш жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 26, 34, 36, 35 жана 60 жаштагы беш адам кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, 17 адам милицияга жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 128-беренеси “Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө” менен протокол түзүлдү.         Бишкек шаардык мэриясы аталган конушта мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Ал эми, конушка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтышууда.

Комментарий:

Тилекке каршы, расмий бийлик аталган жерлерди мыйзамсыз саткан аткаминерлерди жазалоонун ордуна, аларга алданган карапайым калкты жазага тартууда. Тартип орнотобуз деген шылтоо менен адамдарды тартипсиздиктерге түртүп жатышат. Бул сыяктуу өкүмзордук иштер үстүбүздөгү жылдын башталышы менен мамлекеттик кампанияга айланууда.

Ал эми, өкмөт калкты турак-жай менен камсыз кылуу жоопкерчилигин пайда табуучу долбоорго айлантып жатат. Мындан да кооптуу тарабы, мусулман калктын муктаждыгын шариятта арам болгон кредиттик саясатка байлап, ипотекалык үйлөр аркылуу капиталисттердин пайда табуусуна шарт түзүп берип жатат.

Мунун каршысында Ислам бийлик ээлерине калкты негизги муктаждыктын бири болгон турак жай, жер тилкеси менен камсыз кылууну милдет кылган. Ошондой эле, менчик мүлк мамлекет же жеке тарап үчүн болобу айырмасыз, кол тийгис болуп эсептелет. Буга Ибн Аббастын азирети Умарга жер тилкесин мечит үчүн бөлүп бербей соттошуусу ачык мисал боло алат:

“Умар (р.а)нун халифалык доорунда жергиликтүү жамааттын көбөйгөнүнө байланыштуу Алланын Элчисинин (с.а.в) мечитин кеңейтүүгө муктаждык пайда болот. Мындан улам, мечитке жакын жерлерди, үйлөрдү сатып алуу чечими кабыл алынат. Айланадагы мусулмандар бул чечимди кубануу менен кабыл алышат. Бир гана адам өз менчигиндеги жерди мечит үчүн бөлүп берүүдөн баш тартат. Ал пайгамбарыбыздын абасы ибн Аббас (р.а) болчу. Ошондо момундардын амири Умар (р.а) өзү ортого түшүп, сунушталып жаткан каражат аз болуп жатса көбөйтөөрүн жана курулушту тез арада бүткөрүү каалоосун айтат. Буга карабастан ибн Аббас сунуштан баш тартат. Натыйжада, Умар (р.а) казыга кайрылууга мажбур болот. Ошол учурда казы өзүнүн фикх илими менен белгилүү Убайй ибн Кааб (р.а) болчу. Халиф казыга кайрылып: “Мен мамлекет жетекчиси катары Аббаска жер тилкесин сатуусу үчүн базар баасынан кымбат каражатты сунуштадым. Ал каршылык кылуусун токтотуп, жерин сатуусу керек”, – дейт. Ал эми, Аббас (р.а) айтат: “Бул менин жеке менчик мүлкүм. Аны кымбат баага да, мечит үчүн берүүнү да каалабайм. Казы менен менчик укугумду мамлекеттен коргоп бериши керек”. Казы Убайй ибн Кааб эки тарапты уккан соң төмөнкү чечимди чыгарат: “Эч кимдин менчик мүлктү күч менен тартып алууга укугу жок. Бул мечитти кеңейтүү үчүн болсо да мүмкүн эмес. Аббастын мүлкү өзүндө калат. Эч ким, халиф дагы аны сатууга мажбурлай албайт”.

Тараптар эшикке бет алып баратканда, ибн Аббас казыга кайрылып сурайт: “Оо Убай, казынын өкүмү күчүнө кирдиби?”. Ал “ооба” деп жооп берген соң Аббас (р.а) айтат: “Андай болсо мени уккула, ушул мүнөттөн тарта жер тилкемди кайтарымсыз түрдө мечиттин кеңейүүсү үчүн тапшырдым. Ушул учурдан тартып менин жерим халифтин башкаруусуна берилди. Буга таң калган Кааб сурады: “Оо, Аббас! Беш мүнөт мурда жериңди кымбат баага сатууну каалабаган элең. Өкүм чыккан соң аны белекке берүүгө түрткү болгон нерсе эмне? Буга Аббас (р.а) мындай деп жооп берет: “Мен дүйнөгө Ислам менчик мүлктү канчалык коргоп берүүсүн көрсөтүүнү кааладым”.

          Демек, Ислам гана адилеттүүлүк менен калктын негизги муктаждыгын чечип, жеке мүлкүн толук коргоого алып берет. Ал эми, каапиталисттик түзүм пайдага негизделгендиктен капиталисттердин коопсуздугун коргоп, зыян жана жазаны карапайым калк тартат.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button