Роя гезити

Америка Сайкс–Пико карталарын өзгөртүп жатабы?

Америка Сайкс–Пико карталарын өзгөртүп жатабы?

(1-бөлүм)

Акыркы жылдардагы Американын иш-аракеттери анын жаңы түзүлүштөрдү негиздеп жатканын көрсөтүп келет. Алар Сайкс–Пико келишимине, Сан-Ремо келишимине жана кийин Британия менен Франция кабыл алган чечимдерге каршы келет. Ал чечимдерде өлкөлөр кагазда жана андан соң кумдун үстүндө чийилген чек аралар менен түзүлгөн. Ошентип биз бүгүн билген карта пайда болгон.

Американын бул аймакты дагы бир жолу майдалоо долбоору жаңы нерсе эмес, байкоочуларга жашыруун да эмес. Көптөгөн жылдар мурун бул долбоорду ачык түрдө сунуш кылган адам жаңы консерваторлордун аксакалы, Ислам тарыхы жана саясий ой жүгүртүүсү боюнча адис болгон атактуу чыгыш таануучу Бернард Льюис болгон. Ал аймак үчүн жаңы карта сунуш кылып, аны ал жердеги диний агымдарга, мазхабдарга жана улуттарга жараша бөлүп чыккан. Бул болсо бөлүнүүнү жана алсыроону күчөтүп, яхудий түзүмүн коркунучтан алыс кармап, Американын толук үстөмдүк кылуусун жеңилдетмек.

Америка Афганистанга, андан соң Иракка кол салганда, бул Бернард Льюистин шакирттери болгон жаңы консерваторлордун убагы эле. Алардын максаты башкача бир Жакынкы Чыгыш аймагын түзүү болчу. Ирак жеңил кулагандан кийин, ошол убактагы Американын коргоо министри Дональд Рамсфелд “жол азыр Сирияга жана башка мамлекеттерге ачылды” деп жарыялаган. Бирок дүйнөнүн көпчүлүгү жаңы консерваторлордун топтомуна каршы чыгышты, алардын ичинде Россия, Европа, Кытай жана башка айрым мамлекеттер. Натыйжада алар утулуп, бийликтен четтетилди, кичүү Жорж Буш Ак үйдөн кеткенге чейин эле алар көз жаздымда калышты.

Андан кийин Обаманын жеңип чыгышы менен демократтар бийликке кайтты. Анын милдети жаңы консерваторлордун “кыялындагы таштандыларды тазалап”, бузулган эл аралык мамилелерди оңдоо болду. Ошентип, “Жаңы Жакынкы Чыгыш” долбоору белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Байкалган бир көрүнүш бар: республикачылар бийликке келгенде бул долбоорду алдыга түртүп чыгышат, демократтар келгенде артка чегинишет.

Ал эми 2010-жылдын аягынан башталган араб өлкөлөрүндөгү көтөрүлүштөр да бул долбоорду олуттуу түрдө артка жылдырды. Себеби Обама бул көтөрүлүштөрдү, айрыкча Сириядагы революцияны басуу миссиясын өз мойнуна алды.

Ал эми Трамп 2016-жылы Ак үйгө келгенде бул долбоорду кайрадан ишке ашырууга аракет кылды. Бирок аны мамлекеттеги «терең мамлекеттин» бир катар таасирдүү түркүктөрү курчап, алардын каршылыктары Трамптын аракеттерине тоскоол болду. Натыйжада ал 2019-жылдагы президенттик шайлоодо демократтардын соккусуна кабылып, бийликти аларга өткөрүп берди. Ошентип демократтар кайрадан бийликке Байдендин жүзүндө келишти.

Байдендин мөөнөтү бүтө электе эле демократтар бул жолу аймакты кайрадан калыптандыруу жана ага түздөн-түз Американын колун салуу чечимин кабыл алышканы айкын болду. Анткени акыркы ондогон жылдар бою бул милдетти алар аймактык «оюнчуларга», биринчи кезекте Иранга тапшырган эле. Ошентип, Газадагы Хамасты, Ливандагы Иран партиясын, Сириядагы ирандык таасирди жана ал тургай Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу чечими кабыл алынды.

Ошондуктан аймакты бөлүү долбоорун ишке ашыруунун пайдубалы акыркы жылдарда яхудий түзүмүнүн колу менен жүргүзүлгөн согуштарда (2023-жылдагы «Аль-Акса ташкыны» операциясынан тартып, 2024-жылы Иран партиясына сокку урулганга чейин, андан кийин быйыл Ирандын өзүнө чабуул жасалганга чейин) коюлган жок. Тескерисинче, анын ишке ашуусу 2003-жылы Иракка жасалган баскынчылыктан бери жүрүп келет. Ал учурда Америка (сунниттер менен шииттердин) ортосундагы жамааттык кастыкты козгоп, автономия алган жана чыныгы мамлекетке окшошуп калган Курдистандын бөлүнүшүн бекемдеди.

Андан соң Сирияда да революция жылдарында ушул пайдубалдар бекемделди. Америка ал жерде агымдык жана мазхабдык кастыктарды күчөтүп, Иран жетектеген «азчылыктардын альянсын» сунний мусулмандардын көпчүлүгүнө каршы коргоп чыкты. Ошондой эле Фыраттын чыгышындагы күрт бөлүнүүчү кыймылын да колдоп турду.

Ал эми Ливанда болсо анын саясий түзүмүн солгундатып, Париж конференциясында Ливан экономикасын көтөрүү үчүн берилчү миллиарддаган долларларды ишке ашырууга Францияга жол бербей койду. Натыйжада өлкөнүн каржылык жана экономикалык кыйроосу ылдамдап, элдик көтөрүлүшкө окшош окуялар башталды. Ошол учурда АКШ Саад Харириге өкмөт башчылыктан чегинүүнү буюруп, натыйжада Иран партиясынын өкмөтү болгон режимди кулатты.

Булардын баары аймактык түзүлүштү кыйратып, аймакты кайрадан калыптандырууга жол ачкан даярдык болду.

Американын аймактагы негизги максаты – буга чейин эле майдаланып калган мамлекеттерди дагы да майдалап, салыштырмалуу аскерий, демографиялык жана географиялык күчкө ээ болгон мамлекеттерди жок кылуу эле. Бул жакта мындай күчкө ээ эки мамлекет бар болчу: Ирак жана Сирия. Табигый түрдө алардын коркуусу баъсий (араб улутчулдугуна негизделген) режимдеринде эмес эле, тескерисинче, бул мамлекеттердин биринде чет элдик эркке баш ийбеген, чын ыкластуу жана көз карандысыз саясий түзүм орноп, яхудий түзүмүн жана Америка менен Батыштын таасирин түп-тамыры менен жок кылуу чечимин кабыл алышы мүмкүн болгон жаңы саясий блоктун пайда болуу ыктымалдыгы эле.

Американын эң маанилүү максаттарынын бири – яхудий түзүмүн түптөп, аны «табигый түзүмгө» айлантуу болгон. Анткени ал расисттик, диний уламышка негизделген түзүлүш. Аны аймакта табигый кылып көрсөтүү үчүн анын айланасындагы бардык режимдер да  агымдык жана мазхабдык негизде болушу керек. Ошондуктан анын жанында Ливанда христиан түзүмү, Сириянын жээгинде алавий  түзүмү, Сириянын түштүгүндө жана Ливандын бир бөлүгүндө друз түзүмү, Ирактын түштүгүндө шиит түзүмү, анын түндүгүндө жана Сириянын чыгышында күрт түзүмү, ал эми Ирак менен Шамдын ортосунда бир же бир нече сунний араб түзүмү болууга тийиш. Мына ушундай көрүнүштө яхудий түзүмү «табигый» болуп көрүнмөк.

Андан соң Америка бул түзүлүштөрдүн бардыгын кандайдыр бир конституциялык формалдуу биримдикке бириктириши мүмкүн. Көптөгөн билдирүүлөрдөн жана чечимдерден байкалгандай, бул расисттик мүнөздөгү түзүлүштөрдүн – анын ичинде яхудий түзүмүнүн да – баарына жасалма бир байланышты ойлоп табышы мүмкүн. Ал «Абрахамий» байланышы, б.а. бул элдердин бардыгы бир ата – пайгамбар Ибрахим ﷺ  менен байланышкан деген дооматка таянмак. Мына ошондуктан Трамп өзүнүн биринчи мөөнөтүндө айрым араб мамлекеттери менен яхудий түзүмү ортосунда жасалган нормалдаштыруу келишимдерин «Абрахам келишимдери» же «Ибрахимий келишимдери» деп атаган. Бул болсо кийин «Ибрахимий союз» деп аталган долбоорго даярдык эле.

Бирок мунун баары менен катар абдан маанилүү дагы бир тарап бар, ал – Америка менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык-экономикалык тиреш жана ошондой эле Американын Россияны кысымга алып, аны өзүнө баш ийдирүү планы. Ушул маселеге мен, инша Аллах, бул макаланын экинчи бөлүгүндө токтолом.

Ахмад Касас

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Роя

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button