
Парламенттик шайлоо: калк демократияга ишенбегенин тастыктады
30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого алдын ала эсеп боюнча, 1 млн 556 миң жаран добуш берди. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 36 пайызын гана түзөт. Өлкөдө жалпысынан 4 млн 294 миң шайлоочу бар. Анын 48,5% эркектер, 51,5% аялдар.
Комментарий:
Расмий бийликтин кезектеги парламенттик шайлоого калктын катышуусун көбөйтүү үчүн жасаган аракетинен майнап чыккан жок. Тагыраагы, шайлоочулар үчүн каалаган шайлоо түйүнүнөн добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, аткаминерлер шайлоо астында калкты байма-бай добуш берүүгө чакырып жатты. Ал эми кыргыз коомчулугу шайлоону бойкот кылуу менен позиция-оппозиция өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгына карата ишенимдерин жоготконун ырастады. Демократиялык түзүмгө карата калктын ишеними жоголгонун буга чейинки шайлоо статистикалары да тастыктап турат. Алсак, 1995-жылкы парламенттик шайлоого шайлоочулардын 76%ы катышкан. 2000-жылы 58%, 2005-жылы 60%, 2007-жылкы шайлоого катышуу 74% болгон. 2010-жылы 59.19%, 2015-жылы 58.85%, 2020-жылы катышуу 56.5% болгон. 2021-жылдагы шайлоодо болсо 34.61% калк добуш берген. Мындан көрүнүп тургандай, калктын шайлоого катышуусу улам азайып барууда.
Турмуш чындыгында шайлоого катышкандардын саны демократиялык системага карата калктын ишеним көрсөткүчү болуп эсептелет. Тагыраагы, Кыргызстандагы шайлоочулардын негизги бөлүгү шайлоону бойкот кылганын билдирет! Анткени, калк демократиядан да, бири-биринен айрымаланбаган бийликтен да, жалаң гана чиновниктер менен акчалуулардын кызыкчылыгына кызмат кыла турган шайлоолордон да чарчады. Мунун себеби, Кыргызстан “эгемендүү” болгондон бери келген бийликтер өлкөнү алсыратуу, калкты жакырлаштыруу үстүндө жарыша иштеди. Шайлоо же төңкөрүш жолу менен келген акимдер бул жолдо бири-биринен айырмаланган жок. Буга кошумча, коррупция, адилетсиздик аны менен катар ахлаксыздык кең жайылды. Мунун негизги себеби алар башкарып жаткан демократиялык система экени талашсыз. Анткени, мыйзамдар бир ууч адамдын кызыкчылыгы үчүн гана иштейт.
Демократиялык түзүмдүн тарапкерлери дагы көпчүлүктүн добушу чечүүчү күчкө ээ экендигин айтышат. А бирок, Кыргызстанда өткөн шайлоолор бул куру сөз экендигин далилдеп койду. Эгер алар айткандай “көпчүлүктүн” пикири эсепке алынса, шайлоочулардын 60-70 пайызы катышпаган шайлоонун натыйжасы жокко чыгарылышы керек болчу.
Негизи Ислам бүгүнкү демократиялык системага толугу менен карама-каршы келет жана анда адамдын мыйзам чыгаруусуна эч бир орун жок. Алла Таала айтат: “Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт” (4:65).
Шайлоо жана тандоо маселесинде Ислам шариатында өзүнчө өкүмдөр бар болуп, ал Батыш түзүмүндөгү шайлоолордон да, мусулман өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан ыплас түзүмдөрдөн да айырмаланат. Ислам шариатындагы шайлоо эч кандай кысым жана мажбурлоосуз эркин өткөрүлөт. Ар бир адам – эгер, өзүн жөндөмдүү деп билсе же башка мусулмандар аны жөндөмдүү деп эсептешсе – шайлоого талапкерлигин коюу жана шайлануу укугуна ээ. Мунун шарты Ислам бардык иштерине негиз болушу.
Жыйынтыктап айтканда, биз мусулмандар демократиядагы шайлоо деген жалганга алданбашыбыз керек. Ошондой эле, ага катыштыруу үчүн жасалып жаткан аракеттерге катуу каршы турушубуз зарыл. Анткени, кылмышкер режимдин парламентине же өкмөтүнө кошулуу кылмышкерлердин өмүрүн узартат. Себеби, шайлоолор бизди улуу максаттан чалгытуучу оюн. Улуу максат – бүгүнкү бузукулук жана коррупцияга баткан режимди колдоп-кубаттап келген империалисттик түзүмдү кулатып, анын ордуна Исламды жашоого алып келүү.
Нурдин Асаналиев




