Комментарий

Мекке союзунун түпкү максаты

Мекке союзунун түпкү максаты

Пакистан Иранды өзүнүн таасирин Йемендеги хусийлерге («Ансар Аллах») колдонуп, Сауд Арабиясына каршы күчөп бараткан чабуулдарды токтотууга чакырды. Ошондой эле бул соккулар кеңири масштабдагы регионалдык кризиске айланып кетиши мүмкүн  экенин эскертти. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги билдирди.

Пакистандын коргоо министри Хаважа Асиф Сауд Арабиясына каршы жасалган ар кандай агрессия  Мекке коргонуу союзунун (Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистандын ортосундагы үч тараптуу келишимди) ишке киргизүүгө алып келиши мүмкүн экенин айтты.

«Биз бул пакттын талаптары менен байланганбыз жана эгер союздаштарга каршы агрессия жасалса, биз өз милдеттенмелерибизди аткарабыз. Бул боюнча эч кандай эки ача түшүнүк болбошу керек»,  деди Хаважа Асиф «Geo TV» телеканалына берген маегинде.

Сауд Арабиясы жана Түркия менен коргонуу келишимин түзгөн Пакистан ыктымалдуу аскерий аралашуу Сауд Арабиясынын аймагын коргоо менен гана чектелерин, Йемендин аймагында түздөнтүз аскерий операциялар жүргүзүлбөй турганын билдирди.

Комментарий: Пакистан коргоо министри «Мекке союзунун» түпкү максатын ачыктап жатат. Тагырак айтканда, бул союз Иранды кысымга алган курал экенин ачыктоодо. Мындан улам, ал регионду кезектеги ич ара согушка тарткан аракеттин белгисин берүүдө. Арийне бул нерсе регионду дагы да майдалоого умтулуп жаткан жана Иранга каршы согушта жеңишке жете албай айласын таппай жаткан АКШнын кызыкчылыгына кызмат кылары шексиз.

Ушул орунда мындай суроолор туулат: Газада яхудийлердин бомбалары астында 70 миңден ашуун мусулмандар кырылып жатканда, Ирак менен Афганистанга кресттүү Батыш кол салып киргенде, Сирияда Башар Асад мусулмандарга бомба жаадырып, химиялык курал колдонуп жатканда, Кашмирдеги мусулмандар индус режиминин зудумдугу астында кан төгүп жатканда, аларга каршы эмне үчүн союздар түзүлгөн жок? Бул акимдер АКШнын кызыкчылыгы талап кылганда гана союз түзөбү? Деги, качан мусулман өлкөлөрү чыныгы душманга каршы биригишет?

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button