Кыргызстан МАГАТЭнин өзөктүк тутумуна кошулууда

Кыргызстан МАГАТЭнин өзөктүк тутумуна кошулууда
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Өзөктүк же радиациялык кырсыктар болгон учурда жардам көрсөтүү жөнүндө Конвенцияга кошулуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул документ 1986-жылы Чернобылдагы кырсыктан кийин Венада кабыл алынган. Ал бир караганда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган техникалык кадам сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Анткен менен, сыртынан бейтарап көрүнгөн аракеттин артында, айрыкча суверенитет жана тышкы басым маселеси артында Кыргызстан үчүн олуттуу жана кооптондуруучу кесепеттер жашырылган.
Конвенциянын жоболоруна ылайык, эми Кыргызстан бардык радиациялык окуялар тууралуу МАГАТЭге гана эле эмес, башка мамлекеттерге да кабарлоого жана тыштан жардам кабыл алууга милдеттүү болот. Бул дегени, эгерде мурдагы уран объектилеринде кырсык чыкса же өнөр жай кырсыгынан экологиялык булгануу болсо, Кыргызстан ички маалыматтарды ачыктап, чет өлкөлүк адистерди, байкоочуларды жана текшерүүчүлөрдү өлкө аймагына киргизүүгө аргасыз болот. Кагаз жүзүндө мындай жардам ыктыярдуу деп айтылганы менен иш жүзүндө саясий кызыкчылыктарды көздөгөн ири эл аралык түзүмдөрдүн басымы өтө күчтүү болушу мүмкүн.
Советтик уран өнөр жайынын мураскери болгон Кыргызстандын айрыкча түштүк тарабында кооптуу калдыктар сакталган жайлар жана булганган аймактар бар. Эми алар дайыма байкоого алынышы, же болбосо тышкы күчтөрдүн көзөмөлүнө да түшүп калышы мүмкүн. Ар кандай радиациялык кырсыктар экологиялык гана эмес, саясий маселеге да айланып калышы ыктымал. Анын артынан маалыматтын сыртка чыгып кетиши, эл аралык билдирүүлөр, Батыш менен байланышкан ММКлар аркылуу басым жасоо ички туруксуздукка себеп болушу мүмкүн. Учурда бийлик маалымат мейкиндигин катуу көзөмөлдөп жаткан шартта мындай эл аралык милдеттенмелер сырткы күчтөргө эшик ачат: өкмөт эми кырсыктын кесепеттерин жашыра албайт же аны эл аралык кийлигишүүсүз өз алдынча жөнгө сала албай калат, бул болсо улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарына каршы болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, Конвенцияга кошулуу ички мыйзамдарды кайра карап чыгууга жол ачат. Эл аралык стандарттарды сактоо деген шылтоо менен Кыргызстандын экономикалык абалын, техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана инфраструктурасын эске албаган, залал алып келүүчү жоболор таңууланышы мүмкүн. “Жумшак күч” аталган ыкманы колдонуу менен экологиялык же гуманитардык маселелерди көтөрүү аркылуу өлкөнүн ички саясатына жана жөнгө салуу системасына чет элдик кийлигишүү башталат. Мындан да кооптонуучу жагдай, айрыкча өлкө ичинде саясий туруксуздук жаралса — “гуманитардык жардам” же “кырсыкты алдын алуу” деген шылтоо менен эл аралык күчтөрдүн активдүү катышуусуна шарт түзүлүшү мүмкүн.
Мунун алкагында “имплементация” деген түшүнүк бар. Бул эл аралык келишимдерди мамлекеттин ички укуктук жана башкаруу системасына киргизүү жана ишке ашыруу процесси. Башкача айтканда, мамлекет эл аралык конвенцияга кошулганы менен анын жоболору дароо күчүнө кирбейт. Алар ишке ашырылышы үчүн мамлекет төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
Конвенциянын жоболоруна ылайык келген мыйзамдарды кабыл алуу же өзгөртүү;
Бул жоболорду ишке ашыруучу мамлекеттик органдарды — министрликтерди, агенттиктерди, кызматтарды түзүү же кайра куруу;
Жардам кантип жана ким тарабынан сураларын, эл аралык уюмдарга ким маалымат берерин аныктаган жол-жоболорду бекитүү.
Демек, имплементация — бул “эл аралык тилдеги” келишимдерди мыйзамдарга, жоболорго, нускамаларга, бюджеттерге жана ведомстволор аралык координацияга айландыруу процесси. Имплементация болбосо, эл аралык келишим кагаз жүзүндө калат да, өлкөнүн ички турмушуна таасир этпейт.
Конвенция өзү түздөн-түз коркунучтуу эмес болуп көрүнөт, бирок анын имплементациясы азыркы эл аралык практикада кооптонууну жаратат. Кыргызстан — ресурстары чектелүү жана геосаясий абалы оор болгон чакан өлкө. Аны эл аралык милдеттенмелердин системасына аралаштыруу, анда тышкы кызыкчылыктар улуттук кызыкчылыктардан үстөм болгондо, акырындык менен суверенитетти жоготууга алып келиши мүмкүн. Гуманитардык ураандар жана өз ара жардамдашуу формулаларынын артында башкаруу жана басым көрсөтүү механизмдери жашынып турат, алардын жардамы менен радиациялык коопсуздук сыяктуу тармактар да саясий оюндардын куралы болуп калышы мүмкүн.
Тышкы иштер министрлиги МАГАТЭге жөнөтө турган “кошулуу грамотасы” бул өлкөнүн ички процесстеринин көзөмөлүн чет жакка өткөрүп берүүнүн дегенди билдирет. Мындай документтерге кол коюу менен мамлекет өзүнө милдеттерди гана эмес, тобокелдиктерди да алат. Алардын кесепети кандайдыр бир кырсык саясий кризиске айланып кеткенде, же тышкы жардам басымы алардын куралына айланып кеткен учурда билиниши мүмкүн.
Ошентип, өзөктүк Конвенция сыяктуу эл аралык келишимдерге кошулуу бул дүйнөлүк жоопкерчилик жана жакшылык катары көрсөтүлгөнү менен, чындыгында бул башкаруунун глобалдык системасынын бир бөлүгү. Заманбап эл аралык укук, айрыкча коопсуздук, экология жана адам укуктары тармактарында, глобалдык капитализмдин архитектурасынын бир бөлүгү болуп калды. Анын артында универсалдуу нормалар жана гуманисттик максаттар атына жамынган алсыз мамлекеттерге көзөмөл жүргүзүүчү механизмдер жатат. Технологиялар, стандарттар, укуктук милдеттер, кызматташуу жол-жоболору — мунун баары сырткы борборлорго, айрыкча ресурстарга жана саясий таасирге ээ болгон күчтөргө көз карандылыкты жаратат. Каатчылык маалында бул милдеттенмелер өлкөнүн эркиндигин чектей турган, “жардам” көрсөтүү деген шылтоо менен ички иштерге кийлигишүүгө жол ача турган рычагга айланып кетиши мүмкүн. Демек, эл аралык укук эч качан бейтарап боло албайт. Ал учурдагы дүйнөлүк державалар кызыкчылыгына иштейт, анда айрымдар эрежелерди жазса, калгандары аларга баш иет.
Абду Шүкүр