Макала

АКШ Борбор Азияны кайрадан изилдеп жатат

АКШ Борбор Азияны кайрадан изилдеп жатат

АКШ Ооганстандагы аскердик жайгашуусун кайра жандандыруу аркылуу Борбор Азиядагы көзөмөлүн тикелөөгө аракеттенүүдө. Президент Дональд Трамп, Баграм авиабазасын кайрадан өз көзөмөлүнө кайтаруу ниетин билдирди. Баграм авиябазасы стратегиялык мааниге ээ. 2021-жылы АКШ аскерлери авиябазаны калтырууга мажбур болушкан. Расмий түрдө учурда “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөр алгачкы баскычта экени айтылууда. Кабул чет өлкөлүк аскерлерди жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн азырынча четке кагып жатат. Бирок АКШ гуманитардык жана саясий каналдарды колдонуу менен бейрасмий маекти баштап койду.

Учурда Вашингтон Россия, Кытай, Индия жана башка ири саясий оюнчулар активдешип жаткан аймакта кайрадан таяныч чекитине ээ болууну көздөп жатат. АКШ, Ооганстанды геосаясий көзөмөлдүн негизги элементи катары эсептеп келген.

Ооганстан аркылуу өзгөчө мааниге ээ болгон траспорттук коридорлор өтөт. Анын ичинде «Бир алкак — бир жол» маршруту, ошондой эле Борбордук, Түштүк жана Батыш Азияны байлаган  жолдор өтөт.

Аскер жана саясий эксперттердин айтымында, Баграм базасына кайтып келүү менен АКШ, чалгындоо жүргүзүү, контртеррордук операцияларды аткаруу жана атаандаштарына түздөн-түз басып кирүүсүз басым жасоо мүмүкүнчүлүктөрүнө ээ болот. Бул база аймактагы кырдаалды көзөмөлдөөдө жана атаандаштардын логистикалык долбоорлоруна таасир этүүдө таяна турган чекитке айланышы мүмкүн.

Талибдердин ачык түрдө каршы чыгышына карабастан, АКШ Талибан менен келишимге келиши толук ыктымал. Мунун ордуна АКШ Ооганстандын активдерин ачууну же санкцияларды алып салууну тартуулайт. Ошентип, АКШнын аракеттерин, ийкем саясий жана аскерий ыкмалар аркылуу, Борбор Азияны кайрадан экспансиялоо стратегиясына кайтуу катары бааласак болот.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button