Макала
Trending

Экономика салык жана төлөмдөрдү көбөйтүү менен эмес өндүрүштү жолго коюу менен өнүгөт

Экономика салык жана төлөмдөрдү көбөйтүү менен эмес өндүрүштү жолго коюу менен өнүгөт

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 22-августтан тарта эл ташып, такси кызматын көрсөткөн айдоочулар милдеттүү түрдө лицензия алышы керектигин эскертти. Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат. Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия 22-августтан тарта бериле баштайт. Акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом. Тийиштүү уруксаты жок айдоочу ишкердик кылса 7 жарым миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат. Ошондой эле, оң рулдуу автоунааларга такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат жана 22-августтан тарта рейддер башталат.

Мындан тышкары, 1-сентябрдан тарта ОСАГО полисин милдеттүү түрдө алуу жөнүндө мыйзам күчүнө кирип, унаасын камсыздандырбаган айдоочуларга 3 000 сом өлчөмүндө айып салына баштайт.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан бюджетинин 75%ы салык жана атайын төлөмдөр аркылуу толтурулат. Ал эми, өкмөт ураалап жаткан Ички дүң өндүрүштүн көрсөткүчү негизинен инфляция жана өлкө байлыгын ташып кеткен капиталисттердин каражаты себептүү өсүп жатат. Курулуштар чет элдик карыздар жана “кустурузация”дан түшкөн каражаттар аркылуу жүрүп жатса, жолдорубуз калктын ар бир литр күйүүчү май үчүн төлөгөн салыгына курулууда.

Ал эми, жогоруда айтылган төлөмдөр карапайым калктын чөнтөгүнө түздөн түз тийген жүк болуп, ансыз да кымбатчылыктан кыйналып жаткан элдин эзилүүсүнө себеп болот.

Түпкүлүгүндө, мамлекеттин экономикасы оор өнөр жайга негизделип, алтын-күмүш акча стандартына жана өндүрүштүк экономикага таянган түзүм менен гана өнүгөт. Күчтүү өнөр жай түзүү үчүн аскердик өнөр жайга көңүл буруу зарыл. Мисалы, АКШ жана Кытай дүйнөдөгү өнөр жай державалары, анткени алардын аскердик өндүрүшкө багытталган саясаты бар. АКШ өнүккөн «стелс» учактарын, жогорку деңгээлдеги компьютерлерди жана космостук технологияларды чыгарат. Германия менен Жапония Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы аскердик өндүрүш багытынын артынан бүгүнкү күндө өнүккөн автоунаа, бронетехника жана реактивдүү кыймылдаткыч тармактарына жетишкен. Аскердик жана космостук технологиялар керектөөчү товарларда жана кошумча продукцияларда көптөгөн инновациялардын булагы болуп саналат. Мисалы, үй тиричилик жана электр шаймандары, телефон технологиясын колдонуу, үй шаймандарын башкаруу үчүн интернет системаларын пайдалануу, мунун баары аскердик жана космостук тармактардан чыккан технологиялык жетишкендиктер. Ал эми, салык жана төлөмдөр тескерисинче калктын аракет-жөндөмүн чектеп, жеке муктаждыгын да кандыра албаган абалга кептейт.

Мындан тышкары, Исламдагы алтын жана күмүшкө таянган акча системасын колдонуу жергиликтүү валютаны туруктуу кылат жана учурда болуп жаткандай инфляциянын өсүшүнө жол бербейт. Мындай система менен мамлекет колонизаторлуктун куралы болгон эл аралык каржы уюмдарына да, тышкы карызга да муктаж болбойт. Демек, кыргыз коому Исламды жеке адамга гана тиешелүү маселени чечип бере турган дин катары эмес, бүгүнкү салыккор, ачкөз капиталисттик түзүмгө альтернатива боло ала турган, коомдун бакубат жашоосун кепилдей турган идеология катары үйрөнүшү керек. Исламда кен байлыктар жана мамлекеттин негизги кызматтары умумий мүлк болуп саналат жана менчиктештирүүгө тыюу салынат. Алардан түшкөн киреше Үммөттүн пайдасына бөлүштүрүлөт. Риба жана монополия арам кылынат, байлыктын аз гана катмардын колунда топтолуп калышына жол берилбейт. Үммөттүн байлыктары дүйнөлүк байларга кызмат кылууга эмес, мусулмандардын муктаждыктарын канааттандырууга жумшалат.

Ислам ар кандай салык түрлөрүн жана төлөмдөрдү карапайым калктан чогултууга тыюу салат. Тескерисинче, байлардан зекет чогултуп, аны өзүнүн шариаттагы чыныгы багыттарына жумшоону камсыздап берет. Ушунун өзү эле Үммөттүн негизги муктаждыктарын карызсыз жаап берет. Ушундай болгон соң, бүгүнкү зулумдук түзүмдөн кутулуп, өз Исламыбыз менен толук жашоого жана аны башкаруунун бардык тармагына колдонууга аракет кылышыбыз керек.

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button