Роя гезити

Батыш каалоосуна ылайык түзүлгөн ар кандай конституциялардан сак болгула!

Батыш каалоосуна ылайык түзүлгөн ар кандай конституциялардан сак болгула!

Албетте, Аллах Таала бизге туура жашоо жолун көрсөтүп берген. Ал айтты:

﴿وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَاناً لِكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَى لِلْمُسْلِمِينَ﴾

“Жана сага бардык нерсени баян кыльш берүүчү, хидаят (Туура Жолго баштоочу), рахмат жана мусулмандар үчүн сүйүнчү кабар болгон Китепти-Куранды түшүрдүк”. (Нахл: 89)

Аллах Таала мусулмандарга Өзүнүн шариатынан жана минхажынан башка түзүмдөр менен өкүм чыгарбоону  милдет кылды:

﴿وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ مُصَدِّقاً لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ الْكِتَابِ وَمُهَيْمِناً عَلَيْهِ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ عَمَّا جَاءَكَ مِنَ الْحَقِّ﴾

“Сага болсо (эй Мухаммад), өзүнөн алдыңкы Китеп(тер)ди ырастоочу жана ал (Китептер) үстүндө күбө болгон бул Китепти чындык менен түшүрдүк. Демек, адамдар ортосунда Алла түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, жана сага келген чындыктан жүз үйрүп, алардын көңүл кушу каалаган нерселерге ээрчибе”! (Маида: 48)

Аллах мусулмандардын бактысын алардын динине, анын мыйзам жана өкүмдөрүнө бекем кармануусуна байлады. Ал айтты:

﴿فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ مِنِّي هُدًى فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى * وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً﴾

“Анан, силерге Мен тараптан хидаят келгенде, ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт”. (Таха: 123)

Ошондуктан, Аллахтын өкүмдөрүнө каршы чыгуу же андан жүз буруу – өтө кооптуу иш. Аллах Таала Өзү бизди эскертет:

﴿يَوْمَ تَجِدُ كُلُّ نَفْسٍ مَا عَمِلَتْ مِنْ خَيْرٍ مُحْضَراً وَمَا عَمِلَتْ مِنْ سُوءٍ تَوَدُّ لَوْ أَنَّ بَيْنَهَا وَبَيْنَهُ أَمَداً بَعِيداً وَيُحَذِّرُكُمُ اللَّهُ نَفْسَهُ وَاللَّهُ رَءُوفٌ بِالْعِبَادِ * قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ﴾

“Ар бир жан өзү кылган жакшы-сооп иштерин даяр абалда көрө турган, жаман амал-иштеринин болсо алыстарда калып кетүүсүн эңсей турган Күндү(эстегиле). Алла силерди өзүнүн (азабы менен) коркутат, эскертет. Алла пенделерине Мээримдүү. Айткын (эй Мухаммад): «Эгер Алланы сүйсөңөр мени ээрчигиле. (Ошондо Алла силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Алла (күнөөлөрдү) Кечирүүчү, Мээримдүү». (Аали Имран: 30-31).

Ал эми акылды Аллахтын ордуна мыйзам чыгаруучу кылуу – Анын шариатынан жүз буруу жана Анын ээлигинде Аны менен атаандашуу болуп саналат. Ошондуктан, кайсы бир конституция түзүлө турган болсо, ал үммөттүн акыйдасынан келип чыгышы керек жана аны чагылдырган, анын умтулууларын билдирген болушу зарыл. Ошондо гана биз Аллахтын берген  жеңишине чын жүрөктөн шүгүр кылган болобуз.

Ал эми Батыштын көз карашына ылайык, динди жашоодон, мамлекеттен жана коомдон бөлүүчү, мамлекеттин секулярдуулугуна негизделген конституцияга таянуубуз болбойт. Капыр Батыш көп жолу конференцияларында, жолугушууларында жана Сирия боюнча атайын жыйындарында ушул нерсени баса белгилеп келген.

Демек, конституция – бул мамлекеттин башкаруу формасын, анын түзүмдөрүн, башкаруу режимин жана ар бир түзүмдүн укуктары менен милдеттерин аныктап берүүчү мыйзам. Бул конституциянын булагы же вахийден болот, башкача айтканда, адам, аалам жана тирүүлүктүн  Жаратуучусу, Өзүнүн макулуктарына назик мамиле кылуучу, аларды жакшы билүүчү, алардын жашоосун эмне оңдой турганын жана эмне бузарын так билүүчү Аллах Таала тарабынан болушу мүмкүн.  Же болбосо, анын булагы адамдын акылы болот.

Шексиз, булагы адам акылы болгон конституциялар – бул туруксуз, өз ээлерин бактысыздыкка жана машакаттуу жашоого алып баруучу конституциялар. Анткени адам акылы карама-каршылыкка, айырмачылыктарга, кайчы пикирге жана чөйрөнүн таасирине дуушар болот. Ошондуктан анын негизинде жазылган конституциялар да ушул сапаттарды көтөрөт. Мына ушунун өзү ар кайсы коомдордо ар кандай конституциялардын болушун, аларды улам өзгөртүп же оңдоп турууну талап кылып турат. Батыштын бизге кылып келе жаткан амалы да ушунда – ал дайыма өзү үчүн ылайыкташтырылган, өзүнүн үстөмдүгүн жана бийлигин бекемдөөчү мыйзам чыгарып, аны бизге таңуулоого умтулат. Ушул максатта ал ондогон жылдар бою мойнубузга өзүнүн кызматчы башкаруучуларын салды, алар Батыштын кызыкчылыктарын коргоо менен бизге ойгонууга жол бербей, кордолгон, көз каранды абалда кармап турушту.

Ислам болсо өзүнүн акыйдасы мамлекеттин негизи кылууну, конституциянын жана мыйзамдардын ошол акыйдага негизделишин, башкача айтканда, мыйзам чыгарууда жалгыз гана булак кылууну фарз кылган. Демек, жанында башка булактар болбошу керек. Ал эми дүйнөлүк конституциялардын айрымдары болсо «Ислам – мыйзам чыгаруунун негизги булагы» же «негизги булактардын бири» деп жазышат. Чындыгында болсо алар батыштан келген, динибизге жана үммөтүбүзгө жат секулярдык мыйзамдарды көчүрүп алып, бизге таңуулоодо. Биз аларды колдонсок гана Батыш ыраазы болот, бирок өзүбүз бактысыз болуп калабыз.

Ошондуктан, башкаруу да, мамлекет да чыныгы Исламий болушу үчүн Ислам акыйдасы жалгыз гана мыйзам чыгаруунун булагы болуп өзгөчөлөнүшү зарыл. Мына ошондо гана «бул конституция Исламий» деп айта алабыз. Ал эми мунун сыртындагы нерселер болсо мамлекеттерди ээрчүү, алар биз үчүн чыгарган мыйзамдарды кабыл алуу жана таңуулаган эрежелерине баш ийүү болуп саналат. Биз көп жолу айтканбыз: Аллахтын ыраазылыгы – бизге буйрулган Исламды колдонууда жатат, ал эми Американын ыраазы болушу – ал бизден талап кылган Исламга каршы күрөшүү. Экөө бири-бирине карама-каршы жана эч качан бирикпейт.

Исламий мыйзамдар, конституциясы жана өкүмдөрү мамлекет жана түзүм аркылуу гана ишке ашырылат. Анткени исламдагы башкаруу түзүмү – уникалдуу, өзгөчө түзүм болуп, ал биздин инсандыгыбызды, маданиятыбызды жана Исламдын улуулугун билдирет. Улуулук – аны башкарууда, саясатта, экономикада, эл аралык алакаларда, мамилелерде жана бардык маселелерде түп тамырынан өзгөртүүчү, толук жана революциялык түрдө колдонууда болот. Ал эми аны четке кагуу жана жат кылуу – кордуктун жана бактысыздыктын башаты болуп саналат.

Ислам түзүмү республикалык система боло албайт, анткени анда мыйзам чыгаруучулар Аллахтын ордун талашкан адамдар. Ошондой эле ал падышачылык, императордук же башка бир система да боло албайт. Анткени булардын баары – адам чыгарган түзүмдөр болуп, өлкөлөрдү талап-тоноп, пенделерди бактысыз кылып, жер жүзүндө бузукулукту жайышты. Мусулмандар үчүн коопсуздук да, улуулук да, бакубат жашоо да Аллах жана Анын Элчиси ﷺ  ыраазы болгон башкаруу системасы аркылуу гана болот. Ага амал кылсак – урмат-сыйга жана бийиктикке жетебиз, ага амал кылбасак – кордукка жана маскаралыкка түшөбүз. Ошондуктан, бизге сунушталып жаткан же таңууланып жаткан ар кандай секулярдык түзүмдөр – Аллахты ачуулантып, адамдарды бактысыз кылат. Бул түзүмдөргө канчалык жасалма көрк берип, саясий телеканалдар аркылуу мактаса да, анын мазмуну демократия жана Аллах түшүрбөгөн мыйзамдар менен башкаруу бойдон калат.

Аллах Таала айтты:

﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللهُ وَلاَ تَتَّبِعْ أَهْوَاءهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللهُ إِلَيْكَ فَإِن تَوَلَّوْاْ فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللهُ أَن يُصِيبَهُم بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيراً مِّنَ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ * أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللهِ حُكْماً لِّقَوْمٍ يُوقِنُونَ﴾

“(Эй Мухаммад), алардын арасында Алла түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын, алардын көңүл-кушу каалаган нерселерге ээрчибе жана да Алла сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитна-эки анжылыкка салып коюуларынан этият бол! Эгер сенин өкүмүңдөн баш тартышса, билип кой, Алла аларга айры күнөөлөрү себептүү кайгы келтирүүнү каалоодо. Албетте, адамдардан көптөрү баш ийбегендер. 50. Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Алладан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучуким бар?!” (Маида: 49-50).

Биз Ислам менен өкүм кылганда жана аны жашообуздун бардык тармагында колдонгондо, аны туура ишке ашырганда – талашсыз дүйнөнүн кожоюндары элек. Бирок аны туура колдонбой, өкүмдөрүн жана мыйзамдарын таштап койгондо – биз деңиздин көбүгүндөй болуп калдык. Үммөттөр бизге кол салышты, жеп-ичүүчүлөр табагына жабылгандай бизге жабылышты. Биз алсыз абалга түшүп калдык: душмандарыбыз байлыктарыбызды талап-тоноп, бизди кул кылып, жашообуздун жолун, турмушубуздун тарикатын жана келечегибиздин багытын оор жана кордукка салуучу конституциялар аркылуу чечип калышты.

Шам эли он төрт жыл бою өз дини, үммөтү, жери жана абийири үчүн чоң курмандыктарды беришти. Бул берилген курмандыктарга жана төгүлгөн таза канга татыктуу болгон сыйлык – Исламды жана анын өкүмдөрүн жашоонун бардык тармактарында колдонуу. Бул болсо улуулукка, күч-кубатка жана коргонууга ээ болгон мамлекет аркылуу гана ишке ашат. Ал мамлекет Исламдын желегин көтөрүп чыгат жана аны Исламдын эр-азаматтары жетектейт.

Шам элинин умтулууларын ким толугу менен чагылдырат?  Алар Шам революциясынын туруктуу принциптерин ишке ашыруу үчүн аракет кылып, Пайгамбарыбыз ﷺ  көтөргөн рояны көтөрүп, үммөттүн инсандыгынын, сакафатынын жана улуулугунун туусун бийик көтөргөн кишилер. Алар бизди капиталисттик секулярдык мабда акыйдасынан келип чыккан конституция менен эмес, Ислам акыйдасынан келип чыккан Ислам конституциясы менен башкарат. Анткени капитализм өз ээлерин бактысыз кылганга чейин бизди бактысыз кылды. Шам эли Аллахтын ыраазылыгын бардык ыраазылыктардан алдыга койгон жана Анын шариатын колдонуу маселесин биринчи орундагы маселе деп билген адамдар. Ушул нерсеге жетүү үчүн Шам эли өзүнүн эң сүйүктүү уулдарын курман кылды.

Жалпы мусулмандарга, айрыкча Шам элине эскертебиз: биз,  «Хизб ут-Тахрир» партиясы, бардык беренелери Китептен жана Сүннөттөн, сахабалардын ижмасынан жана муътабар шаръий кыястан алынган конституция долбоорун сунуштайбыз. Бул долбоор Шарият бизге түшүндүрүп берген мамлекеттин формасын, анын түзүмдөрүн жана бул түзүмдөрдүн жихаздарын аныктап берет. Мунун баары – биз аракет кылып жаткан нерсебиз жөн гана ураан болуп калбашы үчүн, жалпы бир талап бойдон калбашы үчүн, тескерисинче, көзүбүз жеткен, шаръий жол менен аныкталган так максат болушу үчүн жасалган.

Бул конституция улуттук, аймактык же улутчулдук негизиндеги мамлекет үчүн эмес. Бул – мусулмандардын мамлекети үчүн жазылган конституция. Биздин аракетибиз – бул конституциянын иш жүзүндө колдонулушуна жетишүү. Ал болсо Пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн «пайгамбарлык минхажы негизинде» болгон экинчи «Халифалык мамлекети» болот. Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

 «ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

“Андан соң пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот» (Ахмад риваяты).

Бул мамлекет бардык мусулмандар үчүн жалпы жетекчилик болуп, кафир колонизатор өзүнүн күнөөкөр колдору менен чийип берген улуттук жана аймактык чек араларды тааныбайт. Бул мамлекет үммөттү чачыранды абалынан чогултат, анын күчүн бириктирет, ага Кудс менен аль-Аксасын кайра алып берет. Биз Аллахтан бул нерсе жакында болушун сурайбыз.

Аллах Таала айтты:

﴿وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ﴾

“Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды (кордук, бечаралыктан чыгарып, бардык адамдарга) башчы заттарга айландырууну жана аларды (Фиравндын мүлкүнүн) мураскорлору кылууну каалайбыз. (Касас сүрөсү, 5-аят).

Устаз Насир Шейх Абдулхай

Хизб ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button