Макала

ЕАЭБ Россиянын экспансиялык куралы

ЕАЭБ Россиянын экспансиялык куралы

2025-жылдын 14-августунда Чолпон-Атада өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин саммити Россиянын Борбор Азиядагы тышкы саясатынын ажырагыс бөлүгү болуп калган стратегиялык үстөмдүгүн таңуулаган дагы бир жолугушуу болгонун тастыктады. Кол коюлган документтер ар кандай экономикалык интеграция маселелерин камтыганы менен, чындыгында Кремлдин региондогу саясий жана экономикалык үстөмдүгүн чыңдоого болгон аракетинин ачык далили болуп саналат. Бул аракеттерди Россиянын адаттагы колонизаторлук саясатынын уландысы катары кароого болот — ЕАЭБ алкагындагы союздаштык жана интеграция деген көрүнүштүн артында Кремль өзүнүн экономикалык жана саясий күчүн Борбор Азиядагы негизги процесстерди көзөмөлдөө үчүн пайдаланып жатат.

Саммиттин эң маанилүү чечимдеринин бири — ЕАЭБдин бирдиктүү товарлар базарында биржа соодасын өнүктүрүү программасын бекитүү болду. Бул чечим, регион өлкөлөрүнөн мурда биринчи кезекте Россияга пайдалуу. Глобалдык экономикалык жана саясий санкциялардын шартында, жана Батыш тарабынан коюлган тоскоолдуктарды эске алганда, Россия өзүнүн базарын ЕАЭБ алкагында курчап, биржа соодасында артыкчылык алууга умтулууда. Мындай ыкма Москвага ички рыноктогу позициясын күчөтүүгө жана баа менен соода агымдарын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Андан кем эмес маанилүү жагдай — чек ара аралык базарлардагы атаандаштыкка байланыштуу келишимдердин кабыл алынышы болду. Атаандаштык эрежелерин бузуу менен күрөшүү боюнча жаңы чаралар биринчи кезекте Россияга пайдалуу. ЕАЭБ ичиндеги эң ири экономика катары Россия бул механизмдерди өз өндүрүүчүлөрүн коргоо үчүн пайдалана алат. Так көрүнүп тургандай, Москва бул базарларда өзүнө экономикалык артыкчылыкты камсыз кылууга жана сырткы оюнчулардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн көзөмөлдөөгө умтулууда. Мындай кадамдар чет өлкөлүк өндүрүмдөн көз карандылыкты азайтууга жана Батыштан көз карандысыздык менен ички туруктуулукту камсыз кылууга багытталган.

Эң көрүнүктүү чечимдердин бири — бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүү маселелерине байланыштуу болду. Россия, албетте, бул механизмдерди ресурстарды өз кызыкчылыгында бөлүштүрүү жана басым куралы катары пайдаланууга умтулат. Бажы төлөмдөрүнөн түшкөн кирешелер түздөн-түз ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн бюджетине таасир этет. ЕАЭБ ичиндеги тышкы сооданын башында турган Россия үчүн мындай чечимдер Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына үстөмдүгүн бекемдөөгө жол ачат. Россия муну менен өз «колонияларынын» экономикасын башкарууда каржылык көз карандылыкты колдонууда.

Дагы бир маанилүү маселелердин бири — ЕАЭБ алкагында медициналык товарлар менен дары-дармектердин бирдиктүү базарын өнүктүрүү болду. Мындай интеграция Россияга стратегиялык мааниге ээ болгон тармакта Батышка болгон көз карандылыкты азайтууга шарт түзөт. Ошону менен бирге Москва региондогу медициналык индустриядагы ролун дагы да бекемдейт. Иш жүзүндө Россия бул товарларды жеткирүүчү тарапка айланууда, анткени ал “союздаштарына” зарыл ресурстар менен камсыз кылууда өзүнүн өзгөчө шарттарын койуп жатат. Мындай кетиште, Россиянын Борбор Азиядагы экономикалык гана эмес, саясий таасири мындан ары да бекемделүүгө тийиш.

Транспорттук жана логистикалык коридорлор маселеси да Россиянын саясатындагы башкы багыт болуп калууда. Транспорттук саясат боюнча «жол картасына» киргизилген өзгөртүүлөр Москва региондогу инфратүзүмүн жакшыртуу жолдорун издегенин көрсөтүүдө. Бул ага Борбор Азия өлкөлөрү үчүн маанилүү болгон транспорттук агымдарды көзөмөлдөөчү кошумча рычагдарга ээ болууга мүмкүндүк берет. Россия товарлар жана чийки зат үчүн негизги транзиттик түйүн бойдон калууда, жана ЕАЭБ алкагындагы транспорттук байланыштарды өркүндөтүү боюнча ар кандай аракеттер Москвага региондогу экономикалык жана геосаясий лидерлик позициясын бекемдөөгө жардам берет.

Соңку маанилүү маселе — Евразия экономикалык комиссиясына талапкерлерди түзүү жана бекитүү болду. Россия ЕАЭБдин эң жогорку бийлик органдарындагы маанилүү кызматтарга өз адамдарын дайындоого умтулат. Бул ага күн тартибин түзүүгө жана Москвага гана пайдалуу чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. Мындай процесс Россияга союз ичиндеги гана эмес, эл аралык деңгээлдеги позициясын да бекемдөөгө жардам берет. Ошол эле учурда Москва негизги экономикалык жана саясий чечимдерди кабыл алууда үстөмдүгүн сактап калат.

Жыйынтыктап айтканда, бул чечимдер Россиянын Борбор Азиядагы таасиринин кеңейишин айкын көрсөтүп турат. «Өз ара пайда» жана «экономикалык интеграция» деген шылтоо менен Москва өзүнүн көзөмөл саясатын ишке ашырууну улантууда. Бул жолу эски колонизаторлук ыкмаларды жаңы саясий жана экономикалык инструменттер аркылуу колдонууда. ЕАЭБ мындай ыкма үчүн ыңгайлуу платформа болуп калды. Бул жөн гана экономикалык союз эмес, тескерисинче, Борбор Азиядагы Россиянын үстөмдүгүн сактап калууга багытталган күчтүү геосаясий стратегиялык түзүм болуп эсептелет.

Худжад Жамия

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button