Күйүүчү май каатчылыгы узак мөөнөткө созулат

Күйүүчү май каатчылыгы узак мөөнөткө созулат
Кыргызстандын Министрлер Кабинети ички рынокту турукташтыруу максатында күйүүчү май импорттоочулардын чыгымдарын толтуруу механизмин ишке киргизүүдө. Мамлекет ар бир партиянын баасын, логистикалык чыгымдарды текшерүү жана уруксат берилген соода үстөгүн чектөө менен, нефтетрейдерлердин кымбат баадагы күйүүчү майды сатып алууга кеткен чыгымдарын жарым-жартылай кайтарып берүүнү көздөп жатат.
Бийликтин планы боюнча, бул чаралар тартыштыкты алдын алууга жана социалдык мааниге ээ күйүүчү майдын түрү болгон – АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин жана дизель майынын баасы өсүшүн ооздуктоого каратылган.
Сунушталып жаткан чаралар негизинен реактивдүү мүнөзгө ээ болуп, кризис көзөмөлгө алынганын көрсөтүүгө гана багытталган. Бул кадамдар тартыштыктын кесепеттерин бир аз жумшартканы менен, келечекте мындай кырдаалдын кайталанышына жол бербөө же баалардын туруктуу төмөндөшүн камсыздай турган системалык чечимдерди сунуштай албайт.
Негизги басым күйүүчү май менен камсыз кылууга жана импорттоочулардын чыгымдарын жарым-жартылай төлөп берүүгө жасалууда. Ал эми калк үчүн күйүүчү майдын жеткиликтүүлүгү ачык бойдон калууда. Бааларды эркин коё берген шартта, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 114 сомдун тегерегинде болушу мүмкүн деген билдирүү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
Мамлекеттик жөнгө салуу аракети азырынча баанын мындай деңгээлге чыгышына жол бербесе да, ушундай баанын коомчулукка ачык айтылышынын өзү эле рынок үчүн жаңы баштапкы чекти калыптандырууда.
Эгерде тартыштык бир айга же андан ашык убакытка созулса, рыноктун катышуучулары жана керектөөчүлөр акырындык менен жогорку бааларга көнүп калышы ыктымал. Бул болсо камсыздоо турукташкандан кийин күйүүчү майдын кризиске чейинки баага кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн кыйла төмөндөтөт.
Күйүүчү май базарынын тарыхы тастыктагандай, чекене баалар адатта өтө тездик менен өсөт. Тартыштык жоюлгандан кийин да, пайда табууга багытталган капиталисттик системада рынок жаңы баа деңгээлинде турукташып калат, ал эми баанын төмөндөшү анча-мынча гана өзгөрүүлөр менен чектелет.
Ошондуктан, азыркы кризис күйүүчү майдын убактылуу кымбатташына гана эмес, баалардын узак мөөнөткө өсүшүнө алып келүүсү ыктымал.
Андан тышкары, рынокту күйүүчү май менен ийгиликтүү камсыз кылган күндө дагы, анын кеңири экономикалык таасири сакталып кала берет.
Күйүүчү майдын баасы өндүрүш менен логистиканын дээрлик бардык баскычтарына таасирин тийгизет. Кымбаттаган күйүүчү май жүк ташуучулардын, айыл чарбасынын, өнөр жайдын жана соода тармагынын чыгымдарын көбөйтөт, бул болсо убакыттын өтүшү менен товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн басымдуу бөлүгүнүн баасына сөзсүз таасирин тийгизет.
Жыйынтыктап айтканда, сунушталып жаткан чаралар баанын өсүшүнүн түпкү себептерин жоюуга багытталбастан, көбүнчө саясий мүнөзгө ээ болууда. Жасалып жаткан чаралар кризистин кесепеттерин жумшартууга, ошондой эле тартыштыкты алдын алууга гана каратылган.
Кризис аяктагандан кийин да күйүүчү май менен камсыздоону туруктуу диверсификациялоо, рыноктогу атаандаштыкты күчөтүү жана негизсиз жогору баалардын узак мөөнөткө сакталып калышын чектеген натыйжалуу механизмдер түзүлбөсө, керектөөчүлөр мурдагыдан кыйла жогору болгон жаңы баага көнүүгө аргасыз болушат.
Абду Шүкүр




