Роя гезити

Демократиянын босогосунда саясий демилгелерди жалдырап суранышууда!

Демократиянын босогосунда саясий демилгелерди жалдырап суранышууда!

2025-жылдын 15-майында тунис журналисти Хаммади ал-Маамури “Индепендент Арабия” гезитине “Тунис оппозициясынын 12 саясий демилгеси тоңдурулду” деген макала жарыялады. Бул демилгелердин баары демократияга жана биргелешкен башкарууга кайтууну колдосо да, бийлик 2021-жылдын 25-июлунда башталган багыттан баш тартып жатат.

Макалада негизги басым төмөнкү маселелерге жасалат: 2020-жылдан бери Тунисте 12ден ашык саясий демилге көтөрүлдү. Алардын катарына Тунис эмгекчилер биримдигинин улуттук диалог демилгеси, “Самуд” коалициясынын элдик куткаруу улуттук жыйыны, жарандык коом уюмдарынын үч тараптуу куткаруу демилгелери жана тарыхчы Адель Латифинин “Илгерилөө” аттуу демилгеси кирет. Бул демилгелердин кээ бирлери 2021-жылдын 25-июлунан кийинки саясий багытты колдосо, башкалары каршы чыкты. Бирок бул демилгелердин эч бири элдин ишенимине ээ боло алган жок жана саясий күчтөрдү бир максатка бириктире алган жок. Себеби мурунку саясий диалогдорду кайталап, бийликти бөлүшүүгө умтулуп, терең реформаларды максат кылышкан эмес.

Аналитиктер менен активисттер бул ийгиликсиздиктин себептерин ар түрдүү факторлор менен түшүндүрүшөт. Бийликтин демилгелерге көңүл бурбоосу, саясий партиялардын 2011–2021-жылдардагы коррупция, чет элдик каржылоолор жана тар партиялык күрөштөр менен коштолгон он жылдык катачылыктарын кайра карап чыкпагандыгы. Ошондой эле, партияларга элдин ишеними жоголушу, алардын лидерлеринин куугунтукталышы, өзүн-өзү сындоого жөндөмсүз абалга келиши — мунун баары алардын демилгелерин элге ылайыксыз, ишке ашкыс идеяларга айлантты. Буга кошумча, салттуу партияларга караганда элге көбүрөөк таасир бере алган социалдык тармактардын ролу да өстү.

Үммөт Батышка аскерий жактан жеңилгенде, “жеңилген жеңүүчүнү туурайт” деген комплекстин таасиринде калуу менен, Батыштын саясий ой жүгүртүүсүн кабыл алып, атайын даярдалган элита аркылуу аны системалуу түрдө сиңирүү процесси жүрдү. Натыйжада, үммөттөн жана анын сакафатынан ажыраган саясий катмар пайда болду. Бул катмар үммөттүн сакафатына карама-каршы Батыштын  философияларын кабыл алды. Алардын эң көрүнүктүүлөрү:

  • динди мамлекеттен ажыратуу (Батыштагы чиркөөгө каршы күрөштүн натыйжасы катары);
  • орточо чечим философиясы (элдин түз башкаруусу менен падышанын башкаруусунун ортосундагы формула).

Батыш үлгүсүнө ылайык саясий элитанын иш алып баруусу. Бул элита Батыш үлгүсүн төмөнкү тармактарда кайталашты:

  1. Саясий конференциялар менен демилгелерди чечүүдө Батыштын саясий теорияларын кабыл алышты.
  2. Өздөрүнүн ишмердүүлүгүн демократиялык калыптарга салууга аракет кылышты, айрыкча жамааттык башкаруу түшүнүгү аркылуу:
  • парламенттер (мыйзам чыгаруу бийлиги);
  • министрлер кабинети (аткаруу бийлиги).
  1. Партияларды демократиялык негизде түзүштү.
  2. Жарандык коом уюмдары же «үчүнчү сектор» деген түшүнүктү мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө катары, ошондой эле каржылоо аркылуу саясий таасир этүүнүн куралы катары кабыл алышты.

Кризистин тарыхый тамыры:

Үммөт тарыхта дайыма зулумдукка каршы көтөрүлүшкө чыккан. Ал эми XX жана XXI кылымдардагы көтөрүлүштөр — мисалы, Араб жазы — элдин төмөнкү себептерге болгон жообу болчу:

  1. Осмон Халифалыгынын кулатылышы жана мусулмандардын аймагын бөлүп-жаруу;
  2. Ислам шариатынын ордуна секуляристтик капиталисттик түзүмдөрдү таңуулоо;
  3. Колонизаторлор жана алардын жергиликтүү кызматкерлери «улутчулдук», «пантүркчүлүк», «социализм», «демократия» сыяктуу жалган ураандар менен элди алдоосу.

Араб жазы көтөрүлүштөрү, айрыкча Тунистеги модел бурмаланып, көп партиялуулук (плюрализм) бийлик боштугун толтуруунун идеалдуу жолу катары сунушталды. Бирок ошол эле учурда, ал капиталисттик түзүмдү сактап калууга багытталган болчу. Бул идея элдин диктатурага каршы табигый реакциясы катары оңой кабыл алынды жана бир адам башкарган режимдин альтернативасы катары жайылтылды. Ошондой эле, бул идея эч кандай мабдаий идеологиялык альтернативасы жок, бийликтеги диктаторлорду кулатып алардын ордуна келүүгө умтулган партиялар менен саясий күчтөр үчүн “жем” болду.

Саясий партиялар саясий ишмердүүлүктүн өзөгү, бийлик менен элдин ортосундагы байланыш куралы жана диктатор лидерлерге тарыхый атаандаш катары каралып келген. Ошондуктан, көп партиялуулук араб жазы сыяктуу көтөрүлүштөрдү айланып өтүүнүн жана аларды жумшартуунун негизги тирөөчтөрүнүн бири болуп калды. Натыйжада, бул көтөрүлүштөр кийинки этапта басылып, алардын «каны» партиялардын ортосунда бөлүштүрүлүп кетти.

Саясий демилгелердин көрүнүшүнө сын көз караш:

Саясий демилгелер – башкаруу кризисин түп-тамырынан чечүүгө багытталган чыныгы дарылоодон алаксытуучу, кооптуу “ооруну басаңдатуучу” каражаттар. Алар маселени андан бетер татаалдаштырат. Анткени, ийгиликке жетпеген демократиялык түзүмдөн келип чыгып, өлкөнү тышкы күчтөргө байлап койгон башкаруучулар тарабынан ишке ашырылат. Чыр-чатакты бийликти ээлеп алууну көздөгөн жалданма саясатчылар ортосундагы күрөшкө айлантат. Акыр аягында, демилге башкаруу тутумуна же тышкы кийлигишүүгө тийишпесе, анда ал рак илдетин аспирин менен дарылоого окшош болот.

Маселе тууралуу өкүм чыгаруу аны туура түшүнүүдөн көз каранды. Эгер маселе саясий деп бааланса, анда ага карата аракет да саясий мүнөздө болуп, демилгелер, дипломатиялык аракеттер жана учурдагы түзүмдөр менен байланыш аркылуу жүргүзүлөт. Бирок, маселе аскерий мүнөздө деп бааланса мисалы, Палестина маселеси, анда ага карата аракеттер да башынан аскерий багытта пландалып, саясий өлчөмдөрдөн тышкары жүргүзүлөт.

Ошондой эле, эгер кандайдыр бир башкаруу тутуму өз легитимдүүлүгүн жоготкон болсо, үммөттүн ар кайсы булуң-бурчунда көтөрүлүштөр аркылуу кулап түшкөн болсо жана эл негизги өзгөрүүнү талап кылып жатса, анда ал түзүмдөрдүн негизине карап, алар менен болгон байланышты үзүү, жетекчилерин жана түзүмдү ар тараптан жоопко тартуу жана аны түп-тамырынан жоюу керек. Бул өзгөрүү алардын бүтүндөй ой жүгүртүү, саясий жана укуктук пайдубалдары менен кошо жок болушун камсыздоосу зарыл. Бул жыйынтык төмөнкүдөй иш-аракеттерди талап кылат:

  • Жамоо мүнөзүндөгү саясий демилгелерди четке кагуу;
  • Колонизатордук системадан жана анын сырттан алып кирилген түзүмдөрүнөн толук үзүлүү;
  • Үммөттүн өздүгүнөн жана ишениминен келип чыккан мабдаий альтернатива сунуштоо.

Жасалма түзүмдөрдүн астындагы азап:

Тунисте жана башка мусулмандар жашаган жерлерде үммөт Осмон Халифалыгы кулатылгандан кийин, терең геосаясий бөлүнүүгө туш болду. Анын ордуна колонизатор тарабынан орнотулган жана мажбурлап таңууланган жасалма режимдер келди. Мусулмандарга кээде алдоо аркылуу, кээде кандуу зомбулук менен башкаруунун ар кандай түрлөрү таңууланды. Бирок бул социалисттик, капиталисттик же башка кандай гана болбосун башкаруу системалары азаптан башка эч нерсе алып келген жок. Алар өлкөлөрдү кыйратты, коомдук ишенимди талкалады, үммөт ичинде терең бөлүнүүлөрдү жана касташууларды жаратты. Акыры көпчүлүгү зулум бийликтин колундагы куугунтук, кыйноо жана өлтүрүүлөр менен аяктады. Бул үрөй учурган көрүнүш дайыма колонизатордун көзөмөлүндө ишке ашып келген. Саясий күрөштөрдү ар дайым арт жагында туруп башкарган дал ушул колонизатор болчу. Ал өзүнө ылайыктуу башкаруучуларды бийликке алып келип, үммөттүн кайрадан өзүнүн багытын, Ислам акыйдасына негизделген көз карашын калыбына келтирип жиберишинен кооптонуп, үммөттүн азыркы абалга болгон реакциясын кунт коюп байкап турчу.

Ислам үммөттү Аллахтын жибин (динине) бекем кармоого чакырат жана мусулмандар ортосундагы бардык бөлүнүүгө жана чачыроого тыюу салат. Ал адамдарды жакшы ахлакка, жакшылыкта жарышууга жана жакшылыкка чакырууга үндөйт. Бул өз кезегинде саясий партиялар түзүлө турган бекем алкак болуп кызмат кылат. Андай партиялар улуу жана асыл максаттарда жарышып, майда пикир талаш, бирин-бири каралоо же душмандаштыруу эмес, тескерисинче жамаат арасында биримдикти сактайт. Анткени каралоо жана жаманатты кылуу бири-бирине кастык жаратып, душмандардын үстөмдүгүн арттырат.

Ислам Аллах Тааланын вахийи жана бардык көйгөйлөргө түпкү чечим. Алла Таала түшүргөн бул дин экономикалык, саясий жана коомдук турмуштагы бардык маселелерге түпкү, чыныгы чечимдерди сунуштайт. Мусулмандар жана алардан башкалар да ушул Исламдын көлөкөсүндө кылымдар бою бактылуу жана урматтуу жашашкан. Анда азыр эмне үчүн бул өкүмдөр биздин маселелердин чечими экенин түшүнбөй жатабыз?

Ислам байлыктын кандайча бөлүштүрүлүшүн, мүлктүн түрлөрүн кандайча уюштурулушун, зулум кылган же ката кеткен башкаруучуну кандайча жоопко тартуу жолдорун так жана ачык белгилеп берген. Аллах Таала айтат:

﴿وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَاناً لِّكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَى لِلْمُسْلِمِينَ﴾

«…жана сага бардык нерсени баян кыльш берүүчү, хидаят (Туура Жолго баштоочу), рахмат жана мусулмандар үчүн сүйүнчү кабар болгон Китепти-Куранды түшүрдүк». (Нахл сүрөсү, 89-аят).

Демек, Ислам кичине же чоң бардык маселеге шарият өкүмүн койгон. Адамзат алдында кандай гана көйгөй болбосун, ага туура чечим берген. Тилекке каршы, бүгүн бул өкүмдөр мусулмандардын турмушунан алыстатылып, алар капыр жана зулум түзүмдөрдүн астында жашап калышты жана бул дүйнөсүн да, акыретин да жоготушуна себеп болду.

Бүгүн болсо акыйкат ачыкка чыкты, алхамдулиллах. Исламдын чыныгы өзөгү, анын башка түзүмдөрдөн жогору турган мыйзамдары эми бүткүл дүйнөгө көрүнүп калды. Себеби, изилдөө жана маалымат каражаттары өнүккөн учурда, Хизб ут-Тахрир сунуштап жаткан терең жана деталдуу альтернатива да жеткиликтүү болуп калды.

Мына ошондуктан, бүгүн түпкү өзгөрүү саясий зарылдыкка айланды. Бул өзгөрүү үммөттүн эркин жана күч-кудурет ээлеринин чечкиндүүлүгүн күтүп турат. Бул өзгөрүү зулум башкаруунун доорун түбөлүккө жабуу жана Пайгамбарыбыз ﷺ  сүйүнчөлөгөн нубувват жолундагы Рашид Халифалыкты тикелөө аркылуу ишке ашат. Аны менен Ислам өкүмдөрү турмуштун бардык тармагында колдонулат жана бул дүйнөдө адилеттүүлүк менен көзкарандысыздыкты, ал эми акыретте куткарылуу жана ийгиликке жетүүнү камсыз кылат.

Устаз Ясин бин Яхья

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button