
Санариптик далилдер — көзөмөлдүн жаңы куралы
Кыргызстандын Юстиция министрлиги, “кылмыш-жаза процессуалдык кодексине” жана “укук бузуу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү документин коомдук талкууга чыгарып жатат. Бул проект «санариптик далилдер институтун имплементациялоо» зарылчылыгы менен негизделүүдө. Расмий себеп катары, санариптик технологиялар аркылуу кылынып жаткан киберкылмыштардын, алдамчылыктын өсүшү айтылууда. Бирок бул “юридикалык алдоонун” аркасында, мамлекет улуулап келген адамдык укуктарга коркунуч туудура турган тенденция жашырылган.
Санариптик маалыматты өз алдынча далил катары таануу идеясы, укук коргоо органдарынын ишин жогорулатууга багытталган техникалык чара катары сунушталууда. Бирок иш жүзүндө мындай өзгөртүүлөр, жарандардын жеке санариптик жашоосуна каалагандай кийлигишүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачат. «Санариптик далил» деген бүдөмүк түшүнүк жеке кат алышуу, социалдык тармактардагы жарыяларды, лайктарды, сүрөттөрдү, видеолорду камтыйт. Башкача айтканда, ар кандай санариптик кыймыл аракет, далил катары чечмелениши мүмкүн. Маалыматты чын-бышыгын жана мыйзамдуулугун текшерүүчү процедуралардын жоктугунан, мындай далилдерди жасалмалоо же саясий куугунтук үчүн колдонууу коркунучтары абдан чоң.
Алдамчылыктын өсүшү, өзгөртүүлөргө негизги себеп болуп жаткандыгы да күмөн жаратат. Бул сунуш менен кошо статистикалык маалыматтар, коркунучтардын масштабдуулугу жана учурдагы мыйзамдардын натыйжалуулугунун анализдери келтирилген жок. Коомдук колдоого жетишиш үчүн жана юридикалык легитимдүүлүккө ээ болуу үчүн маселе атайлап чоңойтулуп жаткандай көрүнөт. Чынында бул жарандарды коргоо үчүн эмес, тескерисинче алардын көзөмөлүн күчөтүүгө каратылган демилгелер. Алардын ыкмасы жөнөкөй – коомдун сезимталдыгын, коркуусун пайдаланып өз кызыкчылыктарына жетишип алуу.
Юстиция министрлиги, өзгөртүүлөр жарандардын укуктарын коргоого жана адилеттүүлүктү сактоого багытталганын белгилөөдө. Бирок авторитардык режимдерде мындай билдирүүлөр көбүнчө декларативдик чүмбөт катары колдонулат. Жеке жана коомдук көзөмөл жок шартта жана эң башкысы — атка минерлердин такыбалыгы, Кудайдын түзүмү жок болгон абалда, мыйзам жеке кызыкчылыктарды камсыздоо үчүн гана иштеп калат.
Негизги коркунуч санариптик мейкиндиктин алкагында болуп жатат. Буга чейин ал ой-пикир билдирүү жана коомдук талкуу үчүн эркин аянтча болуп келсе, эми ал толук көзөмөлгө алынуу коркунучунда турат. Мамлекеттик түзүмдөрдү сынга алуу, жарандык демилгелерге катышуу же саясий дебаттарга аралашуу — мунун баары «санариптик технологияларды колдонуу аркылуу башка жарандардын укуктарын бузган ишмердик» катары чечмеленип, кылмыштык же административдик жоопкерчиликке негиз болуп калышы мүмкүн.
Санариптик кыймылдарды далилге айландыруу — бул жаңы көзөмөл режимин негиздөө. Мындай режимде башкача ой жүгүртүү, башкача сүйлөө жана башкача аракет кылуу коркунучка айланат. Киберкылмыштарга каршы күрөш деген шылтоо менен санариптик репрессиянын жаңы формасына негиз түзүлүп жатат.
Мындай демилгелерди коомдук талкууга чыгаруу маанилүү этап. Коом мындай демилгелерден баш тартуусу керек! Бирок маалыматка жетүү чектелген абалда, көз карандысыз экспертизалар аздык кылып жатканда жана активисттерге орой басым кылынган учурда — чыныгы дискуссия жөнүндө сөз кылуу өтө кыйын. Акыл калчап ой жүгүрткөн жарандар, бул техникалык реформа эмес, бийликтин коомду көзөмөлдөөгө карай кезектеги кадамы экендигин түшүнүшү зарыл! Эгер бүгүн бул мыйзам «алдамчылык менен алектенгендерге каршы» колдонулса, эртең ал саясий активисттерге, өз көз карашы бар диний ишмерлерге, кийин бийликке каршы сөз айткысы келген ар бир жаранга колдонулушу мүмкүн.
Абду Шүкүр