Макала
Trending

Прагматизм эмес саясий биримдик гана аймактын туруктуулугун кепилдей алат

Прагматизм эмес саясий биримдик гана аймактын туруктуулугун кепилдей алат

Борбор Азия өз алдынча күч борбору болууга аракеттенүүдө, бул аймактагы иш жүзүнө ашырылып жаткан кадамдар аркылуу байкалууда. Казакстан менен Өзбекстан Борбор Азиядагы ири өлкөлөр катары, акыркы үч жылда тездик менен өз ара экономикалык жана коопсуздук тармагындагы кызматташууларын бекмдөөдө. Ошентип биз эки борболуу болсо да, аймактагы жаңы күчтүн жаралуусуна күбө болуудабыз. Бирок эки тараптуу келишимдерге жана өз ара пайдага негизделген бул жаңы күч, тышкы басымдын жана саясий оюндардын алдында туруктуулук көрсөтө алабы? Же бул негиз, алгачкы эки тараптын биринин оозун майлоо аракети менен кыйрап кетеби?

Акыркы жылдары Токаев менен Мирзиёев башка бардык аймактын лидерлерине салыштырмалуу көбүрөөк жолугушууларды уюштурушту. Эң маанилүү жолугушуулардын катарында: 2024-жылдын октябрында Ташкентте болуп өткөн сүйлөшүүлөр. Анда экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана «транспорт-логистикалык алкагын» куруу пландары талкууланган. Андан соң 2025-жылдын 29-мартында Алматыда эки тараптын бейрасмий маектешүүсү болуп өттү. Ал эми эң көп жыйынтык берген кезигүү Токаевдин 2025-жылдын 14-ноябрындагы Өзбекстанга мамлекеттик сапары болду. Бул сапардын алкагында 17 жаңы келишимге кол коюлду. Алардын ичинен: сейрек кездешүүчү металлдардын геологиясын изилдөө, чек аралык суу агымдарын башкаруу, санариптик жыштыктарды тууралоо, биргелешкен аскерий машыгууларды уюштуруу, медициналык технологиялар, мунай-газ химия жаатындагы кызматташуу жана бажы өкүлчүлүктөрүн ачуу келишимдери бар.

Ушул сыяктуу келишим топтомдору, дүйнөнүн башка аймактарында, мамлекеттерден жогору турган уюмду түзүү кадамы катары каралмак. Бирок Борбор Азиянын өзүнүн өзгөчүлүгү бар. Тактап айтканда, баардык нерсе аймактагы кырдаалга, лидерлердин кызыкчылыктарына жана тышкы басымга көз каранды. Мындай көз карандылык жок болмоюнча,  ар бир кабыл алынган келишим назик бойдон кала берет. Кагазга кол коюу оңой, бирок аны иш жүзүнө ашыруу жана сактап калуу, айрыкча капиталисттик шартта машакаттуу иш. Анткени башка пайдалуураак сунуш тартууланса, анда мындай келишимдердин ишке ашуусу дээрлик мүмкүн болбой калат.

Маселен, Кытай инфраструктура жана геология жаатын, эч бир оордуксуз каржылоого кудуреттүү. АКШ санарип кызматтарында жана логистикада эң жакшы шарттарды тартуулай алат. Ал эми Россия миграциялык жана тарифтик жеңилдетүүлөрдү сунуштай алат.

Бул капитализмдин жана геосаясаттын чыныгы ыкмасы. Пайдага гана негизделген ар кандай биримдиктер дайыма туруксуз бойдон калат. Келишимдер канчалык уккулуктуу болбосун, баары бир пайдалураак шарттагы сунуштун алдында күчсүз калат. Ошондуктан бүгүнкү Казакстан менен Өзбекстандын жана жалпы аймактын кызматташуусу туруктуу пайдубалга ээ болушу тышкы факторго көз каранды. Ал айрым лидерлердин кызыкчылыктарына упай беришт мүмкүн, бирок коопсуздукту кепилдебейт.

Россия өз ичиндеги кыйынчылыктарга туш болуп турган маалда, башка күчтөрдүн Борбор Азияга болгон кызыгууларынын артуусу, өзгөчө тынчсызданууларды туудурат. Эгер Россиянын чыныгы калкынын саны Кремль белгилегендей 140 миллион эмес, 75–85 миллиондун чегинде болсо, анда аймактык күчтөрдүн тең салмактуулугу, олуттуу түрдө өзгөрөт. Мисалы азыркы учурда, Борбор Азиянын (5 өлкөнүн) жалпы калкы, болжол менен 80–81 миллион адамды түзөт.

Азыркы учурда, Борбор Азия демографиялык, экономикалык жана саясий жаатта күчөп жатат. Бул ири державалардын ар бир өлкөгө болгон өзгөчө кызыгуусун арттырат жана ошол эле учурда Москванын аймактагы таасирин сактоо мүмкүнчүлүгүн алсыздатат. Өлкөлөрдүн биримдиксиз өз алдынча иш алып баруулары, мындай кырдаалды сөзсүз күчөтөт.

Мындай шартта, Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы жөнөкөй эки тараптуу келишимдер ири державалар үчүн атаандаштыкты пайда кылат. Ар бир держава биргелешкен уюм менен эмес, өз-өзүнчө болгон мамлекеттер менен иштегиси келет. Мындай ыкма аркылуу алар шарт коюу, көз карандылык түзүү жана саясатка таасир этүү куралдарына ээ болушат. Ошондуктан азыркы мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктар канчалык ылдам болсо да, аябай алсыз бойдон калууда. Аны алсыратуу, бөлүү, алмаштыруу же башка багытка бурдуруу өтө оңой.  Баары белгилүү өкмөттөрдүн ичиндеги кызыкчылыктардын үстөмдүгүнө жараша болот.

Эгер ар бир мамлекет өзүнүн башчысы, өзүнүн элитасы, өзүнүн кызыкчылыктары менен калса, эртели-кеч мындай абал карама-каршылыктарга алып келет. Аймактык лидерлер, биримдикти идеологиялык институттардын негизинде эмес, кагаз түрүндө гана түзүүдө. Албетте мунун зыянын карапайым калк гана тартат.

Ошондуктан мурда мүмкүн эмес деп эсептелген суроо барган сайын актуалдуулукка ээ болууда: Борбор Азия таптакыр башка моделдин негизинде курулганда, ийгиликке жетет беле? Бирдиктүү саясий борбор, жалпы идеологиялык алкак, атүгүл бирдиктүү жетекчилик аркылуу көбүрөөк утушка ээ боло алат беле? Ооба, мындай модел Ислам Халифалыгы! Бул улуттан жогору турган, бирдиктүү коопсуздугу, жалпы багыты, жалпы суусу, жалпы энергетикалык саясаты бар модел.

Мындай абалда Кытай, Россия, АКШ баш болуп, ар бир өлкөгө өзүнчө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылат. Аймак объект эмес, субъектке айланмак. Тактап айтканда, таасирленүүчү эмес, таасир берүүчү позицияга ээ болмок. Бирдиктүү саясий борбор жеке кызыкчылыктардын таасирин бөгөттөп, кландык атаандашууну жок кылып, ресурстарды узак мөөнөттүү максаттарга жумшай алмак. Бул бүгүнкү күндөгү эки президенттин эркине жана саясий абалдын ыңгайлуулугуна байланган системадан көрө алда канча туруктуу негиз болмок.

Казакстан менен Өзбекстан эмитен баскынчыларды тынчсыздандырган олуттуу кадам ташташты. Бирок аймактагы чыныгы өнүнүгүү Борбор Азиянын өзүнүн жалпы эрежелерин, бирдиктүү чечим борборун жана бийлик алмашса да өзгөрбөй турган түзүмүн негиздөөсү менен гана мүмкүн болот. Мындан башкасы, убактылуу пайдага каратылган ишенимсиз, өкүнүчкө батырган убактылуу келишимдердин топтому бойдон калат.

Эми мындай суроо туулат: Борбор Азия, кыянатчыл лидерлерди коргоп, ишенимсиз бирок убактылуу пайда алып келе турган келишимдерге кол коюп, чачыранды мамлекеттер бойдон калууну тандайбы? Же келечекте өзүнүн элин эле эмес, жалпы үммөттүн кызыкчылыгын коргой турган бирдиктүү саясий бүтүндүк болууну тандайбы?

Ушул себептен, азыркы бош кызматташуулардын ордуна натыйжалуу, ийгиликтүү жана ишенимге негизделген модел Ислам мамлекети гана боло алат. Исламдын тарыхый тажырыйбасынан келип чыгып, анын көптөгөн улуттарды, элдерди бир борборго топтой алганына күбө боло алабыз. Ислам мамлекети, бириктирүүчү элемент катары экономикалык пайданы эмес, борборлошкон бийликти, борборлошкон саясатты жана жалпы идеологиялык негизди карманган. Ислам түзүмү көрсөткөндөй, бирдиктүү система жана жеке адамдардан жогору турган башкаруу үстөмдүк кылган жерде, тышкы күчтөр өз-өзүнчө лидерлерди өзүнүн таасирине өткөрө албайт жана аймакты бөлүп-жаруу мүмкүнчүлүгүн жоготот. Борбор Азияда мындай ыкма колдонулса, чыныгы туруктуулук орноп, сырткы күчтөрдүн киришүүлөрүнө чекит коюлмак. Союздар, меморандумдар –мунун баары чыныгы көз карандысыздыкты кепилдей албайт! Элдин басымдуу бөлүгү исламды илгертен карманып келген. Андыктан Ислам идеологиясына негизделген бирдиктүү мамлекет гана аймактын узак мөөнөттүү эркиндигин кепилдей алат!

Латыфуль Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button