
Тажикстан саммити: Борбор Азиядагы таасир талаш
Президент Садыр Жапаров 9-октябрда, Тажикстанда өтүп жаткан “Борбор Азия – Россия” Экинчи саммитине катышты. Ал өз сөзүндө, Кыргызстан үчүн Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия ар дайым негизги өнөктөш бойдон кала берерин баса белгиледи. “Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк рынокторго жол ачкан эл аралык транспорттук коридорлордун бир бөлүгү болуп калууда. Региондун транспорттук потенциалын ишке ашырууга жана Россиянын Кытай, Иран жана башка өлкөлөр менен транспорттук байланышын камсыздоого багытталган долбоорлорду ишке киргизүү боюнча биргелешкен ишти күчөтүү зарыл деп эсептейм”, – деди Жапаров.
Ал эми, Россия президенти Путин Россиянын Борбор Азияга салган инвестициясынын көлөмү 20 миллиард доллардан ашарын билдирди. Анын айтымында, Москва Борбор Азиядагы компаниялардын Россиянын өнөр жайды өнүктүрүү боюнча масштабдуу программаларына кошулушуна кызыкдар. Россия Борбор Азия менен жаңы логистикалык байланыштарды түзүүгө даяр. Анда “Түндүк —Түштүк” жана “Чыгыш — Батыш” магистралдык каттамдарын жолго коюу негизги тапшырма болуп саналат.
А бирок, Россиянын Украинадагы согуш жана Батыш киргизген санкциялар себептүү экономикалык абалы дурус эмес. Андыктан, жакынкы убакта мындай ири долбоорлор үчүн инвестиция салышы да арсар. Россия үчүн негизги маселе Борбор Азиядагы таасирин сактап калуу болуп эсептелет. Анткени, Борбор Азия аймагы Чыгыш менен Батышты туташтырган негизги түйүн. Аймактагы табигый байлыктар Араб булуңунан кийинки экинчи орунда турат. Мындан улам, акыркы мезгилде колонизатор мамлекеттер региондо таасирин арттырууга аракет кылып жатат. Борбор Азия – Россия саммити да дал ушул максатта уюштурулган. Тагыраагы, Америка, Европа жана Кытайдын С5+1 форматындагы саммиттерине альтернатива катары түзүлгөн.
Бул ири мамлекеттер Борбор Азия байлыктарына ээ болуу үчүн аймактагы стратегиялык жолдорду көзөмөлгө алууга кызыктар. Муну алардын расмийлери билдирген сөздөрү да тастыктап турат: АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 2023-жылы Мамлекеттик департамент тарабынан жарыяланган расмий билдирүүсүндө мындай деген: “Борбор Азиядагы туруктуу жана натыйжалуу транспорттук коридорлор бул аймакта экономикалык өсүшкө гана жол ачпастан, дүйнөлүк базарлар менен да байланыш түзөт”. Америка Борбор Азияны өз тарабына тартуу үчүн эки фронт аркылуу иш алып барууда. Анын биринчиси түзмө-түз С5+Америка саммити аркылуу болсо, экинчиси Түркия жана Түрк мамлекеттер уюму аркылуу аймактагы Россия менен Кытайдын таасирин алсыраткысы келет. Ушул максатта 7-октябрда Азербайжандын Габала шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 12-саммити болуп өттү. Түрк мамлекеттер уюму Борбор Азия аймагындагы мусулмандардын улутчулдук туйгуларын козгоо аркылуу аларды Россия менен Кытайдын таасиринен алыстатууну максат кылат. Демек, Түрк мамлекеттер уюму Американын колундагы бир курал болуп, расмий Вашингтон аймактагы мамлекеттерге Эрдоган аркылуу таасир өткөрүүгө аракет кылат.
Кытайдын президенти Си Цзиньпин мындай деди: «Кытай Борбор Азия менен транспорттук байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар. Биз Каспий деңизинен өтүүчү эл аралык транспорт коридорунун өнүгүшүн колдойбуз жана Кытай менен Кыргызстан жана Өзбекстанды байланыштырган темир жолдун курулушун илгерилетип жатабыз».
Астанада өткөн Борбор Азия+Кытай саммитинин декларациясында болсо тараптар Бээжиндин “Бир алкак – бир жол” демилгесин жогору баалап, аны улуттук стратегиялар менен айкалыштыруу боюнча ишти күчөтүүгө даяр экенин билдиришти. Ушул максатта, Кытайды Европага туташтырган “Ортоңку коридор” маршрутунун мааниси арта баштады. Ал эми, Кыргызстанда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен мындай деди: «Биз Борбор Азияны Европа менен Азияны байланыштырып турган туруктуу жана экологиялык таза транспорттук байланыштардын негизги түйүнү катары карайбыз». “Борбор Азия — Европа Биримдигинин” саммити быйыл апрель айында Самаркандда өтүп, Европа аймактагы стратегиялык мааниге ээ кен байлыктарга кызыгуусун көрсөттү. Брюссель жалпысынан аймак үчүн 13,2 миллиард доллардан ашуун инвестициялык пакет жарыялады.
Демек, Борбор Азия үчүн колонизатор мамлекеттердин таасир талашы келечекте мындан да артышы күтүлөт. Айрыкча, ресурстар үчүн күрөш күчөп жаткан мезгилде Борбор Азиянын мааниси дагы да артат. Андыктан, биз мусулмандар аймактагы стратегиялык жайларды, кен байлыктарыбызды бул державалардын айла-амалдары үчүн майдан кылып бербешибиз керек. Тескерисинче, Алланын өкүмүнө ылайык, каапырлардын биздин үстүбүздөн өкүм жүргүзүүсүнө жол бербөө үчүн биригип, мусулмандардын калканы болгон Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда аракет кылышыбыз зарыл.