Роя гезити

Гендердик теңдик жана феминизм – фитратты өзгөртүү долбоору

Гендердик теңдик жана феминизм – фитратты өзгөртүү долбоору

Батыш коомдорунда аялды толук эркиндикке чыгарууга чакырган, чектен ашкан ойлорду жактаган феминисттик кыймылдар пайда болду. Бул кыймылдар алардын коомунда аялга карата жасалган зулумдукка жана негизги укуктарынан ажыратылышына жооп катары пайда болгон. Ал эми бул зулумдун түпкү себеби, аялды бактысыздыкка жана азапка алып барган секулярдык түзүм болду.

Батыш дүйнөсү өзүнүн эл аралык уюмдары аркылуу ушул бузукулук идеясын мусулман өлкөлөрүнө жайылтуу үчүн абдан аракеттенди. Алар элчиликтер менен тыгыз байланышкан, каржылык жана уюштуруучулук колдоо алган шектүү уюмдар аркылуу иш жүргүзүштү. Максаты, мусулман үй-бүлөсүн бузуу жана аялга байланыштуу исламий түшүнүктөрдү өзгөртүү эле. Ошондуктан алар эл аралык келишимдерди кабыл алышты. Мисалы, 1979-жылдагы CEDAW келишими, 2011-жылдагы аялдарга карата зомбулукка каршы конвенция, ошондой эле 1975-жылы Мехикодо өткөн аялдар жыйыны, 1980-жылы Копенгаген конференциясы, 1994-жылы Каирде өткөн калк жана өнүгүү конференциясы, 1995-жылы Бээжин конференциясы сыяктуу көптөгөн эл аралык жыйындарды уюштурушту.

Бул уюмдардын ишмердигин байкаган адам алар Батыш менен, айрыкча Америка Кошмо Штаттары менен тыгыз байланышта экенин ачык көрөт. Алар Эл аралык валюта фондунан, Дүйнөлүк банктан жана башка эл аралык уюмдардан мол каржылык колдоо алышат. Бул болсо чоң мамлекеттердин кызыкчылыктарына жана алардын мусулман элдерин секулярдаштырып, демократиялаштыруу саясатына кызмат кылат.

Мындай уюмдар «Аял жана билим», «Аял жана медиа», «Аялды экономикалык жактан күчтөндүрүү» сыяктуу жагымдуу ураандарды көтөрүшөт. Бирок чындыгында алар коомго, айрыкча аялдарга абдан кооптуу ойлорду сиңирип жатышат. Алардын ичинде: жыныстардын абсолюттук теңдиги, аялды диндин жана үй-бүлөнүн чектөөлөрүнөн бошотуу, денелик жана инсандык «өз алдынчалык», жынысты өзгөртүү сыяктуу идеялар бар. Бул алдамчы ураандардын максаты, аялды адаштырып, мусулман үй-бүлөсүн ичинен бузуу, муундарды азгыруу жана аял менен үй-бүлөгө байланыштуу шаръий өкүмдөрдү жоготуу болуп саналат.

Бирок муслима аял мындай уюмдарга да, алар айткан «акыйкатка» да муктаж эмес. Анткени Ислам ага бардык укуктарды толук берип койгон. Ислам аялды эне, эже, жубай жана кыз катары урматтап, аны ар-намыс катары коргоону буйруган. Эркекти болсо аялды коргоо, ага нафака кылуу жана жакшы мамиле кылуу менен милдеттендирген. Жолдошко аял үстүнөн «күйөөгө баш ийүүчүлүк» укугун зомбулук эмес, камкордук негизинде берген. Ислам аялга билим алуу, мурастоо, күйөөгө тийүүнү тандоо, соода, дыйканчылык жана өндүрүш ишин жүргүзүү, келишим түзүү, мүлк ээси болуу, байлыгын көбөйтүү жана өз иштерин башкаруу укуктарын берген. Ошондой эле ага мамлекеттик кызматтарда иштөөгө, коомдук-саясий турмушка катышууга, Эл кеңешинин мүчөлөрүн шайлоого жана керек болсо халифага байъат берүүгө да уруксат берген.

Бизде аял – урматталган бейишке алып баруучу эне. Пайгамбарыбыз ﷺ  ал тууралуу мындай деген:

«فَالْزَمْهَا فَإِنَّ الْجَنَّةَ تَحْتَ رِجْلَيْهَا»

«Ага (энеңе) жакын бол, анткени бейиш анын буттарынын астында».

Ал Аллага жана Анын Элчисине ﷺ  моюн сунуу үчүн жакшы мамиле кылууга буйрулган жубай. Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

«خَيْرُكُمْ خَيْرُكُمْ لِأَهْلِهِ، وَأَنَا خَيْرُكُمْ لِأَهْلِي»

«Силердин эң жакшыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылганыңар. Мен силердин араңарда үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылган адаммын».

Ал кыз, ага жакшылык кылган адам Кыямат күнү тозоктон сакталат. Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

«مَنِ ابْتُلِيَ مِنَ البَنَاتِ بِشَيْءٍ، فَأَحْسَنَ إِلَيْهِنَّ، كُنَّ لَهُ سِتْرًا مِنَ النَّارِ»

«Кимдин кыз балдары болуп, аларга жакшылык кылса, алар ага тозоктон калкан болушат».

Жалпысынан Ислам аялды урматтап мындай деген:

«إِنَّمَا النِّسَاءُ شَقَائِقُ الرِّجَالِ»

«Аялдар — эркектердин бир туугандары».

Ал эми феминизм чындыгында тарыхый күрөштөрдөн жаралган батыштык философия. Ал эркек менен аялдын мамилесине бири-бирин толуктоочу жана өз ара колдоочу эмес, атаандаштык жана тирешүү катары карайт. Ошондуктан ал экөөнүн табигый айырмачылыгын жокко чыгарып, «салттуу үй-бүлө» түшүнүгүн аялдын эркиндигин чектеген форма деп баалайт.

Феминизм «абсолюттук теңдик» ураанын көтөрүп, аны эркек менен аялды бирдей кылуу деп түшүндүрөт. Ал жыныстык эркиндикке, эне болуунун ролун кыскартууга, кээде таптакыр жокко чыгарууга, ошондой эле эркектин ордун четке кагууга чакырат. Натыйжада, Батыш коомдору үй-бүлөнүн урашын, аялдын эки эселенген жүгүн, жумуш менен балдарды тарбиялоону жалгыз көтөрүшүн, иш жана мамиле базарындагы эксплуатацияны, күйөө жана үй-бүлөнүн колдоосунан ажыроону баштан кечирүүдө.

Феминисттик риторика «жынысты нормалдаштыруу» чакырыгы менен фитратка (табиятка) каршы чыгууда. Ал жыныстык бузукулукту жайылтып, гомосексуалдык никелерди жана жыныс алмаштырууну мыйзамдаштырууга түрткү берүүдө. Бул өз кезегинде ахлакый жана  ижтимаий башаламандыкка, туруксуз мамилелердин көбөйүшүнө, абийирдүүлүк жана жоопкерчилик түшүнүктөрүнүн жоголушуна алып келди. Натыйжада инсаний кризис жана коомдук түзүлүштүн бузулушу пайда болду.

Феминизм жана гендердик теңдик долбоорлору адамдын табигый инсандыгын жокко чыгарат. Алар табигый жынысты коом түзгөн нерсе катары карап, аны өзгөртүүгө болот деп ырасташат. Бирок Ислам мындай деп бекем айтат:

﴿وَأَنَّهُ خَلَقَ الزَّوْجَيْنِ الذَّكَرَ وَالْأُنثَىٰ﴾

«Жана Ал Зат эркек-аял жуптарды жараткан». (Нажм: 45).

Бул өзгөрбөс фитрат. Мындай бузук идеялар эркек менен аялдын табигый айырмачылыгына негизделген шаръий өкүмдөргө да каршы келет. Мисалы, мурас, талак жана нафака өкүмдөрүнө.

Бул долбоорлор жөн гана «сырткы теңдикке» чакырык эмес, алардын максаты мусулман үй-бүлөнү бузуу, исламий инсандыкты эритүү жана динде чоңойгон муунду динди жөн гана маданий тандоо катары көргөн деңгээлге түшүрүү. Ошондуктан алардан абайлоо зарыл. Коомду шаръий жана акыйда түшүнүктөрү менен коргоо, аялдын урматталган, корголгон, үй-бүлө менен коомду курууда өнөктөш, үммөттүн ойгонушунун негизи катары Ислам берген абалын чыңдоо зарыл.

Устаз Ахмад аш-Шамали

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button