
Американын Өзбекстанга достугунун баасы
АКШ президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттары менен Өзбекстан ортосунда чоң көлөмдөгү соода-экономикалык келишим түзүлгөнүн жарыялап, аны “тарыхый кадам” жана Борбор Азия менен болгон эң ири келишимдердин бири деп атады. Трамптын айтымында, Өзбекстан алдыдагы үч жылда АКШдан дээрлик 35 миллиард долларлык товар жана кызмат сатып алат жана инвестиция салат. Ал эми кийинки он жыл ичинде бул сумма 100 миллиард доллардан ашат. Расмий билдирүүдө энергетика, авиация, автоунаа тетиктерин өндүрүү, санарип технологиялары, айыл чарба жана инфраструктура сыяктуу стратегиялык тармактардагы кызматташтык тууралуу сөз болору айтылууда. Президент Трамп, бул келишимди Американын экономикасына болгон ишенимдин кайтып келиши жана “Америка баарынан биринчи” деген саясий ураанынын ийгилиги катары көрсөттү.
Өзбекстан болсо бул келишимди Мирзиёевдин дипломатиялык жетишкендиги катары сыпаттап, аны АКШ рыногуна чыгуу, технологияларга жетүү жана дүйнөдөгү эң ири экономика менен өнөктөштүктү кеңейтүү катары тартуулап жатат. Бирок бул сандар менен дипломатиялык сөздөрдүн артында ачык теңсиздик жатат. Эл аралык Валюта Фондунун баалоосу боюнча, 2025-жылы Өзбекстандын ички дүң продукциясы болжол менен 100–120 миллиард долларга жетет. Бул аталган 100 миллиард долларлык “инвестициялар” өлкөнүн жылдык экономикасынын көлөмүнө барабар дегенди билдирет. Мындай ири суммадагы каражаттар тышкы карыздарсыз, насыяларсыз же башка түрдөгү финансылык көз карандылыксыз ишке ашуусу мүмкүн эмес. Балким, Өзбекстан бул милдеттенмелерди сейрек кездешүүчү металлдар менен төлөөгө аргасыз болот. Демек, Өзбекстан бул келишимде инвестор эмес, АКШ продукциясына суроо-талапты камсыз кылган кардар катары каралууда. Ал эми жумуш орундарын жана ала турчу пайданы өзүнө эмес, Америка жана анын ишчилерине түзүп берүүдө.
“Инвестиция” деген шылтооор аркылуу, иш жүзүндө чоң көлөмдөгү импорттук сатып алуулар жүргүзүлүүдө. Boeing компаниясы менен миллиарддаган долларлык келишимдер, америкалык жабдууларды жана программалык чечимдерди сатып алуулар буга мисал. Бул Өзбекстандын өнөр жайын өнүктүрүүгө салым болчу инвестиция эмес, тескерисинче, даяр технология жана товар түрүндө америка капиталынын экспорттолуусу. Албетте мунун баарын өзбек тарап төлөйт. Бул көрүнүш АКШнын неоколониялдык экономикалык саясатына мүнөздүү. Капиталисттик борбор өз пайдасын колонияларынын эсебинен табат, аларга саясий колдоо жана базарларга кирүү мүмкүнчүлүгүн берип, экономикалык көз карандылыкка батырат.
Саясий жактан караганда бул келишим АКШ үчүн сөзсүз түрдө пайдалуу. Мындан мурда Россия жана Кытай үстөмдүк кылып келген аймакта, бул келишимдер Вашингтондун таасирин күчөтөт. Ошол эле учурда АКШны дүйнөлүк оюн эрежелерин аныктаган күч катары көрсөтөт жана Трамптын администрациясын “пайдалуу келишимдерди түзө ала турчу” күч экенин далилдейт. Ал эми Трамп үчүн, бул анын “America First” деген саясатынын иш жүзүндөгү эң жакшы мисалы болот. Тактап айтканда, башка мамлекеттер өз капиталын АКШ экономикасына жумшап, аны бекемдейт.
Президент Мирзиёев үчүн бул келишим Вашингтондун көңүлүн алуу, АКШнын инвестициялык каналдарына кирүү жана аймактык реформатор катары эл аралык беделин бекемдөө аракети. Бирок Өзбекстандын тобокелдиктери даана көрүнүп турат: мындай көлөмдөгү инвестицияларды реалдуу финансылык булактарсыз убадалоо, өлкөнүн экономикалык туруктуулугуна болгон ишенимин кыйла силкинтет. Мындан тышкары, бул келишим Өзбекстандын тышкы саясий көз карандысыздыгын алсыратат жана аны АКШнын саясий басымынын алдында ачык калтырат.
Эл аралык саясий–экономикалык көз караштан алганда, мындай келишимдер көп учурда жумшак баскынчылыктын куралы катары иштетилет. Тактап айтканда, эч кандай түз аскердик аралашуусуз эле, карыз жана технологиялык көз карандылык аркылуу колонизациялоо ыкмасы. АКШ көп миллиарддаган буйрутмаларды алуу менен өзүнүн өнөр жайын жана финансылык секторун чыңдап жаткан учурда, Өзбекстан келишимдик милдеттенмелер менен саясий күтүүлөрдүн ортосунда өзүн чоң тобокелдикке салууда. Мунун баасы албетте кымбат, анткени Өзбекстан дагы бир баскынчынын колониясына айлануу коркунучунда турат.
Ошентип, модернизация жана өнөктөштүк катары көрсөтүлүп жаткан бул келишимдер, чындыгында Өзбекстандын ресурстарын тоноо ыкмасы. Ал эми Америка, муну өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтүүчү саясий курал катары иштетпей койбойт. Кыска мөөнөттүү багытта, бул эки тарап үчүн саясий упай алып келиши мүмкүн, бирок узак мөөнөттө Ташкенттин экономикалык көз карандылыгын бекемдеп, аны АКШнын Борбор Азиядагы геосаясий долбоорунун бөлүгүнө айлантат. Ошондуктан, Трамп жарыялаган “ийгилик” чыныгы өз ара өнөктөштүктүн белгиси эмес, бул жаңы экономикалык баш ийдирүү баскычы. Анда сандар жана дипломатиялык жылмаюулар эски колониялдык капитализмдин мыйзамын жашырып турат. Баскынчынын пайдасын ар дайым колония мамлекет өз эмгеги менен каржылап кала берет.
Абду Шүкүр




