
Кыргызстанда Кытайдын карааны күчөп барууда
Кыргызстан күн өткөн сайын Кытайдын баскынчылык саясаты астына кирип барууда. Муну бир катар келишимдер жана эки өлкө ортосундагы ири долбоорлор күбөлөп турат. 21-октябрда Президенттин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттик Ысык-Көлдө Асман шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлгөнүн билдирди. Экономика министрлигинин маалыматында, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген.
Президент Жапаров буга чейин шаардын курулушу долбоорго өзгөртүү киргизүү жана экологиялык талаптар менен байланыштырган.
Белгилүү болгондой, “жашыл экономика”, “жашыл шаар” сыяктуу долбоорлор капиталисттердин кызыкчылыгына кызмат кыла турган тузактардын бири. Анткени, бул долбоорлор аркылуу кайра эле “инвестиция” шылтоосу менен ири капиталисттер үлкөн кирешеге ээ болот. Экологиялык долбоорлорго берилген насыялар, гранттар жана инвестициялар адатта катуу талаптар менен коштолот. Тагыраагы, каражат берген тараптын талаптары биринчи кезекте аткарылат. Кытайдын жылма саясатын эске алсак, курула турган шаарда кытай жарандары үчүн үлүш каралышы толук мүмкүн. Ал эми, долбоорду ишке ашыруу үчүн жумшалган каражат Кыргызстандын мойнуна карыз катары илинип, ал дагы басым өткөрүүчү курал болуп калмакчы. Ансыз да учурдагы Кыргызстандын тышкы карызындагы негизги үлүш Кытайга тиешелүү. Тагыраагы, өлкөнүн тышкы карызы 5,2 млрд доллар болсо, анын 2 млрд долларга жакыны Кытайга тиешелүү. Бул көлөм Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлордун артынан эселеп өсүшү күтүлөт.
Мындан тышкары, Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү. Кыргызстан тышкы соодасынын үчтөн бирин (36,6%) Кытай менен жүргүзөт. 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын соода алакасы 22,7 млрд долларга жетти. Бул мурунку жылга караганда 15% көп. Кытайдын Кыргызстанга салган инвестициялык каражатынын көлөмү да жыл сайын өсүп келет. 2024-жылдын тогуз айында өлкөгө 747 млн доллар түз инвестиция келген болсо, анын 30%ын же 221,5 млн долларын Кытай салган. Муну менен катар Кытай компаниялары өлкөдөгү тоо-кен тармагында 80 пайыздан ашык үлүшкө ээ. Айрыкча, алтын жана баалуу металлдарды казууга активдүү катышууда. Бул компаниялар өлкөдөгү кендерди руда түрүндө ташып чыгып, таза алтын же башка баалуу металдын көлөмүн азайтып көрсөтүшөт. Өлкөдө 300дөн ашуун Кытай ишканалары иштейт, андан тышкары 200гө жакын кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар.
Кытайдын Кыргызстанга кирип келүүсү экономикалык тармак менен гана чектелген жок. Акыркы мезгилде туризм жана ишкерлик шылтоосу менен өлкөгө кирген кытай жарандарынын кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуусу тездик менен өсүп жатат. Кыргызстандын бутпарас кытай жарандарына визасыз режим киргизүүсү алардын өлкөдө тамыр жайышына жол ачып берүүдө.
Ал тургай, кытай жарандарынын катышуусунда кылмыш иштери да арбын кездешүүдө. Буга 24-октябрда эки кытай жараны менен уруша кеткен кыргыз аялдын бийик кабаттуу үйдөн кулатылышы ачык мисал болот. Социалдык тармакка тараган видеодон кытайлыктар аялдын балкондо асылып, кулап баратканын күзөтүп турганын көрүүгө болот.
Мындан тыянак чыгарсак, Кытайдын аймактагы таасири артышы мусулмандар үчүн кооптуу. Айрым инфраструктураны жакшырткан жана стратегиялык долбоорлордун ишке ашып баштоосуна алданбашыбыз зарыл. Анткени, бул долбоорлор Кытайга көз карандылыгыбызды дагы да күчөтөт.
Баарыбызга белгилүү болгондой, кудайсыз Кытай өкмөтү ондогон жылдардан бери Чыгыш Түркстандагы мусулмандарды куугунтуктап, камакка алып, үй-жайынан мажбурлап көчүрүп, диний ибадаттарына тыюу салып келүүдө. Кытай өкмөтү муну менен эле чектелбестен, уйгур мусулмандарынан доңуз этин жеп, арак ичүүнү жана динден кайтууну талап кылып, муслима карындаштарыбызды нажас хань кытайлары менен турмуш курууга мажбурлап келет. Миллиондогон уйгур боордошторубузду атайын түзүлгөн “кайрадан тарбиялоочу” концлагерлерине таштады жана жүздөгөн мусулмандарды жок кылды… Дүйнөлүк куфр системасы жана эл аралык коомчулук Кытайдын бул иштерин көрмөксөн болуп жаткан болсо, мусулман өлкөлөрдүн башчылары сүкүт сактоо менен ыраазылык билдиришүүдө. Демек, Кытай Түркистандагы саясатын Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда улантпайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Кытай баскынчылыгынан кутулуунун түпкү чечимин эл аралык уюмдардан күтүүгө болбойт. Себеби, эл аралык уюмдар ушул колонизатор державалардын өкүмдарлыгын камсыздоо үчүн түзүлгөн. Мисалы, БУУ Кытайдын уйгур жана башка улуттагы мусулмандарга карата зулумдарына кандай чара колдонду? Эч кандай чара көрбөдү, себеби, Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү!
Америкага таянуу да кутулушубуз үчүн түпкү чечим боло албайт. Себеби, ал да Кытай сыяктуу эле колонизатор. Анын Афганистан, Ирак, Газадагы кыргындарын али эч ким унута элек.
Россияга таянуу да түпкү чечим эмес. Себеби, анын өзү да Орто Азиянын эски колонизатору. Мындан тышкары, ал Кытай каршысында алсырап, аймакта ага атайын орун бошотуп берүүдө.
Кытай баскынчылыгынан кутулуу жолу Исламда! Ислам гана аймактагы мусулмандарды бир калкан астында бириктирип, Мадинада тикеленген Исламий Мамлекет Перс империясын, Византия жерлерин фатх кылгандай, учурдагы колонизатор мамлекеттердин таасирин талкалайт. Максат, бүгүнкү колонизатор мамлекеттердей элдерди кул кылуу эмес, тескерисинче аларды жахилият караңгылыгынан Ыйман нуруна, залимдер зулумунан Ислам адилеттүүлүгүнө алып чыгуу. Демек, мусулмандардын иши – аларды коргоочу калкан – Исламий мамлекетти тикелөө менен чечилет. Дүйнөдөгү бир жарым миллиард мусулманды бириктирүүчү бул мамлекет империалист державалардын зулумун жоготуп, дүйнөгө акыйкат жана адилеттүүлүктү жаят.
Мумтаз Маверанахрий




