Роя гезити
Нигер: мамлекеттин алсыратылышынан аны ким кайра калыптандырышына чейин!

Нигер: мамлекеттин алсыратылышынан аны ким кайра калыптандырышына чейин!
2026-жылдын 29-августу, ишемби күнү таңга маал борбор шаар Ниамейди дүрбөлөңгө салган аскерий козголоңдон кийин Нигер коопсуздук жана саясий туруксуздуктун жаңы баскычына кирди. Бул генерал Абдурахман Тчиани 2023-жылдын июлунда бийликке келгенден берки анын режимине каршы эң олуттуу ички чакырык болду.
Коргоо министрлигинин расмий билдирүүсүнө ылайык, аракет түн ортосунан кийин башталган. Анда бир топ аскер Диори Хамани эл аралык аэропортунун аймагында жайгашкан №101 авиабазанын ичинде өздөрүнүн бир нече кесиптешин кармап, андан соң борбордогу маанилүү объектилерге ок чыгарышкан. Министрдин айтымында, коргонуу жана коопсуздук күчтөрү тез арада кийлигишип, бутага алынган объектилерди акырындык менен кайрадан көзөмөлгө ала баштаган. (Аль-Жазира, 29.08.2026).
Бирок болгон окуя казарманын ичиндеги чектелүү гана козголоң эмес эле. Аэропорттун, авиабазанын жана президенттик сарайдын айланасында катуу атышуулар менен жарылуулардын үндөрү угулуп, козголоңчулар борбор шаардын жүрөгүндөгү бийлик объектилерине жакындаганга аракет кылышкан. Ошондой эле алардын аракети улуттук телеканалдын имаратын да камтып, анын берүүсү бир нече саатка токтоп, кийин кайра жанданган. Бул кадам ачык саясий мааниге ээ. Анткени расмий маалымат каражаттарын көзөмөлгө алуу борбор шаарды жана мамлекеттик мекемелерди ээлөөгө багытталган ар кандай төңкөрүш аракетинин негизги элементтеринин бири болуп саналат. (Аль-Халиж гезити, 30.08.2026)
Маалыматтарда президенттик гвардия Тчианиге берилгендигин сактап, козголоңчулардын президенттик сарайга киришине бөгөт койгону айтылды. Андан соң бийлик козголоң толук көзөмөлгө алынганын, бутага алынган жайлар кайра өз карамагына өткөнүн жана кырдаал кадимки абалына келгенин билдирди. Диори Хамани аэропорту да кайра иштей баштады. Жоготуулар боюнча бийлик толук жана акыркы санды жарыялаган жок. Бирок мамлекеттик телеканал ондогон аскер өлтүрүлгөнүн жана камакка алынганын кабарлады.
Бул окуянын мааниси жоготуулардын саны менен гана чектелбейт. Козголоңчулардын кайсы объектилерди бутага алганы да өзгөчө мааниге ээ. №101 авиабаза, Ниамей аэропорту, президенттик сарай жана улуттук телеканал — өлкөдөгү аскерий, саясий жана маалыматтык күчтүн негизги борборлору.
№101 база ушул жылдын ичинде буга чейин эле эки жолу чабуулга кабылгандыгы өзгөчө көңүл буруучу жагдай. Биринчи чабуул январда болуп, аны Сахелдеги «Ислам мамлекети» уюму жасаган. Бийлик анда кол салгандардын 20сы өлтүрүлүп, төрт аскер жарадар болгонун билдирген. Экинчи чабуул июнда болуп, анын жоопкерчилигин «Ислам жана мусулмандарды колдоо жамааты» өзүнө алган. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул чабуулда коопсуздук күчтөрүнүн 11 кызматкери жана эки жай тургун каза болгон, ал эми кол салгандардын 22си өлтүрүлүп, 20га жакын шектүү кармалган.
№101 базанын мааниси анын Диори Хамани аэропортунун аймагында жайгашканы жана армиянын абадан аракеттенүү жана чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүндө, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттарды пайдаланууда маанилүү рол ойнойт. Ошондуктан мурда куралдуу топтордун бутасы болуп келген бул базанын эми ички козголоңдун майданына айланышы Тчиани режиминин коопсуздук түзүмү туш болуп жаткан алсыздыктын топтолгон символу болуп калды.
Америкага жан тарткан бул режим бүгүн ар түрдүү күчтөрдүн т.а. куралдуу топтордон тартып козголоң чыгарган аскерлерге чейинкилердин каршысында калды. Алар иш жүзүндө бир эле объектти бутага алууда кесилишти. Ал объект Нигердеги Франциянын таасири менен тарыхый жактан байланышкан аскерий жана эгемендик символикасын өзүндө камтыйт. Ошентип, мамлекеттин эң негизги күч борборлорунун бири, борбор шаарды коргоп, анын аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыз кылуучу чеп болушу керек болгон жай ачык алсыз чекитке айланды. Бийликтин каршылаштарынын ар түрдүүлүгү алардын бийликтин күч борборлорунун бирине сокку урууда жана коопсуздукту көзөмөлдөө символун анын назиктигинин белгисине айландырууда кызыкчылыктарынын кесилишине тоскоол болгон жок.
Козголоңдун мааниси базанын өзүнүн чегинен да ашып кетет. Анткени ал Тчиани бийликке келгенден бери анын артынан калбай келе жаткан карама-каршылыкты кайрадан алдыңкы планга чыгарды. Генерал 2023-жылдын июлунда шайланган президент Мухаммад Базумду бийликтен кулатып, аны өлкөнүн коопсуздугуна доо кетирди деп айыптаган. Анткени бийликтин куралдуу топторго каршы туруудагы жана коопсуздукту камсыз кылуудагы ийгиликсиздиги төңкөрүштүн эң негизги жүйөлөрүнүн бири болгон. Үч жылдан кийин режим кайрадан ошол эле көйгөйгө туш болду, бирок бул жолу андан да кооптуу көрүнүштө болду. Коопсуздук абалынын начарлашы армияны тышкы каршылаштарына каршы күрөштө гана алсыратпастан, анын ички биримдигине да таасир эте баштады. Маалыматтарда жоготуулардын уланышы жана аскерий басымдан улам пайда болгон нааразычылык айрым аскерлердин козголоңуна түрткү берген факторлордун арасында болгону айтылат.
Ошентип, кризис мамлекет менен куралдуу топтордун ортосундагы согуштан армиянын өз ичиндеги ишеним кризисине айланып, аскерий түзүмдү алсыратуунун эң кооптуу көрүнүшүнө өтүүдө. Бийлик козголоңду көзөмөлгө алып, бутага алынган объектилерди кайра кайтарып алууга жетишти. Бирок аскерлердин бир тобунун ушундай маанилүү объектилерге чейин жетишинин өзү эле мамлекетти сыртынан көзөмөлдөп туруу аскерий түзүмдүн ичи да сөзсүз биримдиктүү эместигин көрсөтөт.
2023-жылдагы төңкөрүштөн кийин Нигерде болгон геосаясий өзгөрүүлөр кырдаалды ого бетер татаалдаштырууда. Аскерий бийлик Франция менен мамилесин үзүп, анын күчтөрүн өлкөдөн чыгарды. Андан кийин Америка менен да ушундай кылгандай түр көрсөтүп, Американын жашыл жарыгы менен Орусияга багыт алды. Ошондой эле Американын буйругу менен Мали жана Буркина-Фасо менен Сахел мамлекеттеринин альянсынын алкагында союз түздү. Акыркы козголоң учурунда болсо Орусиядан жардам алды, анткени бутага алынган базада орус күчтөрү бар эле.
Ал эми Нигер бийлиги буга чейин январдагы чабуулдан кийин Францияны өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракет кылды, куралдуу топтор менен кызматташты жана Нигердин аба мейкиндигин бузду деп айыптаган. Париж бул айыптоолорду четке каккан. Ошого карабастан, маселе эми аскерий бийлик менен куралдуу топтордун ортосундагы күрөш менен гана чектелбей калды. Тескерисинче, ал Батыштын таасирин шыпырып салуу деген жамынуунун астында өз союздарын кайра түзгөн өлкөнүн ичиндеги таасирди кайра бөлүштүрүүгө да байланыштуу болуп калды. Ошол эле учурда Түркия баш болгон башка күчтөр да Нигердеги өз катышуусун жана кызыкчылыктарын кеңейте баштады.
Ушул өңүттөн алганда, режимге жасалып жаткан удаалаш соккуларды аны алсыратуу жана күчтөн тайдыруу аракеттери менен гана чектелбеген, күчтөрдүн тең салмагын кайра калыптандыруучу фактор катары кароого болот. Куралдуу топтор аны сырттан алсыратууда, аскерий козголоң анын ички назиктигин ачып көрсөттү, ал эми Орусиянын кийлигишүүсү режимдин ага болгон убактылуу байланышын күчөтүп, Америкага карталарды кайрадан жайгаштырып, ролдорду бөлүштүрүүгө шылтоо болду. Айрыкча, 2023-жылдагы төңкөрүшкө чейин эле иштин тизгинин кармап турган Америка экенин эске алганда абал ушундай. Ал эми бийликтин мындан ары дагы алсыроосу башка күчтөргө кайрадан позиция ээлеп, өлкөнүн келечегине таасир көрсөтүү үчүн жол ачат.
Бул абалда Түркия өзгөчө мааниге ээ болууда. Анткени ал акыркы жылдары Нигердеги катышуусун, өзгөчө коргонуу, чалгындоо жана энергетика тармактарында улам кеңейтип, бул өлкөнү Батыш Африкадагы таасирин кеңейтүүчү дарбаза катары карап келди. (Аль-Жазира, 28.07.2024). Ошентип, Америкага жан тарткан режим көрсөтүүгө аракет кылгандай, бул майдан эми Батыш менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу атаандаштык менен гана чектелбей калды. Тескерисинче, ал Европанын таасирин бутага алган күчтөр, алардын эң негизгилери Америка, Түркия жана Орусия катышкан кеңири атаандаштыкка ачык болуп калды.
Өзүнө караштуу «Африка корпусу» аркылуу Африканын Сахел өлкөлөрүндө мусулмандардын канына малынган Орусия болсо, куфрдун жана кылмыштуулуктун башы болгон Американын жалданма киши өлтүргүчүнөн башка эч нерсе эмес. Америка убада кылган айрым эл аралык пайдаларга азгырылып, Орусия бул ыплас милдетти аткарууга макул болууда.
Ушундан улам козголоңдун ийгиликсиз аякташы кризис бүттү дегенди билдирбейт. Тескерисинче, бул Нигердин келечеги үчүн күрөштүн жаңы баскычынын башталышы болушу мүмкүн. Бийлик бутага алынган объектилерди кайра көзөмөлүнө алды, бирок бул окуядан кийин Орусиянын колдоосуна мурдагыдан да көбүрөөк көз каранды болуп калды. Ошол эле учурда куралдуу топтордун басымы жана аскерий түзүмдүн ичиндеги нааразылык уланып жатат. Мунун баары учкучсуз учуучу аппараттар согушу регулярдуу армияларды алсыратууга жана алардын салттуу артыкчылыгын күчтөн тайдырууга жөндөмдүү экенин көрсөткөн шартта болууда.
Эң кооптуусу — мамлекеттин тынымсыз алсыратылышы күрөштүн табиятын өзгөртүшү мүмкүн. Куралдуу топтор, өзгөчө Талибандын моделинен таасирленген «Ислам жана мусулмандарды колдоо жамааты», мамлекетти алсыраткан күчтөн анын келечегин калыптандырууга катышкан тарапка айланышы мүмкүн. Муну Сириянын тажрыйбасы да көрсөттү. Бул жерде дагы бир коркунуч пайда болот: Америка бул өзгөрүүнү пайдаланып, исламий ураандарды көтөргөн, бирок акырында эл аралык түзүмдүн шарттарын жана кызыкчылыктарын, анын ичинде яхудий түзүмү менен мамилелерди нормалдаштырууну кабыл алган күчтөрдү пайда кылышы мүмкүн. Ошентип, эгер Америка өзүнүн агенти Тчианиден баш тартса, алдыдагы күрөш бул мусулман өлкөсүн ким башкарары жөнүндө гана эмес, бул алсыратуунун урандыларынын арасынан кандай Ислам жана кандай мамлекет пайда болору жөнүндө да болушу мүмкүн.
Аллахтан айлакерлик кылуучулардын айласын өздөрүнө кайтаруусун жана мусулмандарга кафир колонизаторлордун уйкусун качыра турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тезирээк насип кылуусун сурайбыз.
﴿وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِندِ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ﴾
«Негизинен жеңиш күч-кудурет жана дааналык Ээси болгон Алланын даргөйүнөн гана келет». (Аали Имран: 126).
Роя гезити
Устаз Висам Ал-Атраш




