Комментарий

Орусия аймактагы аскердик атаандаштыктан кооптонууда

Орусия аймактагы аскердик атаандаштыктан кооптонууда

«ЖКУ  ШКУ коопсуздук мейкиндиги» аттуу сессияда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцов Борбор Азия өлкөлөрү Батыштын аскердик инфраструктурасын аймакта жайгаштырууга байланышкан тобокелдиктерди жакшы түшүнөрүн, ошондуктан алар Батыш күчтөрүнүн бул аймакта бар болушуна кызыкдар эмес экенин билдирди (КирТАГ).

Бул билдирүү, алгач Батыштын кызыкчылыгын эмес, тескерисинче аймактын коопсуздугуна  карата орус тараптын кызыкчылыгын чагылдырууда.

Москва кайрадан Борбор Азия мамлекеттеринин атынан, аймактагы мүмкүн болуучу коркунучтар тууралуу сөз кылууда. Ал эми, бул өлкөлөрдүн ар биринин өз өкмөтү, тышкы иштер министрлиги жана улуттук коопсуздукка кайсы көйгөйлөр коркунуч туудурарына карата өзүнүн көз караштары бар. Муну менен бирге, Орусиянын өзү Борбор Азияда көп жылдардан бери аскердик катышуусун сактап келе жатат жана аймакты өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарынын маанилүү аянтчасы катары карайт.

Бул Кремль үчүн абдан ыңгайлуу кош стандарттуу позицияны жаратат. Тагыраагы, Орусиянын аскердик катышуусу туруктуулуктун жана коргоонун белгиси катары көрсөтүлсө, башка тышкы оюнчулардын аймактагы катышуусу алдын ала кооп-коркунуч булагы катары жарыяланууда. Башкача айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү кабыл алган чечимдер Орусия тарабынан Москванын позициясынын тууралыгын ырастаган көрүнүштө чечмеленүүдө.

Бирок Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушунан кийин бул жүйө таптакыр ишенимсиз. Борбор Азия мамлекеттери үчүн бүгүнкү күндө коопсуздук маселеси тышкы саясат таңуулаган коркунуч кайдан келиши мүмкүн экендиги менен гана чектелбейт. Бир күнү коркунуч дал ошол Орусиянын өзүнөн чыгып калса эмне болот? Мына ушул эң негизги суроолордун бири.

Украина Кремлдин саясий убадаларына ишенүүгө болбостугун көрсөтө алды. Борбор Азиянын башка күч борборлору менен болгон мамилелердин чыңдашы, Москва үчүн бир өңүттөн, тагыраагы өзүнүн коопсуздугу жана орусиялык таасир жаатынан гана бааланат. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү Батыштын аскердик инфраструктурасынын «кооптуулугун түшүнөт» деген жүйө, негизги суроого жооп бербейт. Башкача айтканда: ким жана эмне үчүн Орусиянын аскердик катышуусун аймак үчүн коопсуз деп эсептеши керек?

Анын үстүнө, дал ошол Орусия өзүнүн коркунучтар тууралуу көз караштарын Борбор Азия өлкөлөрүнөн олуттуу кабыл алынуусун талап кылып келет жана Борбор Азия үчүн кайсы нерсе коркунуч катары кабыл алынышы керек экендигин белгилөөгө урунат. Демек бул жөн гана коопсуздук тууралуу сөз эмес. Бул колониялык башчылык жана аймак үчүн оюн эрежелерин аныктоо укугу маселеси.

Москва, Борбор Азиянын орусиялык коопсуздук түшүнүгү үстөмдүк кылган мейкиндик бойдон калышына сөзсүз түрдө кызыкдар. Бирок дал ошол аймактагы мамлекеттердин эгемендүүлүгү, ким менен кызматташуу керек, кандай тобокелдиктерди эске алуу шарт жана өздөрү үчүн кандай коопсуздук механизмдерин түзүү керек деген маселелерде өз алдынча чечим кабыл алууга негизделет. 

Эгерде Орусия чындап эле өзүн коопсуздуктун кепили катары бекемдеткиси келсе, анда ал алгач башка тараптын коркунучу тууралуу билдирүүлөр менен эмес, өз саясатынын ишенимдүүлүгү менен алектениши керек. Себеби Украина согушунан кийин аймактагы өлкөлөр үчүн «бизди кимден коргоо зарыл?» деген суроо таптакыр башкача угула баштады. Эң негизгиси: «Бизди коргойбуз деп убада кылгандардын өзүнөн Борбор Азия өлкөлөрүн ким коргой алат

Эгер Борбор Азия баскынчылар тарабынан жасалып жаткан бөлүнүп-жарылууларга алданбастан бирдиктүү аймак болуп, бирдиктүү идеологиялык жана саясий биригүүнүн зарылдыгын түшүнсө, ал кимден болбосун өзүн өзү коргой алат. Демек, бул кадам аркылуу Борбор Азия өзүн да коргоп, өзү эркин өнүгүү үчүн жол ачмак. Дал ушул жол аркылуу Орусия менен Батыш бизди коркутуп жаткан “кооптуу күчтөр биз менен бир ишенимде экени айкын болмок. Ошондо гана биз Ислам идеологиясынын негизинде ажыралгыс бир туугандык түшүнүктөр менен байланган аймакка айлана алабыз.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button