Макала

Россия жана Туран: Чоочун долбоорго аргасыздан макул болуу

Россия жана Туран: Чоочун долбоорго аргасыздан макул болуу

Түркия акыркы жылдары Борбор Азия жана анын тышындагы аймактарда Туран идеясын демилгелеп, аны активдүү түрдө илгерилетип жатат. Анкара Түрк мамлекеттер уюму сыяктуу түзүмдөр аркылуу маданий-гуманитардык программалар, билим берүү демилгелери жана медиа таасири аркылуу өзүн жөн гана аймактык лидер эмес, түрк дүйнөсүнүн символдук борбору катары бекемдөөгө умтулууда.

Мындай шартта түрк элдеринин тарыхына жана маданиятына тийиштүү болгон гуманитардык чөйрөдө Москванын активдүү аралашуусу маанилүү көрүнүш болуп жатат. Бир караганда Россиянын түрк тарыхына арналган иш-чараларга катышуусу илимий диалогго карай жасалган кадамдай туюлушу мүмкүн. Бирок бул кадамдын аркасында Россия акыл калчап, стратегиялык эсепти көздөөдө. Туран идеясы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн гана эмес, Россиянын ичиндеги көптөгөн түрк элдери үчүн да жагымдуу экенин Кремль моюнга алууда.

Мындан да маанилүүсү, эгерде бул «чакырык» жоопсуз калса, Түркиянын айланасында Россия таасирге ээ болбогон гуманитардык блок түзүлүү коркунучу бар. Бул сөзгө Алтай Республикасында өткөн «Алтай — түрктөрдүн ата журту» аттуу II эл аралык конференция мисал боло алат. Бул конференцияга Россия тараптан президенттин жардамчысы Владимир Мединский катышып, ал Казакстан жана Кыргызстан менен биргеликте жалпы тарыхты изилдөөнүн жана аны жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошентип, Москва түрк маегине, жалпы тарыхка өзүнүн көз карашын сунуштоо менен аралашууга аракет кылууда. Бул көз караштын алкагында Россия тышкы байкоочу катары калбастан, түрк элдеринин тарыхый жолун негиздеген шериктеш авторлордун бири катары өзүн тартууламакчы.

Бирок Россиянын мындай ыкмасы эски таасир чөйрөсүн коргоп калуу аракетин билдиреи. Россия ондогон жылдар бою Туран идеясын олуттуу эмес, идеологиялык жактан жат көрүнүш катары четке кагып келген. Бирок Түркия бул уюмду маданий жана дипломатиялык жол аркылуу «жумшак күч» куралына айлантканда гана Москва ага карата өз мамилесин кайра карап чыгууга аргасыз болду.

Жыйынтыгында Россия конференцияларга катышууга, биргелешкен долбоорлорду түзүүгө, тарыхты «кагылышууга алып келбей турган деңгээлде» түшүндүрүү аракеттерин кыла баштады. Мунун баары Түркия көптөн бери баскычма-баскыч жасап келе жаткан иштерге жооп катары болду. Кремль тарабынан болгон мындай кадамдар Түркиянын натыйжалуу стратегиясын тан алып жаткандыгын түшүндүрөт.

Эгерде маданий жана тарыхый лидерлик үчүн атаандаштык болбогондо, Москва позитивдүү өңдө түрк элдеринин биримдигин эске алып да коймок эмес. Андан да маанилүүсү, Россия түрк идентификациясын өзүнүн евразиялык концепциясына киргизүүгө аракеттенип жатат. Бул кадамдар Россиянын жаңы реалдуулукка ыңгайлашуу зарылдыгын көрсөтөт. Мындай жаңы шартта маданий таасир саясий же аскердик таасирден кем эмес мааниге ээ болуп калат.

Россия дагы деле гуманитардык чөйрөдө атаандаштык кылуу мүмкүнчүлүгүн сактап келет. Анын билим берүү тармагындагы таасири, тил, совет мезгилине болгон эскерүүлөр аймак үчүн азыркы учурга чейин маанилүү. Бирок туруктуу, көз карандысыз маданий саясат болбосо жана тышкы чакырууларга жөн гана реакция менен чектелүү Россия үчүн таасирин сактап калууга оор болот.

Бүгүнкү Кремлдин түрк тарыхына каратылган активдүүлүгү — бул саясий зарылдык. Муну көңүлгө албай койуу — стратегиялык ката.

Бирок Туран идеясы сыяктуу этностук же тилдик байланыштардын негизинде аймактык биримдикти куруу аракеттери системанын кулоо чегине жеткенин түшүндүрөт. Москва маданий байланышы бар евразиялык форматтар аркылуу, Анкара түркчүлүк ураандары аркылуу түрк аймагы үчүн символикалык атаандашып жатышат.

Бирок Түркия жана Россия атаандашууда таянып жаткан ишенимдер жана көз караштар негизинен чектелген жана эскирген улуттук моделге кайтып жатат. Алардын тартуулап жаткан интеграциялык моделдери аймактагы чыныгы талаптарга толук кандуу жооп бере албайт. Аймактагы социалдык бөлүнүү, коррупция, билим берүүнүн деградациясы, баалуулуктардын жоктугу жана тышкы күчтөргө — Батышка, Кытайга, Россияга же Түркияга — өсүп жаткан көз карандылык көйгөйлөрүн чечип бере албайт.

Мунун каршысында аймакка этникалык бир туугандык идеясы эмес, жасалма чек араларды жеңип өтө турган жана коомго баалуулуктардын тартибин кайтара турган толук кандуу идеология керек экени ачык.

Тарыхта Ислам дал ушундай бириктирүүчү күч болгон. Бирок ал улуттук негизде эмес, цивилизациялык деңгээлде бириктирүүчү идеологиялык күч болгон. Дал ушул ислам өздүгү Уралдан Индияга, Синайдан Жети-Сууга чейинки аймакты бириктире алган. Ислам жөн гана руханий жакты гана эмес, институттук, экономикалык жана укуктук жактан да бул аймактарды бириктирген.

Шариат сот системасынын негизи болгон, вакфтар социалдык инфраструктуранын өзөгү болгон, ал эми медреселер билим берүү жана маданий борбор катары келечектеги аймактык элитаны даярдаган.

Ошондуктан ислам идеясына кайтуу — бул улуттук чектөөлөрдөн чыгып, келечектеги интеграциянын (биригүүнүн) негизин түзө турган жападан-жалгыз жол. Ислам өзүнүн чыныгы интеллектуалдык жана укуктук практикасы менен улутка негизделген долбоорлор жооп бере албаган суроолорго жооп тартуулайт: ресурстарды кантип адилеттүү бөлүштүрүү керек, олигархияны кантип жеңүү керек, бирдиктүү моралдык негизге ээ коомду кантип куруу керек деген суроолорго туура жоопторду ислам модели сунуштайт.

Азыр аймактагы улуттук мамлекеттер ички карама-каршылыктардан жана терең өзгөрүүлөргө жөндөмсүздүктөн жапа чегип турган учур. Мындай абалда Исламды улуттук чектен жогору турган, бириктирүүчү долбоор катары тандоо — бул Туран же Евразия идеясына альтернатива гана эмес, тарыхта кала турган кризисти ашып өтүү болот.

Бул долбоор саясий панисламизм түрүндө эмес, руханий, укуктук жана жаңы коомду тарбиялоо модели катары болушу зарыл. Ислам идеологиясы жана Ислам баалуулуктары миңдеген жылдар бою убакыттын сыноосунан өткөн жана ар дайым ар кандай кризистерди жеңип, ааламды адилеттүүлүккө бөлөп келген.

Туран сыяктуу этностук идеялар «биздикилер» жана «башкалар» деген чектөөлөрдү адамдардын аң-сезимине жаят. Ал эми чыныгы ислам — канга, тилге же улутка карап бөлбөстөн, адамдарды ыйман жана андан чыккан баалуулуктар жана чечимдер аркылуу бириктирет.

Ошондуктан Россия да, Түркия да канчалык күчтүү кампанияларды баштабасын, бул аймакты эч кимиси чындап бириктире албайт. Анткени алардын цивилизациялык көйгөйлөрдү чечүүдө сунуштап жаткан долбоорлору секуляристтик кабыкка оролгон долбоорлор. Алар канчалык урунушпасын, саясий да, идеологиялык да негизде Казань менен Кабулду, Бухара менен Бусраны, Дели менен Дербентти бириктире турган долбоорго каршы туруктуу эч нерсе сунуштай алышпайт!

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button