
Айдоочуларга коопсуздук куру үчүн бир аптада 400 миллион сомдук айып салынды
Кыргызстанда соңку бир аптанын ичинде коопсуздук курун тагынбаган 400 миңден ашык айдоочу жана жүргүнчү аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 7-октябрда маалымдады.
Маалыматка ылайык, 1-октябрдан тартып “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында жолго орнотулган камералар коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аныктай баштаган. Мындай учурда унаа ээсине 1 миң сом айып салынат. Натыйжада 400 миң учур үчүн 400 миллион сомдук айып пул чегерилди. Эгерде, айдоочулар бир ай ичинде айып пулду төлөөгө жетишсе, 300 сом менен кутулуусу мүмкүн. А бирок, ар бир айып пулдун 217 сому келишимге ылайык Орусиянын “Вега” компаниясына тапшырылмакчы.
Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 12 миң камера орнотулган. Ал эми “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында шаар, айылдарда 25 миңдей камера иштеп, министрликтин борбордук тутумуна кошулду.
Жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы ишке түшүп, долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган. Ал эми, Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору быйыл 16-сентябрда толук иштей баштады. Өткөн жылдын декабрь айында шаар бийлиги сынак жарыялап, ага орусиялык “Мегафон” компаниясы жалгыз катышып, жеңүүчү болгон. Компания кызматы үчүн беш жыл ичинде 2,5 млрд сом киреше табууну көздөп жатат. Мындан белгилүү болгондой, айып пулдардан түшкөн каражаттын негизги бөлүгү карапайым калктын жон терисинен алынып, баскынчы Орусиялык компанияларга агылып кетүүдө.
Белгилей кетсек, “Вега” компаниясы СССР учурунда аскерий изилдөө институту болгон жана 2004-жылы кайра негизделген. Соңку жылдары “Вега” радиокуруу концерни негизинен Орусиянын Коргоо министрлиги, Федералдык коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги менен көбүрөөк иштешип келет. Демек, Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору эч кандай жол коопсуздугу же жарандар коопсуздугу үчүн киргизилген эмес. Бирок, аткаминерлерибиз арзыбаган акчага азгырылып, тендер жарыялоо менен, мамлекетти ири державалардын кучагына салып берди. Муну менен Орусиялык компаниялар материалдык гана пайдага жетишпестен, өлкөдөгү негизги маалымат булактарына да жол ачып алды. Андыктан, карапайым калктын жонунан кайыш тилүүгө, өлкөнүн “Коопсуз шаар” шылтоосу менен Орусиянын таасири астында калып кетүүсүнө каршы турушубуз керек.
Мумтаз Маверанахрий