Макала

Жашыл экономика же жашыл капкан

Жашыл экономика же жашыл капкан

Кыргызстан, дүйнөлүк экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышууга даяр экенин жана Париж келишими, БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары алкагындагы милдеттенмелерди аткарарын көрсөтүүгө умтулуп, “Жашыл каржылоо фонду” жабык акционердик коомун түзүү ниетин билдирүүдө. Азыркы учурда Кыргызстандын экономика жана соода министрлиги өкмөттүн тиешелүү  токтом долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга чыгарылган.

Бул чечим, туруктуу экономиканы өнүктүрүүгө багытталды деген ниет менен сунушталып жатса да, келечекти ойлогон кадамдай көрүнгөнү менен, өлкө үчүн да, эл үчүн да жашыруун тобокелчиликтер бар.

«Жашыл өнүгүү» стратегиясы, айлана-чөйрөгө зыянсыз технологияларды киргизүүнү жана жаңылануучу энергия булактарына өтүүнү камтыгандыктан, сөзсүз түрдө климаттын өзгөрүшү жана керектөөчүлүк системадан келип чыккан экологиялык деградация көйгөйлөрүнө жооп болуп эсептелет. Бирок глобалисттик эл аралык саясаттын алкагында мындай демилгелер өкмөттөр ойлогондой мамлекеттердин кызыкчылыгына эмес, көбүнчө алсыз экономикаларга таасирин күчөтүүнү көздөгөн сырткы колонизаторлордун кызыкчылыктарына кызмат кылат. Тактап айтканда, мындай келишимдерге кошулган мамлекеттер эл аралык каржы институттарына жана донорлорго көз каранды болуп, өз алдынча экономикалык чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү чектелет.

Ар кандай ири климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дайыма олуттуу тышкы инвестициялар тартылышы керек экендигин унутпоо зарыл. Мындай шартта, «жашыл» өнүгү жана туруктуу өнүгүү убадасына карабай, өлкөлөр батыштык каржы корпорациялары менен институттардын карыз туткунуна айланып калышат. Экологиялык долбоорлорго берилген насыялар, гранттар жана инвестициялар адатта катуу талаптар менен коштолот да, өлкөлөрдү тышкы оюнчулардын көзөмөлүнө салып коёт. Ошентип, экологияны коргоо милдеттери батыш корпорацияларынын капиталын байытуучу жана геосаясий таасирин арттыруучу жашыруун инструментке айланууда.

Мындай долбоорлорго Кыргызстан да катышып жаткандыгынын жашыруун себептеринин бири – мамлекеттик кызматкерлер эл аралык контракттардан пайда таба турган коррупциялык схемалар, көмүскө келишимдер жана «откаттар» бар экендиги. Өкмөттөр көп учурда эл аралык милдеттенмелерди аткаруу менен бирге, каржылык жардам алууга же саясий абройун көтөрүүгө умтулат. Өзгөчө экологиялык активисттердин жана дүйнөлүк коомчулуктун басымынан улам, «жашыл» күн тартиби саясий рейтингди көтөрүү, эл көрсүн үчүн жоопкерчиликтүү болуп көрүнүү жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө дүйнөлүк аракеттерге катышуунун ыңгайлуу жолу болуп калууда.

Бирок жогорку максаттарына карабастан, жашыл технологиялар экономикалык натыйжалуулугун актай бербейт, айрыкча «өнүгүп жаткан» өлкөлөрдө климаттык долбоорлор кымбатка түшүп, жергиликтүү шарттарга туура келбей калат. Жаңылануучу энергетика, экологиялык таза транспорт жана айыл чарба тармагындагы долбоорлор ири баштапкы инвестицияларды талап кылат жана тез арада экономикалык натыйжа бербейт. Андан тышкары, мындай долбоорлор Батыш корпорацияларынан технологиялык көз карандылыкты пайда кылып, кошумча каржылоо зарыл болот жана өлкөлөрдүн өз инновациялык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жөндөмүн чектейт.

Муну менен катар эл аралык келишимдердин жана жашыл каржылоо демилгелеринин алкагында жашыруун укуктук тузактар да бар. Эл аралык деңгээлде кабыл алынган милдеттенмелер бул келишимдерге кол койгон өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнө олуттуу тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Эл аралык донорлордун каржы агымдары катуу стандарттар менен көзөмөлдөнгөн шартта, өкмөт өз өлкөсүн экологиялык долбоорлорго катыштырбай коюуга укугу болбой калат. Антпесе тышкы колдоодон ажырап калуу коркунучу бар. Натыйжада жашыл экология шылтоосу туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуучу куралдан тышкы көзөмөл механизмине айланат.

Бул процессте идеологиялык басым да чоң роль ойнойт. Акыркы он жылдыктарда экологиялык көйгөйлөргө атайылап глобалдык маани берилип, «жашыл» демилгелерди аткаруудан баш тарткан өлкөлөр «дүйнөлүк коомчулук» жана «кымбат» эл аралык инвесторлор тарабынан обочолонуп калуу коркунучуна кабылат. Мындай шартта, анын ичинде Кыргызстан да, эки тандоонун ортосунда калат: же эл аралык долбоорлорго катышып, тышкы каржылык жардам алып, бирок карыз жана саясий көз карандылыкка түшүп калуу, же эл аралык жардамдан баш тартып, таңууланган логика боюнча өлкөнүн экономикасын начарлатуу коркунучуна кабылуу.

Ошентип, Кыргызстанда түзүлүп жаткан жашыл каржылоо фонддору жана башка ушул сыяктуу долбоорлор, туруктуу өнүгүүгө жана экологияны жакшыртууга умтулуу боюнча жасалган жакшы билдирүүлөргө карабастан, анын артында татаал жана терең саясий механизмдер жашырылган. Жашыл технологияларды жамынган экологиялык күн тартиби экономикалык жактан алсыз өлкөлөргө көзөмөл орнотуу үчүн колдонулган стратегиялык куралга айланууда. Мындай долбоорлор экологиялык көз карандысыздыктын булагы болуу ордуна,  глобалдык капиталисттик системанын бөлүгү болуп, алсыз өлкөлөрдү тышкы кредиторлорго жана эл аралык корпорацияларга көз каранды кылууга каратылган.

Касиеттүү Куранда, Улук Аллах Таала мындай дейт:

«Билгиле: Чындыгында (бул) дүйнө – ойун, азгырык, кооздук жана өз ара мактануу, ошондой эле мал-мүлктү, бала-чаканы көбөйтүү (гана). (Бул дүйнө) өсүмдүктөрү каапырларды таң калтырган жамгыр сыйактуу. Ал кези келгенде кургап, сапсары болгонун көрөсүн, андан кийин кайра топуракка айланат. Акыретте катуу азап (бузукулар үчүн), ал эми Аллахтын кечирими жана ыраазылыгы – (момундар үчүн). (Бул) дүйнө жашоосу – алдамчы ырахат.» (Ал-Хадид, 57:20).

Бул аят, капиталисттик системаны түшүнбөй туруп, дүйнөлүк байлыкка умтулуу, материалдык байлыкты сокурча топтоо — канчалык жагымдуу көрүнбөсүн — акыры эки дүйнө бактысыздыгына алып келерин баса белгилейт. Анткени бул дүйнө матасы убактылуу, жалган жана адаштыруучу. Чыныгы баалуулук жана түбөлүк береке колонизатор душмандардан садака издөөдө эмес, Аллахтын ыраазылыгына алып баруучу исламий өнүгүү жолу аркылуу туура жана түбөлүк жолго умтулууда жатат.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button