Макала
Trending

АКШ жана Россия Армения менен Азербайжандын тагдырын кантип чечүүдө?

АКШ жана Россия Армения менен Азербайжандын тагдырын кантип чечүүдө?

2025-жылдын 8-августунда Армения менен Азербайжандын ортосунда баштапкы тынчтык келишимине кол коюлду.  Кезектеги согуш аракеттерин токтотуу боюнча декларацияга кол коюу жараяны Дональд Трамптын согуштарды ооздуктоо багытындагы саясий упай топтоо аракеттеринин  бири болуп калды. Тагыраагы, ал жан үрөгөн тынчтык сыйлыгын алуу жолундагы кезектеги жеңишке айланды. Бул окуя Түштүк Кавказдын жаңы геосаясий баскычында да бурулуш учур болуп калды.

Кол коюу аземи Ак үйдө өтүп, ага АКШ президенти Дональд Трамп катышты. Ал Армения менен Азербайжан бардык тирешүүлөрдү токтотууга, соода, туризм жана дипломатиялык байланыштарды ачууга, ошондой эле бири-биринин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого умтулуп жатканын баса белгиледи. Трамп ошондой эле АКШ эки өлкө менен энергетика тармагында кызматташуу боюнча келишкенин, ал эми Вашингтон Армения менен Азербайжан аркылуу транзиттик коридорду өнүктүрүү үстүндө иштей турганын билдирди. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев өз кезегинде мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдирди.

Сыртынан караганда тынчтыкты чагылдырган бул келишим, иш жүзүндө Түштүк Кавказ сыяктуу стратегиялык маанидеги аймакта чоң державалардын жаңы саясий күрөшүнүн башаты болуп саналат. Бул келишимге кол коюу жараяны, тилекке каршы, чырдын аякташын айгинелебейт. Тескерисинче, бул окуя АКШ, Россия жана Кытай сыяктуу ири державалар үчүн саясий оюндар талаасын кеңейтип берүүдө. Ар бир оюнчу бул аймакта өзүнүн саясий, экономикалык жана стратегиялык кызыкчылыктары үчүн күрөшө берет.

Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабах боюнча жаңжал тарыхы XIX кылымда тамырлашып, акыркы ондогон жылдарда СССРдин ыдырашынан кийин кайра күчөгөн. Тарыхта бул жерлерде армяндар да, азерилер да жашап, бир кезде Осмон халифатынын курамында болгон. 1991-жылы (СССРден) көз карандысыздык алгандан бери жаңжал жергиликтүү кагылышуулардан тартып, 1992-1994-жылдары толук масштабдуу согушка айланган. Ал эми 2020-жылы согуш кайрадан курчуган. Аймакта стратегиялык таасирге ээ Россия расмий түрдө ортомчу жана Армениянын коопсуздугун кепилдөөчү оюнчу болууга аракет кылды. Бирок Түркиянын Азербайжан тарапта түздөн-түз кийлигишүүсү жана АКШнын колдоосу саясий картаны өзгөрттү.

Россия өзүнүн салттуу ыкмасына ылайык аймактагы таасирин сактап калуу үчүн “тоңдурулган жаңжалдарды” колдонууну уланта берет. Кремл жанжалдарга чекит коюуга эмес, өзүнүн кво-макамын сактоого кызыкдар, анткени бул ага ар дайым  ортомчу болууга жана “туруктуулуктун кепили” болууга шарт түзөт. Мындай стратегия Россияга тынчтык орнотуучулар, аскерий базалар жана экономикалык басым аркылуу кырдаалды көзөмөлдөөгө, ошондой эле аймак өлкөлөрүнүн анын таасиринен толук чыгышына жол бербөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жагынан “тоңдурулган жаңжал” Кремлдин колундагы көзөмөл куралы болуп эсептелет. Эгер, анын кызыкчылыктарына кандайдыр бир зыян жете турган болсо “тоңдурулган жаңжалдарды” жибите коюп, өз максатына колдонот. Бирок Түркия менен АКШнын Азербайжандагы таасири өсүп жаткандыктан, Россиянын позициясы алсырап, Москвада тынчсыздануу пайда болууда. Позициясын жоготуу Кремлди сөзсүз түрдө өч алууга түртөт, ал саясий жана аскерий манипуляциялар аркылуу үстөмдүгүн кайтарууга аракет кылат.

АКШ болсо, тескерисинче, энергетикалык хаб катары стратегиялык мааниге ээ жана Россияны чектөө саясатында маанилүү бөлүк болуп эсептелген Азербайжанды активдүү колдойт. Вашингтон узак убакыттан бери Азербайжанды Москвага каршы аймактык өнөктөш катары колдонуп келет жана Европага энергия жеткирүү жолдорун диверсификациялоого басым жасайт. Акыркы мезгилде АКШ Азербайжанды Авраам келишимдерине интеграциялоо идеясын ачык колдоп, бул аркылуу аймактагы таасирин жана көзөмөлүн күчөтүүгө умтулууда. Ошентип, АКШ Азербайжанды Россиянын таасирин азайтууга багытталган стратегиясынын негизги элементи катары көрөт.

Түркия болсо, Азербайжанды колдоо менен бирге АКШга да ыңгайлуу саясат жүргүзүп, Кавказдагы таасирин кеңейтүүгө умтулат. 2020-жылкы согуш Түркиянын Азербайжан үчүн канчалык маанилүү өнөктөш экенин көрсөттү. Анкаранын стратегиялык максаты — Түштүк Кавказ жана Борбордук Азияда таасирин күчөтүү, ошондой эле Зангезур коридору сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорго катышуу. Бул коридор ресурстар менен товарларды ташуу үчүн жаңы маршруттарды ачып, Азербайжан жана Түркмөнстан менен экономикалык байланышты жакшыртат.

Иран болсо, Түркия менен АКШнын аймактагы таасиринин кеңейишинен кооптонуп, Арменияны колдоону улантат. Иран үчүн Түштүк Кавказ маанилүү буфердик аймак. Бул жерде Түркия же АКШнын таасиринин күчөшү анын ички туруктуулугуна жана саясий коопсуздугуна коркунуч жаратат. Иран ошондой эле анын аймагын айланып өтүүчү жаңы энергетикалык жолдордун пайда болушунан тынчсызданат, анткени бул анын транзиттик мамлекет катары стратегиялык маанисин солгундатат.

Кытай болсо, Түштүк Кавказды “Бир алкак — бир жол” стратегиясынын негизги бөлүгү катары карайт. Аймактагы инфраструктура жана энергетикалык долбоорлордун өнүгүшү Кытайга Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азияда таасирин күчөтүүгө, жаңы соода жана энергетикалык маршруттарды түзүүгө шарт түзөт. Бул анын эл аралык аренадагы ролун бекемдейт.

Мына ушундай шартта Армения менен Азербайжандын ортосундагы баштапкы тынчтык келишимине кол коюлушу — бул узак мөөнөттүү геосаясий оюндун алдын ала жыйынтыктары десек туура болот. Конфликтти толук чечүү үчүн негизги оюнчулардын кызыкчылыктарын эске алуу зарыл. Расмий түрдө согуш аракеттери токтотулганына карабастан, бул аймакта мындан ары тирешүүлөр болбойт дегенди билдирбейт. Тескерисинче, Армения менен Азербайжандын ортосундагы, ошондой эле Зангезур коридору боюнча жаңжал таасир талашуудагы күрөштүн булагы бойдон калат, анда ири державалардын кызыкчылыктары кагылышат.

АКШ, Түркия жана Кытай аймактагы позицияларын чыңдоону улантат. Россия болсо, расмий түрдө тынчтык орнотуучу болуп көрүнгөнү менен, реалдуу түрдө жеңилген тарап катары татаал абалда калып, стратегиялык үстөмдүгүн кайтарууга аракет кылат. Иран да өз кызыкчылыгын коргоп, Арменияны колдоону жана Түркия менен АКШнын таасирин чектөөнү улантат. Бул өлкөлөр үчүн Түштүк Кавказ — баалуу стратегиялык аймак, жана ар бири аны көзөмөлдөө үчүн, анын ичиндеги бүтпөс жаңжалдарды өз кызыкчылыктарына колдонушат.

Ошентип, Армения менен Азербайжан сыяктуу мамлекеттер өз-ара чырларын ири державалардын кызыкчылыктары үчүн салып беришип, тышкы күчтөрдүн курмандыгы бойдон кала беришет. Бул өлкөлөр үчүн дайымий туруктуулук дагы эле күмөндүү бойдон калууда, ал эми алардын сырткы таасирлерге көз карандылыгы ички жана тышкы саясатын аныктаган негизги фактор бойдон калууда.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button