
Казакстан менен Кыргызстандын биригүү мүмкүнчүлүгү
2025-жылдын 21–22-августунда Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке жасаган сапары Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы мамилелердин оң нукка өзгөргөнүн расмий түрдө көрсөттү. Кол коюлган бир катар келишимдер, биргелешкен декларациялар жана символикалык кадамдар (ордендерди тапшыруу, маданий иш-чаралар, достук айкелдерин орнотуу) бир тууган мамлекеттердин ортосунда жакын коңшулук мамиле калыптанып жатканын айгинелейт. Бул расмий иш чаралардан Москва таасиринен акырындап болсо да, ырааттуу түрдө стратегиялык обочолонуу байкалат. Мындай кадамдардын артында Анкара сунуштап жаткан платформаны активдүү пайдалануу турат.
Астана менен Бишкектин жакындашуусу ири инфраструктуралык, соода жана билим берүү долбоорлорунун кеңейиши менен коштолууда. Чек арада биргелешкен соода-логистикалык хаб түзүү, көзөмөл-өткөрмө пункттарын модернизациялоо, 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүү планы, Кыргызстанда казакстандык жогорку окуу жайларынын филиалдарын ачуу, жаштар форумдарын жана гуманитардык аянтчаларды түзүү — мунун баары узак мөөнөттүү стратегия болуп саналат. Түркия бул стратегиянын көмүскө координатору жана идеологиялык куратору болуп болкп калууда.
Түрк мамлекеттеринин уюму, маданий интеграциянын күчөшү, түрк тилин биримдиктин символу катары кеңири колдонуу, Кыргызстан менен Түркиянын аскердик байланыштарынын чыңдалышы, Борбор Азия жана Каспий коридорлору аркылуу өсүп жаткан экономикалык өз ара көз карандылык, мунун баары Казакстан менен Кыргызстандын эки тараптуу кызматташуусу Түркиянын аймактык кеңири долбооруна табигый түрдө шайкеш келишин шарттоодо. Түркия Москва менен түздөн-түз конфронтацияга барбастан, тилдик жана маданий жакындыкка, ошондой эле пайдалуу инфраструктуралык байланыштарга негизделген жумшак альтернативалуу таасир борборун сунуштоодо. Орусиядан айырмаланып, Анкара түздөн-түз баш ийүүнүнүн ордуна — өнөктөштүктү сунуш кылууда, бул Украинадагы узакка созулган согушту жана Кремлдин саясий изоляциясын эске алганда кыйла жагымдуу көрүнөт.
Дароо көзгө урунган нерсе Бишкектеги жолугушууда катталган демилгелердин өз алдынчалыгы. Казакстан менен Кыргызстан эл аралык иштерде өзүн эгемен оюнчу катары көрсөтүп, Москвага кайрылбастан өз аймактык архитектурасын түзүүдө. Алардын диалогу тек гана өз ара кызыкчылыктарга негизделген жана советтик мураска тиешеси жок. Ал эми “көп векторлуулук” сөзү барган сайын Түркияга, Кытайга, Перс булуңу өлкөлөрүнө жана Батыш Азияга кайра багыт алуунун дипломатиялык калканы болуп берет.
Орусия үчүн бул бурулуш саясий да, экономикалык да жоготууларга алып келүүдө. Саясий деңгээлде Москва аймактагы турукташуунун жападан жалгыз кепилдик жана ортомчулук ролун жоготууда. Казакстан менен Кыргызстан ЕАЭБ жана ЖККУдан чыкпастан эле маанилүү чечимдерди кабыл алууда көз карандысыздыгын барган сайын көрсөтүүдө. Экономикалык деңгээлде жоготуулар мындан да күчтүү: аймактын транспорттук жана логистикалык инфраструктурасы орус маршруттарын айланып өтүп курулууда. Казакстан Кытай менен Европаны Каспий деңизи, Азербайжан жана Түркия аркылуу байланыштырган Транскаспий коридорун активдүү өнүктүрүүдө, ал эми Кыргызстан менен чек арадагы хабдын түзүлүшү бул чынжырды ого бетер бекемдейт.
Мындан тышкары, Астана менен Бишкектин ортосундагы чек араларды модернизациялоо жана эки тараптуу сооданы расмий жолго салуу Кыргызстанды мурда салттуу түрдө орус көмүскө экономикасы катышкан «кара схемалардан» көз карандысыздык алууга мүмкүндүк берет. Москванын Кыргызстандагы ички процесстерге тийгизген таасири Атамбаев бийликтен кеткенден кийин жана орустун аскердик колдоосуна болгон көз карандылык азайгандан кийин эле төмөндөгөн, эми ал жаңы маданий жана экономикалык түрк модели менен алмашууда.
Мунун баары түз кагылышуу аркылуу эмес, жумшак, бирок ырааттуу аймактык артыкчылыктарды кайра карап чыгуу аркылуу жүрүүдө. Жана дал ушул көрүнүш Орусия үчүн эң чоң коркунуч туудурат. Түркия түрк биримдиги идеясын сунуштаса, Казакстан — инфраструктура менен инвестицияны, ал эми Кыргызстан — адамдык жана логистикалык потенциалды сунуштоодо. Кремль болсо барган сайын ички көйгөйлөрдүн балчыгына чөгүп бараткан өлкө катары аймакты күч менен башкаруудан башкага чарасы калбай калган колонизатор катары кабыл алынууда.
Бишкекте кол коюлган келишимдер жана эки тараптуу диалогдун жанданышы — Борбор Азия өз эрежелери боюнча ойной баштаганынын белгиси. Формалдуу түрдө азырынча статус-кво сакталып турса да, иш жүзүндө аймак посторусиялык кайра түзүлүшкө аракет кылууда.
Эгерде Кыргызстан менен Казакстан алардын терең маданий, диний жана тарыхый тамырларын эске алып, кийинки кадамга өтүп, союз менен гана чектелбестен, бирдиктүү мамлекет түзүшсө, бул чыныгы келечекти көрө билген жана тайманбас стратегия болмок. Жалпы исламдык иденттүүлүккө жана бирдей тилге ээ эки өлкөнүн биригиши ири геосаясий оюнчулар менен атаандаша ала турган күчтүү аймактык борборду түзүүгө жол ачмак.
Мындай биригүү ресурстарды, инфраструктураны жана рынокторду бириктирүү аркылуу экономикалык потенциалды күчөтмөк. Казакстан менен Кыргызстан бирге ири ички рынокко, кеңейген аймакка жана олуттуу адамдык капиталга ээ болмок, бул болсо транспорттук коридорлорду жана энергетикалык ресурстарды жакшыраак көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бермек. Ошондой эле бул алардын дипломатиялык позициясын чыңдап, Россия менен Кытайдын ортосунда көбүрөөк манёвр жасоого шарт түзмөк.
Андан тышкары, бирдиктүү мамлекеттин түзүлүшү түрк биримдигинин күчтүү символуна айланып, исламдык бир туугандыкты чыңдоого өбөлгө түзмөк, бул болсо туруктуу өнүгүүнүн жана ички консолидациянын негизи боло алмак. Бул көп векторлуулукту жөн гана жарыялабастан, ислам идеологиясынын негизинде жаңы, көз карандысыз жана күчтүү аймактык моделди чындап курууга жетишкен ийгиликтүү долбоордун мисалы болмок. Эгер ушул жол тандалса, балким бүгүн Борбор Азиядагы таптакыр башкача геосаясий реалдуулук жөнүндө — күчтүү, көз карандысыз жана таасирдүү аймак жөнүндө сөз кылмакпыз.
Хужжат Жамиа