
С5+1 саммити жана Американын Борбор Азиядагы таасири
6-ноябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери катышкан саммит өттү. С5+1 форматындагы жолугушууда Вашингтондун бул аймактагы таасирин бекемдөөгө багытталган соода-сатык, дипломатия жана минералдык заттар жаатындагы бир катар макулдашуулар түзүлдү. О.э баалуу металдарды изилдөө, өндүрүү жана жеткирүү багытында атайын комитет түзүү сунушталды.
Америка Борбор Азиядагы саясатында негизги минералдык ресурстарга бай Казакстан менен Өзбекстанга өзгөчө көңүл бурат. Мындан улам, бул эки өлкө менен ири келишимдер түзүлдү. Токаевдин визитинин алкагында эки өлкө компаниялары ортосунда жалпысынан 17 млрд долларлык келишим түзүлдү. Алардын негизгилери сейрек кездешүүчү минералдар багытында болду. Маселен, дүйнөдөгү пайдаланыла элек жаткан эң ири вольфрам кендеринин бирин иштетүү багытында ири келишим түзүлүп, анын алкагында америкалык “Cove Kaz Capital Group” компаниясы Казакстандын мамлекеттик кен казуу компаниясы менен бирге түзүлө турган ишкананын акцияларынын 70 пайызына ээлик кыла турган болду.
Токаевдин айтымында, АКШ Казакстанга 100 млрд доллардан ашык инвестиция салган. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштын көлөмү 5 млрд долларга жетти. Казакстан Американын уранга болгон муктаждыгынын 25%ын камсыздайт. 600дөн ашык америкалык компания Казакстанда иш алып барууда.
Буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өткөн жолугушууларда Казакстан Кошмо Штаттардан 4 миллиард доллардан ашуун акчага темир жол локомотивдерин сатып алуу тууралуу келишимге кол койду.
Ушул сыяктуу эле келишимдер Өзбекстан менен АКШ компанияларынын ортосунда да түзүлдү. Маселен, баалуу металдарды өндүрүү багытында Өзбекстандын тиешелүү министрликтери менен АКШнын «Denali Exploration group», «Re Element Technologies», «Flowserve» сыяктуу компаниялары ортосунда келишимдерге кол коюлду.
Жалпысынан Өзбекстанда 300 АКШ компаниясы иш алып барууда. Буга чейин Өзбекстан АКШдан 8 миллиард долларга 22 “Боинг” учагын сатып ала турганы белгилүү болгон.
Борбор Азия чөлкөмүндө литий, бериллий, уран, вольфрам, молибден сыяктуу сейрек кездешүүчү жана стратегиялык маанидеги минералдар жана платина тобундагы сейрек металлдардын ири кору бар.
Геологдордун баамында, бул аймакта жер алдындагы сейрек кездешүүчү элементтердин кеминде 15%ы топтолгон. Кыргызстанда 200дөн ашуун стратегиялык чийки заттын кени, ал эми Казакстанда болжол менен 160, Өзбекстан менен Тажикстанда ондогон сейрек кездешүүчү кендер бар. Алардын көпчүлүгү али толук изилдене элек.
Белгилүү болгондой, С5+1 форматындагы жолугушуу 2015–жылы Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде түзүлгөн. Кийин Байдендин тушунда Нью-Йорк шаарында президенттердин деңгээлиндеги жолугушуу өткөн. Бул учурда Вашингтондун негизги саясаты Борбор Азияны бир аймак катары калыптандыруу үчүн коңшу өлкөлөр арасында биримдикти колдоого багытталган болчу. Муну Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун билдирүүсү да тастыктагандай болду.
Ал Трамп менен болгон жолугушуу учурунда: “Мен дагы мамлекет башчысы кызматына келгенде өзүм үчүн эң маанилүү артыкчылыктуу бир милдет койгом. Бул коңшу мамлекеттерибиз менен чек ара маселелерин ынак коңшулуктун нугунда чечүү”, – деди. О.э коңшу лидердер менен бирге бул милдетти, эң негизгиси тынчтык жолу аркылуу, ишке ашыра алганын айтты.
Жапаров бул иштердин жыйынтыгында Борбордук Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу өсүп, аймак менен кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатканын кошумчалады.
Жогорудан маалым болгондой, акыркы мезгилде эл аралык майданда баалуу металдар үчүн болгон күрөш күч алууда. Мындан улам, Америка бул тармакты негизги стратегия катары карай баштады. А бирок, сейрек кездешүүчү металдарды өндүрүү жана аны иштеп чыгуу тармагында Кытай буга чейин эле кадам таштап, алдыга озуп кетти. Кытай дүйнөлүк сейрек кездешүүчү металл өндүрүшүнүн болжол менен 70%ын көзөмөлдөйт. Ал дүйнөлүк сейрек кездешүүчү металлдардын запасынын дээрлик жарымын монополия кылып алган. Ал эми АКШнын үлүшү болгону 12%ды түзөт. Буга кошумча, Кытайдын Борбор Азия менен чектеш жайгашуусу аймактагы сырьену ташып кетүүсүнө кошумча мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, Европа Биримдиги да Америкадан өзүнчө Борбор Азия менен алакаларын күчөтүүгө аракет кылууда. Маселен, Европа быйыл апрель айында Самаркандда өткөн саммиттин алкагында жалпы аймак үчүн 13,2 миллиард доллардан ашуун инвестициялык пакетин жарыялаган. Мунун негизги бөлүгү баалуу металдарды өндүрүүгө багытталган. Бул болсо, сейрек кездешүүчү металлдар үчүн күрөш келечекте дагы күчтүү уланаарын көрсөтүүдө.
Ал эми, аймактагы кен байлыктарды ташып кетүү үчүн Борбор Азияны Европага туташтырган коридорлордун мааниси дагы да артып жатат. Бул үчүн Ортоңку коридор жана жакында эле Трамп коридору деп аталган аймакты Азербайжан аркылуу Европага туташтырган Зангезур коридору кызмат кылат.
Демек, ири державалар материалдык пайдага жетүү үчүн тынымсыз аракет кыла берет. Айрыкча, ресурстар үчүн күрөш күчөп жаткан мезгилде Борбор Азиянын мааниси дагы да артат. Андыктан, биз мусулмандар аймактагы стратегиялык жайларды, кен байлыктарыбызды бул державалардын айла-амалдары үчүн майдан кылып бербешибиз керек. Тескерисинче, Алланын өкүмүнө ылайык, каапырлардын биздин үстүбүздөн өкүм жүргүзүүсүнө жол бербөө үчүн биригип, мусулмандардын калканы болгон Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда аракет кылышыбыз зарыл. Дүйнө бул азаптан жана байлыктардын тонолушунан улуу Ислам мабдасы аркылуу гана кутула алат.
Нурдин Асаналиев




