Макала
Trending

Атайын кызмат элдин көңүлүн өздөрүнөн башка жакка кантип бурууда? 

Атайын кызмат элдин көңүлүн өздөрүнөн башка жакка кантип бурууда? 

Жогорку Кеңештин “укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети”, Кылмыш-жаза кодексинин кыйноо тууралуу 37-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. Өзгөртүүлөрдү киргизүү УКМК (Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) тарабынан демилгеленген. Өзгөртүүлөр кыйноону колдонгондорду жазага тартуу алкагын кеңейтет. Мамлекеттик кызматтагылардан тышкары, расмий кызмат өтөп жаткан — мугалимдер, медицина кызматкерлери, сакчылар, педагогдор кирет.  Башкача  айтканда, башкалардын үстүнөн бийликке ээ болгон бардык адамдар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Биринчи караганда бул долбоор адам укуктарын сактоого жана эл аралык милдеттерди аткарууга багытталган кадамдай сезилет. Бирок маселени жакшылап талдаганда, бул аракеттер чыныгы кыйноого каршы эмес, укуктук реформаны имитациялоого багытталганы билинет. Бул жөн гана системдик бузукулукка жана атайын кызматтардын кылмышынан калктын көңүлүн башка жакка буруу аракети. Дал ушул өзгөртүүлөрдү тартуулап жаткан улуттук коопсуздук орган кызматкерлери, зордук-зомбулук, кыйноо жана мажбурлоо фактылары менен таанылган. Алар бул ыкмалар аркылуу, бейкүнөө адамдарга кылмыш иштерин жүктөп келишкен. Ошентсе да, алар кайрадан көңүл борборунан сыртта калууда.

Бул өзгөртүүлөр жоопкерчиликти кеңейтүү сыяктуу элес жаратса да, чындыгында коомчулуктун жана укук коргоочулардын көңүлүн төмөнкү баскычтагы аткаруучуларга бурат. Интернаттагы тарбиячылар же психиатриялык мекемелердеги санитарлар кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан учурда, кыйноолордун чыныгы уюштуруучулары — күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери — системанын жабыктыгынан пайдаланып, жогорудан көрсөтүлүп жаткан саясий колдоо менен жашырынып кала беришет.

Өзгөртүүнүн демилгечилери, БУУнун кыйноого каршы комитетинин жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун баяндамаларын жүйө катары келтиришүүдө. Бирок БУУнун регулярдуу сунуштары биринчиден  күч органдарынын иш-аракеттерине тиешелүү. Тагыраагы алардын коомдун көзөмөлүсүз, көз карандысыз, башка тараптан көзөмөлдүн жоктугуна жана жоопко тартуучу механизмдердин иштебегендигине тиешелүү. 

Бул кырдаалды өзгөртүүнүн ордуна, күч органдары өздөрүнө тиешеси жок, бүдөмүк демилгелерди сунуштап жатат. Бул иштер реалдуулукту күңүрттөтүп жатат жана “укуктук демилгенин” көрүнүшүн гана пайда кылууда. Бирок ошол эле учурда чыныгы зомбулук системасы өзгөрүүсүз калып жатат.

Өлкөдө бийлик алмашкандан бери атайын кызматтар өз позициясын кыйла бекемдеди. Зомбулук жана коркутууга негизделген ыкмалар мурдагыдан да системалуу жана ачык болду. Мурда бул аракеттер уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш деген ураан менен жашырылса, азыр антикоррупциялык күрөш негизги шылтоого айланды. Бирок иш жүзүндө бул ыкмалар көбүнчө бизнес бөлүштүрүүдө, атаандаштарды жок кылууда, диний жамааттарга жана идеологиялык оппоненттерге каршы колдонулууда. Тартип орнотуу деген шылтоо менен диктатордук түзүлүш калыптанууда. Анда, бийликтин кызыкчылыктарына терс келген ар кандай нааразычылыктар, мамлекетке коркунуч катары кабыл алынат. 

Айрыкча коркунуч туудуруп жаткан жагы — мунун баары тышкы колонизаторлорго болгон көз карандылык күчөп жаткан шартта жүз берүүдө. Анткени колонизаторлор үчүн тынчтык жана башкарууга ыңгайлуулук башкы негиздердин бири. Реформа деген беткаптын аркасында, күч органдары коркутуу, басым жана көзөмөлдүн куралын түзүп, борборлоштурулган бийликке кызыкдар болгон тараптардын талабын аткарып жатат.

Мунун баарын эл кызыкчылыгы үчүн деп баалоо – чоң ката. 

Коомдун укуктарын камсыздоо жана күч органдарын жоопкерчиликке тартууга картылган олуттуу кадамдардын ордуна, бийлик өкүлдөрү репрессивдик аппараттын күчөйүүсүн тымызын колдоп жатышат. Кыйноолорго болгон мындай көз караш, чыныгы кылмыштарды камтыбастан, бийликтин куралына айланууда.

Хужжат Жамия

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button