Макала

Зордук-зомбулук үчүн өлүм жазасы: адилеттикпи же популизмби?

Зордук-зомбулук үчүн өлүм жазасы: адилеттикпи же популизмби?

Садыр Жапаров 1-октябрда, зордук-зомбулуктан жабыркагандардын көбүн аялдар менен кичине балдар түзгөнү үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Бул демилгеге 17 жаштагы окуучу кыздын өлтүрүлүшү себеп болду. Окуя элге жайылып, чоң талкууну жаратты. Көпчүлүк бул демилгени алсыздарды коргоо жана адилетүүлүккө карай кадам катары баалады. Бирок сунушталып жаткан чаралар, көбүрөөк символикалык жана популисттик мүнөздө козголууда жана коом арасындагы көйгөйдүн негизги себептерин камтыбайт. 

Бул чечим коомдогу чыңалуунун күчөшүнөн улам жана шайлоонун жакындашы фонунда жарыяланганы белгилүү. Мындай учурда бийлик элдин нааразычылыгын тез басаңдатууга өзгөчө кызыкдар болот. Сунушталып жаткан өлүм жазасы, элдин ачуусун баса турган ыкма катары колдонулуп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө чыныгы механизм болуп бере албайт. Тагыраагы, маселенин түпкү себептерин изилдеп, чечимин табуудан көрө, коомго жөнөкөй жана үстүрт чечим сунушталууда.

Мындан тышкары, капиталисттик түзүмдүн алсыз, көз каранды соттук системасынын алкагында өлүм жазасын ишке ашыруу адилеттүүлүк үчүн олуттуу коркунуч жаратат. Кыргызстандын тергөө органдары менен сот мекемелери, ар дайым коррупция, сапатынын төмөндүгү жана саясий эрксиздиги менен белгилүү. Ошол эле учурда, күнөөнү далилдөөдө билим базасынын деңгээли өтө төмөн бойдон калууда. Коомдун коркунучтуу жана талкууну козгой турган кылмыштарда, соттордун ката кетирүүсү өтө жогору. Кемчиликсиз жана адилеттүү иликтөөнү камсыздай албаган түзүмдө, өлүм жазасын кайтаруу коргоо эмес, тескерисинче, кошумча коркунуч болот! Анткени адилеттүүлүктү кепилдей албаган түзүмдө, өлүм жазасынын курмандыктары биринчи эле күнөөсүздөр болот. 

Бул демилге талкууланып жаткан учурда, талкуулар коомдун исламий маанайынын айланасында болуп жатканы даана байкалууда. Өлүм жазасы, көпчүлүктүн диний көз караштарына шайкеш келгени, социалдык тармактарда жана бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүндө белгиленип жатат. Бирок, чындыгында ислам оор кылмыштарга карата катаал жазаларды белгилегенин эскерүү зарыл. Шариатта зордуктоо, жагдайга жараша хирабага (зомбулук менен тоноого) же зинага (никесиз жыныстык катнашка) теңделүүсү мүмкүн . Эгер кылмыш иши өлтүрүү менен коштолсо, “кысас” (өч алуу) түшүнүгүнө негизделип, өлтүрүүгө чейин жаза каралышы мүмкүн. Бирок ислам фикхинде, мындай өкүмдөргө өтө жогорку талаптар коюлган. Бул жаза ишке ашырылышынан мунун такыбалыкка негизделген түзүм, далилдердин тактыгы, жогорку квалификацияга ээ болгон казылардын болушу, толук укуктук тартип, казыят институттары жана процессуалдык эрежелердин так сакталышы табылышы керек.

Чындыгында, Кыргызстан исламий башкаруу системасына (Халифалыкка) негизделген эмес. Кыргызстанда, мындай нормаларды шариат негизинде ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жок. Такыбаа соттоочулардын жоктугу, дин тармагынан дайындалган кадрлардын жетишсиздиги, ислам фикхине таянган көз карандысыз органдардын жана коом ыраазычылыгынын жок болушу, мындай жазаларды алсыз кылат. Ошондуктан, адилеттүүлүктүн ордуна шарият тартибинин жасалма көрүнүшү жаралышы мүмкүн. Бул жасалма көрүнүштө адилеттүүлүк, ырайым жана чындык негиздери жок болот. Исламий укуктук системага таянбаган абалда кополдукка, каардуулукка өтүү көздөлгөн натыйжаны бербейт! Бирок диний адилеттүүлүк түшүнүгүн дискредитациялайт.

Демек, президенттин демилгесинен адилеттүүлүктү көздөгөн ишке караганда, көбүрөөк саясий максат камтылганы көрүнөт. Муну менен чечкиндүүлүк элесин берүүгө аракет кылууда. Бирок мындай ураандар, коомду какшаткан чыныгы процесстерден – коррупциядан, социалдык адилетсиздиктен, институттардын кыйрашынан жана капитализм шартындагы элитанын жазасыздыгынан элдин көңүлүн алаксытат. Коом жазалоону гана эмес, кылмыштарды алдын алуу жолдорун да талап кылат. Ислам идеологиясына ылайык чечимдер гана эмес, чындык менен жалганды, жакшылык менен жаманды айырмалай алган, күнөөсүздөрдү коргоп, күнөөлүүлөрдү социалдык абалына карабастан жазага тартуучу адилеттүү системаны курууга, тез жана чечкиндүү кыймылдар талап кылынат. Антпесе бардык чаралар үстүрт жана адилетсиз бойдон калат. Ал эми чечимдер Алланын мыйзамдарына негизделбестен, бирөөнүн каалосуна, саясий муктаждыгына же коррупцияга негизделген шартта чыгарылса, анда катуу өкүмдөр да, жазалар да өзүнүн жарактуулугун жоготот. Натыйжада бул катуу чаралар, адилетсиздиктин бир бөлүгүнө айланат.

Алла Таала айтат:

Кимде-ким Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар заалымдар.

(Маида сүрөсү, 45-аят).

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button