Макала

Орусиянын тереңдигинен коргонуу иммунитети алынганда: дрондор согушу, күчтү алсыратуу жана Украинадагы өзөктүк тоскоолдуктун чектери

Орусиянын тереңдигинен коргонуу иммунитети алынганда: дрондор согушу, күчтү алсыратуу жана Украинадагы өзөктүк тоскоолдуктун чектери

Саир Салама, Абу Малик

Орусиянын эл аралык экономикалык форуму өтүп жаткан күндөрү Санкт-Петербургдун айланасындагы энергетикалык объектилерге жакын жерде көрүнгөн түтүн ири экономикалык иш-чаранын жөн гана кокустан болгон көрүнүшү эмес эле. Тескерисинче, ал Орусиянын Украинага басып киргенден кийин төрт жылдан ашуун убакыт өткөн согуштун мүнөзүн айкын көрсөткөн көрүнүш болду. Кремль өзүнүн эл аралык экономикалык жүзүн о.э. инвесторлорду, өнөктөштөрдү жана делегацияларды чогулта алган ири мамлекеттин образын кайра көрсөтө турган аянтча катары тандаган шаар дрондордун көлөкөсүндө, аба чабуулу тууралуу эскертүүлөрдүн, аба каттамдарынын үзгүлтүккө учурашынын жана күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын алдында калды.

Бул маселе бир гана Санкт-Петербургга тиешелүү эмес. Орусиянын терең аймагында, анын ичинде Москванын айланасындагы мунай иштетүүчү заводдорго, портторго, күйүүчү май кампаларына, аба базаларына жана логистикалык объектилерге Украинанын арты-артынан сокку уруусу маанилүү стратегиялык өзгөрүүнү көрсөтүүдө. Согуш эми Украинадагы фронт сызыктары, Крым же чек ара аймактары менен гана чектелбей калды. Ал Орусия тарых бою согуштун түздөн-түз чыгымынан алыс деп эсептеген аймактын жүрөгүнө чейин жетип келди.

Бул чындык Орусия кыйрады же согушууга, токтотуп турууга же душмандарына зыян келтирүүгө болгон жөндөмүн жоготту дегенди билдирбейт. Ал дагы эле ири өзөктүк держава болуп саналат. Ошондой эле чоң армияга, кеңири аскердик өнөр жайга, эбегейсиз жаратылыш ресурстарына, адамдарды жана аскердик техниканы мобилизациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок согуш бул факторлорду кыска мөөнөттө кадимки аскердик чечүүчү артыкчылыкка айландырууда. Ички аймакты толук коргоодо жана өндүрүшкө, инвестицияга, эмгек рыногуна жана өнүгүүнүн келечегине кымбат баа төлөбөстөн узак согушту каржылай алган экономикага айландырууда терең чектөөлөр бар экенин көрсөттү. Ошентип, маселе «Орусия согушту уланта алабы?» деген суроодо эмес, анткени ал, жок дегенде жакынкы келечекте, уланта алат. Негизги суроо: кандай баа менен улантат? Согуш узарган сайын Орусия эмнелерди жоготуп жатат? Анын күч куралдары майдандагы жай илгерилөөнү дагы эле ачык саясий жана стратегиялык жеңишке айландырууга жөндөмдүүбү? Же ал эми каршылашын жабырлантууга күчү жетип, бирок чечүүчү жыйынтыкты таңуулай албаган алсыратуу согушунун жаңы баскычына кирип жатабы?

Украинанын акыркы соккулары бул суроолорго толук жооп бербейт. Бирок алар тереңирээк өзгөрүүнү түшүнүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Орусия согушту Украинаны кыска убакытта баш ийдиребиз деген ой менен баштаган болсо, бүгүн ал согушту узарта алган, аны Орусиянын ички аймагына чейин жеткирген жана өз ресурстарын абадан коргонуу, энергетикалык объектилерди коргоо, ири шаарларды коргоо жана согуш экономикасын сактап туруу ортосунда бөлүштүрүүгө мажбурлаган атаандашка туш болду.

Фронттогу согуштан терең аймактагы согушка чейин

Мурунку салттуу согуштарда фронт негизги чечүүчү майдан болгон б.а. бир армия алдыга жылып, экинчиси артка чегинип, шаарлар кулап, логистикалык каттамдар өзгөрүп турчу. Ал эми Орусия–Украина согушунда фронт кеңейип, татаалдашты. Согуш эми окоптордон, чептерден жана мина талааларынан тышкары электр тармактарына, мунай иштетүүчү заводдорго, аэропортторго, ок-дары чыгаруучу заводдорго, экспорттук портторго жана байланыш системаларына чейин жайылды. Ошондуктан Украина тарабынан Орусиянын ички аймагына жасаган соккуларды жөн гана өч алуу же үгүт операциялар катары кароого болбойт. Ал соккулар согуштун чыгымын баскынчылыкты баштаган тарапка өткөрүп берүү максатын көздөгөн бирдиктүү стратегиялык логиканын бөлүгү болуп саналат. Эгерде Орусия өзүнүн ракеталары жана дрондору аркылуу Украинанын шаарларын жана энергетикалык объектилерин бутага алып жатса, анда Украина да, масштабы азыраак болсо да, Орусиянын согушун каржылаган жана колдогон ресурстарды т.а. мунайды, күйүүчү майды, мунайды кайра иштетүүчү ишканаларды, темир жолдорду, аэропортторду, аба базаларын жана ок-дары кампаларын бутага алган жооп мүмкүнчүлүгүн түзүүгө аракет кылууда. Мына ушунда мунай иштетүүчү заводдорду бутага алуунун мааниси жатат. Анткени мунай иштетүүчү завод жөн гана экономикалык объект эмес. Ал бир эле учурда аскердик, экономикалык жана коомдук мааниге ээ түйүн болуп саналат. Дал ошол жерден аскердик техникалардын, авиациянын жана транспорттун күйүүчү майы камсыздалат. Ошондой эле мамлекеттин акчалай кирешесинин бир бөлүгүн түзгөн продукциялар экспорттолот. Мындан тышкары, ички рынок да ошол жерден камсыздалып, анын туруктуулугу бензин менен дизелдин жетиштүүлүгүнө жана баалардын алгылыктуу деңгээлде болушуна көз каранды. Ошондуктан мунай иштетүүчү заводго сокку урулушу жөн гана бир объекттин кыйратылышы же өрттүн чыгышы дегенди билдирбейт. Ал коргонууга, оңдоого, камсыздоого жана коопсуздукту камсыз кылууга кошумча чыгымдарды жүктөөнү билдирет.

Бул согуштагы ийгилик дайыма эле көрүнүп турган кыйроонун көлөмү менен өлчөнбөйт. Анткени келтирилген зыян бир нече жуманын ичинде оңдолсо да, сокку таасирдүү болушу мүмкүн. Себеби соккулардын кайталанышы мамлекетти абадан коргонуу күчтөрүн кайра жайгаштырууга, өндүрүш пландарын өзгөртүүгө, көбүрөөк резерв топтоого, транспорт каттамдарын өзгөртүүгө жана миңдеген аскер кызматкерлерин, батареяларды жана коргонуу системаларын дайыма коргонуу абалында кармап турууга мажбурлайт. Узакка созулган алсыратуу согушунда мындай чыгымдар куралдын өзүн жок кылуудан кем эмес мааниге ээ.

Бул багыттагы Орусиянын көйгөйү коргонуу каражаттарынын жетишсиздигинде гана эмес. Анткени Орусияда S-300, S-400, Панцирь жана башка заманбап, тыгыз жайгаштырылган абадан коргонуу системалары бар. Орусия аймагынын өтө кеңдиги, стратегиялык маанилүү объектилердин көптүгү, чабуул жасоо жолдорунун ар түрдүүлүгү жана дрондордун баасы аларды атып түшүрүүгө кеткен чыгымга салыштырмалуу өтө арзан болушу толук коргонууну дээрлик мүмкүн эмес милдетке айлантат. Анткени кайсы бир объект күчөтүлгөн коргоого алынган сайын, башка бир объекттин корголушу алсырайт. Ал эми кайсы бир батарея Москванын айланасына, мунай иштетүүчү заводго же стратегиялык аэропортко көчүрүлсө, анын фронтту же алдыдагы аскерлерди коргоо мүмкүнчүлүгү ошончолук азаят. Дал ушул жагдай дрондор согушундагы эң чоң өзгөрүүлөрдүн бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө аскердик үстөмдүк мурдагыдай эле бомбалоочу учактар, танктар жана согуш кемелери сыяктуу саны аз, бирок ири платформаларга ээ болуу менен гана аныкталбай калды. Тескерисинче, ал миңдеген арзан каражаттарды чыгара билүүнү, аларды жогорку тактык менен багыттоону, чалгындоо жана чалгын маалыматтары менен байланыштырууну, ошондой эле атаандашты кымбат ракеталарды колдонууга же чакан, бирок улам кайталанып турган коркунучтарга каршы татаал коргонуу системаларын жайылтууга мажбурлоону да билдирет.

Орусиянын өзөктүк куралы: майдандагы чечүүчү курал эмес, токтотуп туруу күчү

Өзөктүк күч менен кадимки аскердик күчтү аралаштыруу согушту талдоодогу эң олуттуу каталардын бири болуп саналат. Орусия дүйнөдөгү эң ири өзөктүк арсеналдардын бирине ээ. Бул ага эл аралык мамилелерде абдан чоң стратегиялык салмак берет. Бирок бул анын армиясы узакка созулган кадимки согушту автоматтык түрдө чечүүчү жеңиш менен аяктай алат дегенди билдирбейт.

Орусиянын өзөктүк куралы үч негизги бөлүктөн турат:

Биринчиси — кургактагы бөлүк. Ал жер астындагы шахталарда же көчмө платформаларда жайгашкан континенттер аралык баллистикалык ракеталардан турат. Бул токтотуп туруунун эң ыкчам жана эң ишенимдүү күчү болуп эсептелет. Анткени алар кыска убакыттын ичинде континенттер аралык аралыкка өзөктүк дүрмөттөрдү жеткире алат.

Экинчиси — деңиздеги бөлүк. Ал баллистикалык ракеталарды алып жүрүүчү өзөктүк суу астындагы кайыктардан турат. Бул биринчи өзөктүк соккуга кабылган учурда жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүнүн эң негизги кепилдиги болуп саналат. Анткени деңизде жүргөн суу астындагы кайыкты табуу же жок кылуу өтө кыйын. Ошондуктан бардык ири өзөктүк державаларда стратегиялык деңиз күчтөрү «экинчи сокку» мүмкүнчүлүгүн, башкача айтканда, мамлекет өтө кооптуу чабуулга дуушар болгондон кийин да өзөктүк жооп кайтаруу жөндөмүн камсыз кылган негизги элемент болуп эсептелет.

Ал эми үчүнчү бөлүк — аба бөлүгү. Ал узак аралыкка уча алган стратегиялык бомбалоочу учактардан турат. Алардын башкылары — Tu-95MS жана Tu-160. Бул бомбалоочу учактардын ролу өзөктүк курал алып жүрүү менен гана чектелбейт. Алар алыс аралыкка учуучу кадимки канаттуу ракеталарды да учура алышат. Орусия Украинадагы согушта ушундай платформаларды колдонгон.

Бул үчтүк атаандаш кадимки шарттарда Орусиянын өзөктүк мүмкүнчүлүгүн бир эле сокку менен толук жок кыла албастыгын кепилдейт. Эгер стратегиялык бомбалоочу учактар жайгашкан базалар коркунучка кабылса, анда кургактагы ракеталар менен суу астындагы кайыктар сакталат. Эгер айрым ракеталык шахталар коркунучка кабылса, анда суу астындагы кайыктар менен бомбалоочу учактар калат. Ошондуктан Орусия дагы эле ири өзөктүк токтотуп туруучу күч бойдон калууда. Бул жагын баалабай коюу же өз мүмкүнчүлүгүн жоготту деп ойлоо туура эмес.Бирок бул күчтүн милдети кадимки армиянын милдетинен айырмаланат. Өзөктүк курал негизинен мамлекеттин жашоосуна коркунуч туудурган жеңилүүнү алдын алуу же ири мамлекеттин же чоң аскердик альянстын түздөн-түз кеңири масштабдагы аскердик кийлигишүүсүн токтотуп туруу үчүн даярдалган. Ал эми Украинадагы согушта Орусия коңшу мамлекет менен согушуп жатат, ал Батыш мамлекеттеринен курал-жарак, каржылык жардам жана чалгын маалыматтарын алып жатканы менен, НАТОнун армиялары түздөн-түз согушка катышкан жок. Ошондуктан мындай шартта өзөктүк куралды колдонуу өтө кооптуу жана өтө чоң чыгымга алып келе турган вариант бойдон калууда.Анткени өзөктүк куралды колдонуу мина талаасы аркылуу жол ачып бербейт, офицерлер менен жоокерлердин жетишсиздигин жойбойт, эски танкты заманбап кылып жибербейт, зыян тарткан заводдорду оңдобойт, дрондорду токтотпойт жана Украинанын багынышын камсыз кылбайт. Тескерисинче, ал күтүүсүз жана катуу эл аралык жооп чараларын жаратышы, Орусиянын эл аралык обочолонуусун күчөтүшү жана согуш кризисин аймактык жаңжалдан дүйнөлүк масштабдагы коркунучка айландырышы мүмкүн. Ошондуктан өзөктүк үчтүк Орусияга күчтүү стратегиялык токтотуп туруу калканын берет. Бирок ал узакка созулган кадимки согуштагы көйгөйлөрдүн ордун автоматтык түрдө толтура албайт. Чындыгында, Орусиянын өзөктүк күчтөрүн жаңылоо процесси өзү маанилүү бир карама-каршылыкты камтыйт. Москва өзүнүн стратегиялык бомбалоочу учактарын, ракеталарын жана суу астындагы кайыктарын жаңылоого аракет кылып жатат. Бирок ошол эле учурда ал айрым программалардын кечигишине, өнөр жай жана технологиялык басымдарга, ошондой эле өнөр жайдын бир убакта бир нече ири долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу көйгөйлөргө туш болууда.

«Ак куу»: ал эмне жана эмне үчүн маанилүү?

Орустар Tu-160 стратегиялык бомбалоочу учагын «Ак куу» (Белый лебедь) деп аташат. Ал эми НАТОнун аталышында ал Blackjack деп белгилүү. Бул дүйнөдөгү эң чоң, үндөн ылдам уча алган жана эң ылдам стратегиялык бомбалоочу учак болуп саналат. Ал кыймылдуу канаттары жана жарым-жартылай өзөктүк жарылуудан чыккан жылуулуктун таасирин азайтуу үчүн иштелип чыккан ак түстөгү корпусу менен айырмаланат. Ал өзүнүн өзгөчө көрүнүшү үчүн гана эмес, Орусиянын өзөктүк үчтүгүнүн аба бөлүгүндөгү мааниси үчүн Орусиянын аба күчтөрүнүн эң белгилүү символдорунун бири болуп эсептелет.

Tu-160 жашыруун (стелс) учак эмес жана анын негизги милдети америкалык айрым стелс-бомбалоочу учактар сыяктуу душмандын күчтүү корголгон аба мейкиндигин бузуп кирүү эмес. Анын негизги артыкчылыгы — алыс аралыкка уча турган канаттуу ракеталарды алып жүрүп, аларды чоң аралыктагы позициялардан учура алуу мүмкүнчүлүгүндө. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, ал тапшырманын мүнөзүнө жараша кадимки же өзөктүк дүрмөттөр менен жабдылган 12ге чейин канаттуу ракетаны ички курал бөлүгүндө алып жүрө алат.

Ошондуктан анын маанилүүлүгү жөн гана «бомба таштоочу учак» деген түшүнүктөн алда канча кеңири. Ал Орусияга алыскы аралыктан сокку урууга, токтотуп туруу тууралуу сигнал берүүгө, өзөктүк үчтүктүн аба бөлүгүн сактап турууга жана кадимки аскердик операцияларда канаттуу ракеталарды колдонууга мүмкүнчүлүк берген стратегиялык платформа болуп саналат. Ачык булактардын маалыматына ылайык, Орусия учурда кызматтагы флотунда ушул түрдөгү болжол менен он бешке жакын учакка ээ. Бул алардын саны эскирээк жана жайыраак Tu-95MS бомбалоочу учактарына салыштырмалуу азыраак экенин көрсөтөт. Бирок согуш бул аба бөлүгүнүн салыштырмалуу алсыз жактарын да ачып берди. Анткени стратегиялык бомбалоочу учактар узак аралыкка уча алгандыгы үчүн эле кол тийгис болуп калбайт. Аларга авиабазалар, учуп-конуу тилкелери, күйүүчү май, оңдоочу жайлар, ок-дарылар, жердеги коргоо жана абадан коргонуу системалары керек. Украинанын стратегиялык авиа-базаларына жасаган соккулары көрсөткөндөй, мындай базаларга, атүгүл салттуу эмес ыкмалар аркылуу жетүү мүмкүн болсо, бул олуттуу натыйжа бере алат.

Ачык булактардагы талдоолорго ылайык, Украинанын 2025-жылдын июнь айындагы «Жөргөмүштүн тору» операциясы жети Tu-95 стратегиялык бомбалоочу учагын жок кылып, дагы бир учакка зыян келтирген. Ошондой эле бул операция Орусияны стратегиялык бомбалоочу учактарын жайгаштыруу тартибин өзгөртүүгө жана аларды алысыраак, бири-биринен кыйла бөлүнгөн авиабазаларга таратууга мажбур кылган. Ал эми «Ак куу» (Tu-160) учактары кеңири масштабда жок кылынды деген маалыматтарга этият мамиле кылуу керек. Себеби бул чабуул Москваны өзүнүн бомбалоочу учактарын кайра бөлүштүрүүгө, алардын корголушун күчөтүүгө жана кошумча коргонуу менен логистикалык чыгымдарды көтөрүүгө мажбур кылганы эң ишенимдүү аныкталган натыйжа.

Мына ушунда бул чабуулдун стратегиялык мааниси көрүнөт. Анткени ийгиликке жетиш үчүн атаандаштын бүтүндөй авиациялык флотун жок кылуу сөзсүз талап кылынбайт. Кээде аны учактарын ар кайсы жерге таратууга, алардын туруктуу жайгашкан базаларын өзгөртүүгө, коргонуу чараларын күчөтүүгө, кошумча абадан коргонуу каражаттарын бөлүүгө жана машыгуу менен техникалык тейлөө программаларын кечиктирүүгө мажбурлоо эле жетиштүү болот. Мындай таасир саны чектелүү жана кыска мөөнөттө ордун толтуруу кыйын болгон курал түрү үчүн өзгөчө чоң стратегиялык мааниге ээ.

Орусиянын кадимки аскердик күчү: алсыроо, бирок кыйроо эмес

Орусия аскердик жактан алсыз болуп калган жок. Орус армиясы жакын арада кыйрайт деп күткөн көз караш чыныгы абалга негизделген эмес. Анткени орус армиясы дагы эле чектелген багыттарда чабуул жасоого, ракеталарды жана дрондорду массалык түрдө колдонууга, жаңы адамдарды мобилизациялоого, совет доорунан калган ири запастарды калыбына келтирүүгө жана кеңири аскердик өнөр жай базасына таянууга жөндөмдүү. Бирок бул алсыроо болгон жок дегенди да билдирбейт. Тескерисинче, азыркы Орусиянын аскердик күчүн согушту улантууга жөндөмдүү, бирок ошол эле деңгээлдеги операцияларды сактап калуу үчүн улам өсүп жаткан чыгымдарды төлөп жаткан күч катары түшүнүү керек.

Орусиянын басып кирүүнүн башындагы алгачкы планы ыкчам аракеттенүүгө, Украинанын жетекчилигин шал кылууга жана Киевди кыска убакыттын ичинде басып алууга же саясий жактан багындырууга негизделген эле. Бирок борбор калаага жасалган чабуулдун ийгиликсиз болушу, андан кийин Мариуполь, Бахмут, Авдеевка жана башка шаарлардагы шаардык согушка өтүү Орусияны таптакыр башка моделге алып келди. Бул массалык аткылоого, чабуул толкундарына, жай илгерилөөгө, ок-дарынын чоң көлөмдө сарпталышына жана украиналык коргонуу тилкелерине тынымсыз басым жасоого негизделген алсыратуу согушу болду.

Бул моделде Орусиянын айрым артыкчылыктары бар. Калкынын саны жана экономикасынын көлөмү боюнча ал Украинадан чоңураак. Анын аскерге чакыруу мүмкүнчүлүгү кеңири, жоготууларга чыдамдуулугу жогору жана оңдоп-түзөп кайра колдонууга жарактуу советтик аскердик техникалардын чоң запасына ээ. Мындан тышкары, ал тышкы өнөктөштөрдөн да олуттуу колдоо алды: Түндүк Кореядан ок-дарыларды, артиллериялык снаряддарды жана ракеталарды; Кытайдан өнөр жай жана электрондук компоненттерди, станокторду, техникаларды жана кош багытта колдонулуучу материалдарды; ошондой эле алгач Ирандын үлгүлөрүнө негизделген, кийин болсо кеңири жергиликтүү орус өндүрүшүнө айланган дрондор боюнча тажрыйбаны ала алды. Бирок бул күчтүү жактар түзүмдүк алсыздыктарды жашырып турат.

Биринчиден, адамдык жоготуулар. Ачык булактардагы баалоолор табиятынан ар түрдүү болот. Анткени ар кандай ири согушта жоготуулар тууралуу маалыматтарда жашыруундук жана куулук болот. Бирок баалоолордун басымдуу бөлүгүнө ылайык 2022-жылдын февралынан бери Орусиянын жоготуулары Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгилде ири мамлекет үчүн болуп көрбөгөндөй чоң даражага жеткен. Айрым эсептөөлөргө ылайык, 2025-жылдын аягына чейин орус тараптагы каза болгондордун, жарадарлардын жана дайынсыз жоголгондордун жалпы саны 1,2 миллионго жакындаган. Ал эми башка изилдөөлөр 2026-жылдын башына карата каза болгондордун саны гана кеминде 300 миң экенин белгилейт.

Мында эң маанилүүсү сан эмес, жоготуунун курамы. Анткени жаңы жоокердин жоготуусун мобилизация жана каржылык стимулдар аркылуу кандайдыр бир деңгээлде толуктоого болот. Ал эми талаа офицерин, взводдун же ротанын командирин, даярдыктан өткөн танк экипажын, авиациялык техникти же байланыш жана чалгындоо адисин жоготуу кыска убакытта толуктала турган нерсе эмес. Себеби согуштук тажрыйба административдик чечимдер менен жаралбайт. Ал машыгуу, убакыт жана реалдуу согуштук аракеттер аркылуу акырындык менен топтолот.

Экинчиден, аскердик техниканын жоготуулары. Согуштун жүрүшүндө Орусия көп сандаган танктарынан, согуштук бронетехникаларынан, артиллериялык каражаттарынан жана колдоо техникаларынан айрылды. Ал бул жоготууларды жарым-жартылай совет доорундагы танктар менен техникаларды кайра оңдоп-түзөп пайдалануу, ошондой эле өндүрүштү көбөйтүү жана жаңылоо аркылуу толуктоого жетишти. Бирок ал дайыма эле мурдагы сапаттагы техниканы калыбына келтире албайт. Анткени эски танкты кайра кызматка кайтаруу аны коргонуу деңгээли, оптикалык жабдуулары, байланыш системалары жана дрондор менен танкка каршы ракеталарга толгон согуш талаасында аман калуу мүмкүнчүлүгү жагынан заманбап танкка теңеп коё албайт.

Үчүнчүдөн, чыгымга салыштырмалуу илгерилөөнүн чектелүү болушу. Орус күчтөрү бир катар багыттарда жергиликтүү ийгиликтерге жетишкенине карабастан, алардын илгерилөөсү көп учурда жоготуулардын санына жана колдонулган ок-дарынын көлөмүнө салыштырмалуу өтө жай болду. Күнүнө бир нече ондогон метр же бир нече ай ичинде болгону бир нече чакырым алдыга жылуу тактикалык картаны өзгөртүшү мүмкүн. Бирок бул сөзсүз түрдө согуштун жүрүшүн өзгөртө турган же саясий жөнгө салууну таңуулай турган стратегиялык бурулуш дегенди билдирбейт.

Төртүнчүдөн, аба мейкиндигинде толук үстөмдүк орнотуу үмүтүнүн жоголушу. Орусия ири аба күчтөрүнө ээ болгонуна карабастан, согуштун башында күтүлгөндөй Украина үстүнөн толук аба үстөмдүгүн орното алган жок. Украинанын абадан коргонуу системаларынын сакталып калышы, эки тараптын тең жаңы коркунучтарга ыңгайлашуусу жана жакшы корголгон аба мейкиндигине жакындоо чыгымынын өсүшү орус авиациясын көбүрөөк алыскы аралыктан сокку урууга, пландоочу авиабомбаларды, ракеталарды жана дрондорду колдонууга мажбур кылды. Натыйжада толук аба үстөмдүгүн камсыз кылуу ишке ашкан жок.

Бул Орусия дагы эле олуттуу аскердик күч экенин, бирок идеалдуу эмес шарттарда аракет кылып жатканын билдирет. Ал чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ, бирок аба мейкиндигинде толук эркиндикке ээ эмес. Ал алдыга жылууга жөндөмдүү, бирок чечүүчү бурулушту оңой эле камсыздай албайт. Анын чоң адамдык жана аскердик-техникалык ресурстары бар, бирок ошол эле учурда сапат, тажрыйба жана мыкты даярдык жагынан улам өсүп жаткан бааны төлөп жатат.

Согуш экономикасы: туруктуулукка туруштук берүүбү же келечекти сарптообу?

Орусияны талдоодо эң кеңири тараган жаңылыштыктардын бири — санкциялардын өзү эле анын экономикасын кыска убакытта кыйратат деген пикир. Чындыгында, Орусиянын экономикасы 2022-жылдан кийин кыйраган жок. Тескерисинче, ал энергетикалык экспортту башка багыттарга буруу, Кытай, Индия жана башка мамлекеттер менен сооданы кеңейтүү, финансылык чектөөлөрдү киргизүү жана аскердик өнөр жайга мамлекеттик чыгымдарды олуттуу көбөйтүү аркылуу басымдын бир бөлүгүнө ыңгайлаша алды. Бирок туруштук берүү гүлдөп өнүгүү дегенди билдирбейт. Заводдордун иштеп турушу өнүгүү эмес. Ошондой эле снаряддар менен танктардын өндүрүшүнүн көбөйүшү экономика келечек үчүн туруктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат дегенди билдирбейт.

Согуштун алгачкы жылдарында аскердик чыгымдар Орусиянын экономикасына сыртынан караганда белгилүү бир түрткү берди. Аскердик заводдор жумушчуларды иш менен камсыз кылууда, мамлекет ок-дарыларды сатып алууда, ал эми аскер кызматкерлеринин айлык акылары жана каржылык сыйлыктары өлкөнүн көптөгөн аймактарына акча агымын камсыз кылууда. Бирок бул көрүнүштүн артында согуш экономикасы ресурстарды жарандык өндүрүштү өнүктүрбөгөн багытта сарптап жаткан чындык жашырылган. Анткени бир күндүн ичинде атылган снаряд мектеп курбайт, жарандык завод кура албайт, транспорт тармагын өнүктүрбөйт жана жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү түзбөйт.

Орусиянын экономикасы акырындап чарчоонун ачык белгилерин көрсөтө баштады: экономикалык өсүштүн басаңдашы, инфляция жана акча-кредиттик басымдын күчөшү, пайыздык чендердин жогорулашы, жумушчу күчүнүн тартыштыгы, инвестициялардын азайышы, ошондой эле салыктарга, ички карыз алууга жана мамлекеттик чыгымдарга көбүрөөк көз карандылык байкала баштады. 2024-жылы салыштырмалуу жогорку өсүштөн кийин Орусия экономикасынын өсүү темпи олуттуу түрдө жайлады. Жарыяланган баалоолорго ылайык, 2026-жылдын башында экономика кварталдык кыскаруу баскычына кирди. Ал эми бүтүндөй жыл боюнча өсүшкө карата божомолдор өтө эле төмөн деңгээлдерде болду.

Мунун себеби санкциялар гана эмес. Согуштун өзү жарандык тармактардагы жумушчу күчүн армияга жана аскердик заводдорго тартып кетүүдө. Коргонуу өнөр жайындагы эмгек акылардын өсүшү башка тармактарга кошумча басым жаратууда. Мындан тышкары, он миңдеген квалификациялуу адистердин өлкөдөн чыгып кетиши, технологияларга жана чет элдик инвестицияларга коюлган чектөөлөр, ошондой эле насыя алуунун кымбатташы — мунун баары өнүккөн жана тең салмактуу экономиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн алсыраткан факторлор болуп саналат.

Ошондой эле Орусиянын энергетикалык экспортко көз карандылыгы ага күч булагын бергени менен, ошол эле учурда атаандаштарына да басым көрсөтө турган мүмкүнчүлүк берет. Анткени мунай иштетүүчү заводдорду, портторду жана мунай объектилерин бутага алуу мамлекеттин дароо кыйрашына алып келбейт. Бирок мындай соккулар Орусиянын экономикасын баалардын өзгөрүшүнө көбүрөөк көз каранды кылат, экспорт менен ички керектөөнүн ортосундагы артыкчылыктарды кайра карап чыгууга мажбурлайт жана айрым аймактарда күйүүчү майдын тартыштыгы же анын баасынын өсүшү сыяктуу тобокелчиликтерди жаратат.

Андан да терең мааниге ээ болгон жагдай — согуш Орусияны мамлекеттин барган сайын чоң бөлүгүн мобилизациялык экономикага өткөрүүгө мажбурлап жатат. Бул процесс канчалык узакка созулса, андан чыгуу ошончолук кыйын болот. Анткени аскердик заводдорго узак мөөнөттүү келишимдер жана инвестициялар керек, армияга жаңы адамдарды тартуу үчүн чоң каржылык стимулдар талап кылынат, банк сектору бюджет тартыштыгын каржылоого тийиш, ал эми мамлекет инфляциянын жана коомдук нааразылыктын кесепеттеринен ички абалды коргоого милдеттүү.

Бул жерде «Орусия кыйроонун босогосуна келип калды» деп айтууга болбойт. Мындай баа берүү ашкере жөнөкөйлөтүлгөн жыйынтык болуп калат. Бирок Орусия оор теңдеменин алдында калды: согушту улантуу мүмкүн, бирок анын экономикалык, социалдык жана инвестициялык чыгымдары улам өсүүдө. Ал эми согуш бүткөндөн кийин тең салмактуулукту калыбына келтирүү барган сайын кыйыныраак болуп баратат.

Кытай жана Түндүк Корея: колдоочу күч, бирок абсолюттук куткаруучу союз эмес

Орусия бул согушту жалгыз жүргүзгөн жок. Анын ок-дарыларды, дрондорду жана аскердик техникаларды өндүрүү, ошондой эле жабдууларды оңдоо мүмкүнчүлүгүнүн сакталышы ар кандай деңгээлде тышкы өнөктөштөргө байланыштуу. Бул өнөктөштөрдүн ичинен эң маанилүүсү — Кытай. Дал ушул өлкө аркылуу Орусияга электрондук компоненттер, өнөр жай жабдуулары, санариптик башкаруу каражаттары, запастык бөлүктөр, кыймылдаткычтар жана кош багытта колдонулуучу материалдар жеткирилет. Бул Кытай согушка түздөн-түз катышкан мамлекет болуп калды дегенди билдирбейт. Бирок анын соода, технологиялык жана өнөр жай тармагындагы колдоосу Орусияга Батыштын айрым санкцияларынын жана чектөөлөрүнүн таасирин азайтууга мүмкүндүк берди.

Ал эми Түндүк Корея болсо ок-дарылардын жана айрым ракеталардын маанилүү жеткирүүчүсү катары өзгөчө орунга чыкты. Бул Орусияга өзүнүн аскердик заводдоруна болгон басымды азайтууга жана ок атуу темпин сактап турууга мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле Түндүк Корея менен аскердик кызматташтык эми символдук деңгээлде гана калган жок. Ал алсыратуу согушун камсыз кылган реалдуу жеткирүү тармагынын бир бөлүгүнө айланды.Бирок бул колдоонун дагы бир жагы бар. Ал Орусиянын ири мамлекет жана байыркы аскердик өнөр жай базасына ээ болгонуна карабастан, согуштун чечүүчү баскычтарында тышкы жардамга муктаж экенин көрсөтөт. Ага ок-дарылар, компоненттер, өнөр жай жабдуулары, рыноктор жана санкцияларды айланып өтүүчү каналдар керек болуп жатат. Бул кыйроонун белгиси эмес. Бирок бул Орусиянын стратегиялык көз карандысыздыгы расмий сүрөттөлгөндөй кең эмес экенинин белгиси. Анткени ири согуш жүргүзүп жаткан мамлекетке өнөктөштөр керек болот. Бирок күчтү арттырган өнөктөштүк менен өндүрүштү сактап калуунун негизги шартына айланган өнөктөштүктүн ортосунда чоң айырма бар.

Батыш да алсырап жатат, бирок алсыроонун түрү башкача

Ошол эле учурда Батышты түгөнгүс запастарга ээ болгон бирдиктүү күч катары көрсөтүүгө да болбойт. Украинадагы согуш Батыштын коргонуу өнөр жайындагы олуттуу кемчиликтерди ачыкка чыгарды. Айрыкча, Европада мамлекеттер аралык ири согуштардын болушу күмөндүү деп эсептелген ондогон жылдардан кийин бул кемчиликтер айкын көрүндү.

Көптөгөн Батыш армиялары күн сайын миңдеген снаряддарды, ракеталарды жана абадан коргонуу каражаттарын массалык түрдө колдонууга эмес, жогорку сапаттагы, бирок көлөмү чектелген запастарга негизделип түзүлгөнү белгилүү болду. Ошондуктан артиллериялык ок-дарылар, абадан коргонуу ракеталары, Patriot ракеталары, реактивдүү системалардын ок-дарылары жана айрым танктарга каршы ракеталар олуттуу басымга туш болду.

Маселе мындан да татаалдашууда. Анткени бүгүнкү күндө Украинадагы согуш гана абадан коргонуу системалары менен тосуп алуучу ракеталардын запастарын сарптап жаткан жалгыз жаңжал эмес. Дүйнөнүн башка аймактарындагы чыңалуулар менен куралдуу кагылышуулардын күчөшү өндүрүшү башынан эле чектелүү болгон ок-дарыларга болгон суроо-талапты дагы көбөйтүүдө. Ошондуктан бүгүн Батыш борборлорундагы негизги суроо «Украинага канча курал жөнөтөбүз?» деген менен гана чектелбей калды. Эми «Өзүбүз үчүн канчасын сактап калабыз? Запастарды кайра калыбына келтирүүгө канча жыл керек болот? Кайсы тармактардын өндүрүшүн биринчи кеңейтүү зарыл?» деген суроолор да коюлуп жатат. Бирок Батыштын алсырашы Орусияныкынан бир жагынан айырмаланат. Батыштын саясий эркинде өзүнүн экономикалык, технологиялык жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн бир бөлүгүн узак мөөнөттүү аскердик өндүрүшкө багыттай ала турган кыйла кеңири базасы бар. Батыштын негизги көйгөйү акчанын же технологиянын жетишсиздиги эмес. чечим кабыл алуунун жай жүрүшү, келишим түзүү жана өндүрүш циклинин узактыгы, улуттук системалардын көп түрдүүлүгү жана мобилизациялык экономиканын жоктугу болуп саналат.

Ошол эле учурда Европа акырындап аракет кыла баштады. Айрыкча артиллериялык ок-дарыларды, дрондорду жана абадан коргонуу каражаттарын өндүрүү тармагында жылыштар байкалууда. Ошондой эле Европанын Украинага көрсөткөн аскердик жардамы кампалардагы даяр куралдарды жөнөтүү менен гана чектелбей, биргелешкен өндүрүштү каржылоого жана жабдууларды түздөн-түз украиналык жана европалык заводдордон сатып алууга өтө баштады. Бул абдан маанилүү жагдай, анткени бул Украина жөн гана курал алып жатканын эмес, согуш жүрүп жаткан учурда эле өзүнүн өнөр жай мүмкүнчүлүгүнүн бир бөлүгүн түзүп жатканын билдирет.

2026-жылдын алгачкы айларында Европа дрондор үчүн бөлүнгөн каржылоону олуттуу түрдө көбөйттү. Айрым жардам топтомдоруна көп сандагы дрондорду берүү, ошондой эле аларды өндүрүү жана өнүктүрүү үчүн түз каржылоо кирди. Бул Украинанын алыскы аралыктагы кайталанма соккуларды ишке ашыруу боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрү жаралганын түшүндүрөт.

Демек, Батыш биринчи кезекте даяр запастардын, айрыкча так башкарылуучу ок-дарылардын жана абадан коргонуу каражаттарынын азайышынан улам алсыроону башынан өткөрүп жатат. Ал эми Орусия адам ресурстары, аскердик техника, жарандык экономика, инвестициялар, технологиялар жана ички аймактарды коргоо мүмкүнчүлүгү жагынан кыйла кеңири масштабдагы алсыроого дуушар болууда. Акыркы жыйынтык кайсы тарап өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүнүн алсыроосу саясий жана экономикалык жактан көтөрө алгыс жүккө айланганга чейин туруктуу артыкчылыкка айландыра аларына жараша болот.

Украинага бул күчтү ким берип жатат? Эмне үчүн азыр?

Украинаны жөн гана сырттан келген чечимди аткаруучу курал катары сүрөттөө туура болбой калат. Ошол эле сыяктуу, аны Орусияга каршы жалгыз күрөшүп жаткан мамлекет катары көрсөтүү да вакыйлыкка туура келбейт. Чындыгында, Украинанын азыркы мүмкүнчүлүгү үч негизги фактордун өз ара айкалышынын натыйжасы болуп саналат.

Биринчи фактор — Украинанын топтолгон тажрыйбасы. Согуштун бир нече жылдары ичинде Украина кеңири дрон өндүрүшүн түздү, ийкемдүү аскердик инновациялык чөйрөнү калыптандырды, платформаларды тез өзгөртүп жана жаңыртып туруу мүмкүнчүлүгүн өнүктүрдү, чалгындоону соккулар менен тыгыз айкалыштырды жана жаңы курал үлгүлөрүн иштеп чыгууда согуш талаасынан алынган маалыматтарды натыйжалуу пайдалана баштады.

Экинчи фактор — Батыштын колдоосу. Бул каржылоону, аскердик даярдыкты, абадан коргонуу каражаттарын, ок-дарыларды, техникалык тейлөөнү, маалымат жана чалгындоо боюнча кызматташуунун айрым түрлөрүн, ошондой эле аскердик өнөр жайды колдоону камтыйт. Бул жардам дайыма бир калыпта болгон эмес жана ар кандай чектөөлөр менен коштолгон. Бирок ал Украинанын кыйрап калышына жол бербөөдө жана ага таза коргонуудан терең аймактарга сокку урууга жөндөмдүү деңгээлге өтүүгө мүмкүндүк берүүдө чечүүчү рол ойноду.

Үчүнчү фактор — согуштун мүнөзүнүн өзгөрүшү. Алыскы аралыктагы дрондор стратегиялык ракеталарга караганда алда канча арзан, аларды көбүрөөк санда чыгарууга болот жана Батыштын айрым алыскы аралыктагы ракеталары сыяктуу ар бир колдонуу үчүн сөзсүз түрдө тышкы саясий уруксат талап кылынбайт. Бул Украинага өз алдынча демилге көтөрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүк берди.

Эмне үчүн азыр? Анткени мындай мүмкүнчүлүк бир заматта пайда болбойт. Украинага өзүнүн өндүрүшүн түзүүгө, операторлорду даярдоого, чалгын маалыматтарын топтоого, жаңы үлгүлөрдү сыноого, Орусиянын алсыз жактарын аныктоого жана соккулардын экономикага тийгизген таасирин түшүнүүгө убакыт керек болду. Ошондой эле 2025–2026-жылдары Европа согуштун ийгилиги мындан ары Батыштын салттуу куралдарына гана көз каранды эмес экенин түшүнгөндөн кийин, дрондорду өндүрүүгө жана биргелешкен өндүрүшкө көбүрөөк каржы бөлө баштады.

Соккулардын күчөшүнүн дагы бир себеби — Киев Москвага узакка созулган согуш бир тараптуу болбой турганын көрсөтүүнү көздөйт. Эгер Орусия калкынын саны жана өнөр жай мүмкүнчүлүгү Украинага караганда жогору болгондуктан узакка чыдай алабыз деп эсептесе, анда Украина Орусиянын экономикасына жана логистикалык терең аймактарына басым көрсөтүү согушту саясий эсептөөлөрдү өзгөртө турган деңгээлде кымбатка түшүрөт деп үмүттөнүп жатат.

Орусия: зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү менен чечүүчү жеңишке жетүү жөндөмсүздүгүнүн ортосунда

Орусиянын бүгүнкү аскердик абалын жөнөкөй бир теңдеме менен жыйынтыктоого болот: Орусия дагы эле коркунучтуу күч бойдон калууда, бирок согушка чейин ага таандык деп эсептелген күч эркиндигине эми ээ эмес.

Ал кеңири масштабдагы ракеталык жана дрондук чабуулдарды жүргүзүүгө, Украинанын инфраструктурасына олуттуу зыян келтирүүгө, миңдеген адамдарды аскерге тартууга, айрым багыттарда алдыга жылууга, өзүнүн өнөр жай жана тарыхый запастарына таянууга, ошондой эле Батыштын түздөн-түз аскердик кийлигишүүсүнүн алдын алуу үчүн өзүнүн өзөктүк күчү менен коркутууга жөндөмдүү. Бирок төрт жылдан ашуун убакыт өткөнүнө карабастан, ал согушту баштоодогу негизги максаттарына жете алган жок. Киевди басып ала алган жок, өзүнө баш ийген өкмөттү орното алган жок, украин мамлекетин жок кыла алган жок, Батыштын колдоосун токтото алган жок жана өзүнүн экономикалык жана аскердик тереңдигин соккулардан сактап кала алган жок.

Мына ушул чыныгы өзгөрүү болуп саналат. Маселе Орусия күчүнүн бардык элементтерин жоготту дегенде эмес. Тескерисинче, согушка чейин жетиштүү көрүнгөн күч куралдары каршылык көрсөтүүгө чечкиндүү жана Батыштын ири өнөр жай жана экономикалык базасы тарабынан колдоого алынган мамлекетке каршы тез арада чечүүчү жеңишке жетүү үчүн жетишсиз экени айкын болду.

Орусия чагылгандай тез согушту күткөн мамлекеттен узакка созулган согуш жүргүзүп жаткан мамлекетке айланды. Ал эми тез согуштан алсыратуу согушуна өтүү жөн гана тактикалык өзгөрүү эмес. Бул мамлекеттин бүтүндөй мүмкүнчүлүгүн т.а. армиясын, экономикасын, коомун, өнөр жайын жана жоготууларды саясий жактан башкара билүү жөндөмүн ар тараптан сыноо болуп калды.

Жыйынтык: күч түшүнүгүн кайра аныктап жаткан согуш

Украинанын Орусиянын терең аймагына жасаган соккулары согуш жаңы баскычка өткөнүн көрсөтүп турат. Эми негизги суроо Донбасстагы кайсы айыл же шаарча кимдин көзөмөлүндө экени гана эмес, кайсы тарап согушту атаандашы үчүн анын ички аймагында кымбатка түшүрө ала турган мүмкүнчүлүккө ээ экендиги болуп калды.

Орусия дагы эле эбегейсиз өзөктүк күчкө, чоң армияга жана согушту улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок өзөктүк токтотуп туруу кадимки аскердик күчтүн ордун баса албайт, адамдык жоготууларды толуктай албайт, саясий жеңишке кепилдик бере албайт жана дрондордун мунай иштетүүчү заводдорго, аскердик базаларга жана аэропортторго жетүүсүнө тоскоол боло албайт.

Өзүнүн бардык символдук мааниси жана мүмкүнчүлүгүнө карабастан, «Ак куу» (Tu-160) ушул карама-каршылыкты айкын чагылдырат. Ал Орусиянын өзөктүк күчүнүн бир бөлүгүн алып жүргөн зор стратегиялык бомбалоочу учак болгону менен, коопсуз авиабазага, техникалык тейлөөгө, коргоого, ар кайсы жерге бөлүштүрүүгө жана кымбат коргонуу чараларына муктаж. Демек, жаңы доордо мамлекеттин күчү анын канча ири аскердик платформаларга ээ экендиги менен гана өлчөнбөйт. Ал ошол мүмкүнчүлүктөрдү канчалык деңгээлде коргой алары, өндүрө алары, оңдой алары, ордун толуктай алары жана күчтүү басым шартында иштетип тура алары менен да аныкталат.

Ал эми Батыш болсо тынчтык мезгилиндеги экономика алсыратуу согушун жүргүзүү үчүн жетишсиз экенин түшүндү. Бирок узак мөөнөттүү саясий чечим кабыл алынса, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кайра калыбына келтирүүгө жетиштүү байлыгы, технологиясы жана өнөр жай базасы бар. Ал эми согушту өтө оор коргонуу абалында баштаган Украина жергиликтүү тажрыйбанын, тышкы колдоонун жана дрондор тармагындагы инновациялардын аркасында согуштун бир бөлүгүн Орусиянын ички аймагына чейин жеткире алды. Ошондуктан чыныгы күрөш дрон менен мунай иштетүүчү заводдун, стратегиялык бомбалоочу учак менен авиабазанын же снаряд менен танктын ортосундагы күрөш эмес. Бул күчтүн эки башка моделинин ортосундагы күрөш: бири арсеналга, массалык мүмкүнчүлүккө жана токтотуп турууга негизделген күч; экинчиси болсо үзгүлтүксүз өндүрүү, өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлашуу, инновацияларды киргизүү жана алсыратуу согушуна туруштук берүү жөндөмүнө негизделген күч.

Бул күрөштө Орусия кыйрап жаткандай көрүнбөйт. Бирок ал мурдагыга караганда азыраак корголгон, мобилизацияга, аскердик чыгымдарга жана тышкы өнөктөштөргө көбүрөөк көз каранды болуп калгандай көрүнөт. Ошондой эле ал ири согуш жүргүзүп жатып, ошол согуштун кесепеттеринен өзүнүн коомун, экономикасын жана стратегиялык терең аймагын коргой ала турган образынан кыйла алыстап калды.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button