Сөз үчүн сыналуу

Сөз үчүн сыналуу
Адамзат тарыхы жөн гана таанып-билүү жолу эмес, далилдөө жолу. Ойчулдардын, пайгамбарлардын, жазуучулардын, коомдук ишмерлердин бардыгы бир нерсеге чакырып, тастыкташкан жана таалим беришкен.
Өзгөчө тунук көрүнгөн жайы – кимде ким бир нерсени далилдеп аны ырастоого урунган болсо, ошол иши үчүн аны сыноо күтүп турган. Кудум аларды: кана, айткан сөзуңдү иш жүзүнө ашырчы! деп сынап жаткандай.
Аллахтын элчилери (аларга тынчтык болсун) мындай сыноолорду эң жогору жана чырайлуу даражада тайманбастан баштан өткөрүшкөн. Ибрахим (алайхис салам) Аллахтын жалгыз экендигин элге коркпостон жарыя кылып, ишине толук берилип кызмат кылууга даяр экенин Роббисине көрсөтө алган. Акыры ал көтөргөн улуу жоопкерчиликтин аркасынан чоң сыноо ээрчип келди. Ага, уулун курмандыкка чалуу буйрулду. Аюб (алайхис салам) Аллахка эң көп шүгүр келтирүүчү пенде болуп белгилүү болду. Шайтан, Аюбтун (алайхис салам) шүгүрү динге эмес байлыкка негизделген деген ушакты жибергенде, Аюб кедейлик, ооруу жана жалгыздык менен сыналды. Ошондой кыйын абалда да, ал шүгүр кылууну токтотпостон анын тили: «(Раббим), мени кырсык—балээ кармады. Өзүң ырайым кылуучулардын ырайымдуусусуң», деп кайталап кала берди.
(Куран, 21:83).
Бул — айткан сөздөрдүн (убадалардын) реалдуулукка толук ылайык келгенине мисалдар. Бирок тарых башка көрүнүштөргө да күбө болгон.
Моралдык жана философиялык чындыкты ырастап китеп жазган авторлор көп болгон, бирок ошол эле учурда алар өзүлөрү көтөрүп чыккан түшүнүк жана ураандарга бекем турбай, сыноолорго учураганда туруштук бере албаган. Мисалы, психоаналитик жана жазуучу Р. Д. Лэйнг психикалык оорулардын табияты жөнүндө идеялары менен белгилүү болгон, бирок өмүрүнүн аягында өзү оор психикалык кризистерден, көз карандылыктан жапа чеккен. Же болбосо Тимоти Лири — ЛСД (психоделикалык зат) аркылуу эркиндикти даңазалаган, бирок акырында түрмөгө түшүп, эркиндигин да, акылын да жоготкон.
Атагы чыккан Жорж Оруэлл — «1984» чыгармасы аркылуу тоталитаризм менен күрөшкөн, бирок өмүрүнүн аягында үмүтсүздүккө түшүп, өлүм алдында өз ишенимине каршы чыгып атайын кызматтар иштешкени айтылат.
Наполеон Хилл — «Пикирле жана байы» деген китептин автору. Ал пикир адамды байлыкка жеткирет деп ишенип китеп жазган, бирок өзү өмүр бою карыздан кутула албай, соттошуп, кээде кредиторлордон жашынып жүргөн.
Дейл Карнеги — «Досторду кантип табуу» деген китептин автору, адамдар менен оңой тил табышууну үйрөткөн, бирок өмүр бою жалгыздык жана үй-бүлөдөгү келишпестиктер менен жашаган. Биринчи никеси ажырашуу менен аяктап, экинчи жубайы өзүн өзү өлтүргөн.
Карл Юнг психолог жана өзүн-өзү таануу боюнча адис саналган. Адам өзүнүн «көлөкөсүн» таанып, ичиндеги архитиптерди билүүсү менен жана аларды интеграциялоо аркылуу айыгат деген. Бирок ал адистеш досу Фрейдден ажырагандан кийин өзү оор психологиялык кризиске түшүп, «чыгармачылык жиндиликке» дуушар болгон. Азыркы доордо анын жоруктары психоз деп бааланмак.
Дэвид Фостер Уоллес — «Чексиз тамаша» романында депрессияны жеңүүнү, капиталисттик тозокто өлүп кетпөө, күнүмдүк жашоодо жагымдуулукту табуу тууралуу жазган, бирок өзү терең депрессиядан чыгалбай, психотроптук препараттарды ичип жүрүп, 46 жашында өз өмүрүн кыйган.
Сильвия Плат — поэтесса, феминист, психолог аял болгон. Аялдын күчү, ички өзгөрүү, депрессия жана психоанализ тууралуу китептерди жазган. Бирок жашоосунда бактысыздыкка учурап, күйөөсүнүн кыянаттыгынан кийин терең депрессияга кирип, жалгыздыктан кыйналган. Акыры 30 жашында өзүнүн өмүрүн кыйган. Анын психологиядагы билими аны куткара алган жок.
Джордано Бруно – эркин ойго, динден көз карандысыз болууга чакырган.
Ааламдын көптүгү, чексиздиги, пикирдин кубаттуулугу тууралуу сүйлөгөн. Бирок сыноонун алдында көз караштарынан кайтпаса да, өлүмдөн алдын жинди болуп калган.
Демек бул жерде: такыр сүйлөбөй коюу мүмкүн болбогон учурда, эмне кылуу керек? – деген суроо туулат.
Өз ишенимиңди сыноого учурабастан руханий деңгээлде жандуу калган абалда кантип билдирсе болот?
Мунун жообу төмөнкү ыкмада болушу мүмкүн: башкалар жөнүндө сүйлөп, бирок өзүн кармай билүү тагыраак айтканда, ар бир түшүнүктү көтөрүп чыккан учурда, ошол түшүнүктү биринчи өзүнө иштетүү зарыл. Башкача айтканда дүйнө жөнүндө сөз кылып жатып, алгач өзүңө кам көрүү шарт. Бул куулук эмес, психотехника да эмес — тагыраагы, бул Аллахтын алдында эң чырайлуу тарбияны жана жөнөкөйлүктү көрсөтүү.
Куранда:
«يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قُوا أَنفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَارًا»
«Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү Тозок отунан сактагыла…» деп айтылат.
(Куран, «Ат-Тахрим» сүрөсү, 66:6).
Бул аяттагы «قُوا أَنفُسَكُمْ» — «өзүңөрдү сактагыла» деген сөздөр биринчи орунда турат. Адегенде сен өзүңдү эпте. Биринчи сен өзүңдү оттон, жамандыктан, эки жүздүүлүктөн жана ички адашуудан сактап калууга милдеттүүсүң. Андан соң үй-бүлө, коом, үммөт турат. Бул — Жараткандын түз буйругу.
Буга башка эскертүү да байланыштуу:
«يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفْعَلُونَ»
«Эй, ыйман келтиргендер! Эмне үчүн өзүңөр кылбаган нерсени айтасыңар?»
(Куран, «Ас-Сафф» сүрөсү, 61:2).
Бул аят ишеним менен сүйлөөгө кадам таштаган ар бир адамга кайрылуу болуп саналат. Ар бир сөз өзүнө шайкеш келишин талап кылат. Шайкеш келтире албастык — кээде аны өзүбүз түшүнбөсөк да кемчиликке жатат.
Буга тиешелүү дагы бир маанилүү эскертүү бар:
«مَا يَلْفِظُ مِن قَوْلٍ إِلَّا لَدَيْهِ رَقِيبٌ عَتِيدٌ»
“Ал (адам) бир да сөз сүйлөбөйт, эгер (сүйлөсө) анын алдында даяр коруп турган бир күзөтүүчү (периште ал сөздү жазып алат)”.
Ар бир сөз — абага тарап кеткен үн эмес, натыйжага алып келе турчу амал менен коштолушу керек. Айткан сөздөрүбүз бизди чындыкка жакындатат же алыстатат. Сылыктык, сабырдуулук, жумшактык алсызды эмес, акылмандык жана данышмандыкка жатат.
Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ адамдардын эң сыймыктуусц болсо да, эң уяттуу жана жөнөкөйү болгон.
Бул тууралуу өзү да:
«الحياءُ شعبةٌ من الإيمانِ»
«Уяттуулук — ыймандын бир бөлүгү» деп айткан.
(Сахих Бухари, хадис № 9).
Анын ﷺ мүнөзүн сахабалар сүрөттөп: Ал ﷺ орой болгон эмес, кыйкырган эмес, өзүн көтөргөн эмес, өзү үчүн өч албаган, кечиримдүү жана чыдамдуу болгон” деп айтышкан.
Күндөрдүн биринде чөлдөн бир адам келип, Пайгамбарыбыздан зекет талап кылат. Пайгамбарыбыздын кийиминен катуу тартканынан, терисинде из калып кетет. Бирок ал ﷺ ачууга алдырбастан жылмайган абалда, ага сураганын берген. Бул жөн гана жоомарттык эмес, бул баардык нерсени өзүнө кабыл ала бербестиктин белгиси. Ал ﷺ «эгоизмден» алыс болууга “мен-менсинүүгө” берилбөөгө чоң үлгү көрсөткөн.
Пайгамбар ﷺ бул тууралуу:
«من رأى منكم منكرًا فليغيره بيده، فإن لم يستطع فبلسانه، فإن لم يستطع فبقلبه، وذلك أضعف الإيمان»
«Араңарда кимде-ким жамандыкты көрө турган болсо аны колу менен өзгөртсүн. Эгер ал нерсе колунан келбесе тили менен өзгөртсүн. Эгер ал да болбосо жүрөгү менен жек көрүп койсун. Бирок бул ыймандын эң төмөнкү даражасы» деп айткан.
(Сахих Муслим, хадис № 49).
Жогорку хадистеги даражалар, ар ким сөз айтууга жөндөмдүү эмес экендигин, ар ким сөз айта бериши да шарт эмес экендигин көрсөтөт. Кээде жамандыктан жүрөктө эле азап тартуу гана жетиштүү болот. Бирок сүйлөй турган болсоң эң биринчи ал сөз өзүңө тиешелүү болушу керек. Ал нерсе сенде табылышы керек.
Куранда:
«وَقُل لِّعِبَادِي يَقُولُوا الَّتِي هِيَ أَحْسَنُ»
“Пенделериме айткын, алар (өз ара сүйлөшкөндө) эң көркөм сөздөрдөн сүйлөшсүн” деп айтылат.
(Куран, «Аль-Исра», 17:53).
Сөз бычак сыяктуу курал. Сөз аркылуу дабаласаң болот, жараласаң да болот. «Жакшылыктын туу чокусу» — жумшак сөз гана эмес, текебердиктен, ачуудан жана өзүн жогору коюудан арылган сөз.
Андыктан ар дайым, дүйнө тууралуу адамдар, жакшылык же жамандык жөнүндө айтканда, алгач өзүңдү эсеп-китеп кылышың зарыл. Сен айтып жаткан нерсе сенде барбы? Бул өзүн кемсинтүү эмес, бул чынчылдыкка жетишүү.Ээгер сен:
«Адамдар көп учурда жалгыз…» деп айта турган болсоң, демек, сен да жалгызсын, сен да изденген жансың.
«Биз ыраазы болушубуз керек…» десең, демек, сен дагы ыраазычылыкты үйрөнүшүң керек.
«Башкалардын оюна көз каранды болуп жашабоо керек…» десең демек, сен дагы башкалардын баасына көз каранды болуп калбашың шарт.
Бул ыкма — сыноодон айланып өтүү эмес. Бул адамдын уңгусуна кайтуу. Өзүңө кам көрүү — эгоизм эмес. Бул кызмат кылуунун башталышы. Өзүң куткарылбасаң башканы куткара албайсың. Өзүң суусасаң башканы сугара албайсың. Өзүң топтобосоң башкаларга эч нерсе чача албайсың.
Пайгамбарыбыз ﷺ «кылгыла» дебестен, «менден үлгү алгыла» деп жол көрсөткөн. Ал алгач өзү кылчу. Анын жумшактыгы, сабырдуулугу, өзүн көзөмөлдөшү алсыздыктын эмес, күч менен таасирдин булагы болгон. Бул ишенимди калкан катары эмес, чакыруу катары көрсөткөн ыкма.
Бүгүн, сөздүн баркы кетип, ар ким кыйкырып, талашып, доомат кылып калган заманда, өзгөчө маани бере турган амал бар: эң оболу өзүңө карап сүйлөө зарыл. Ошондо сөз курал эмес, жолго айланат. Сыноо келсе, ал жаза катары келбестен, жолдун уландысы болот. Ал сыноо бузулууга эмес, тазаланууга айланат.
Оо Аллахым, бизди өзүнөн баштоочулардан, жакшы сөз сүйлөгөндөрдөн, атына заты шайкеш болгондордон кыла көр! Сенин түз жолуң менен жүргөндөрдөн кыла көр.
Абду Шүкүр




