Роя гезити

Европанын Америкадан көз карандысыздыгы: кыялдар менен кыйынчылыктардын ортосунда

Европанын Америкадан көз карандысыздыгы: кыялдар менен кыйынчылыктардын ортосунда

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 2025-жылдын 10-сентябрында Франциянын Страсбург шаарындагы Европа парламентинин алдында сүйлөп жатып мындай деди:

«Азыркы учурда күчкө негизделген жаңы дүйнөлүк түзүлүш үчүн фронттук сызыктар чийлиип жатат. Ошондуктан, ооба, Европа дүйнөдө өз орду үчүн күрөшүүсү зарыл, бүгүн ири державалардын көпчүлүгү Европага каршы же ачык душмандыкта турат… Бул Европа үчүн көз карандысыздыктын учуру болушу керек… Европанын чыгыш тарабы Балтика деңизинен Кара деңизге чейинки аймактын баарын коопсуз кылып турат. Ошондуктан биз аны колдоого инвестиция салууга тийишпиз. Европа өз аймагынын ар бир карышын коргойт».

Бул билдирүүлөр Фон дер Ляйен 2025-жылдын 19-мартында «Европаны коргоо боюнча ак китеп» долбоорун сунуштагандан кийин айтылды. Ал документте төмөнкүлөр камтылган:

– Төрт жыл ичинде континентти кайра куралдандыруу үчүн 800 миллиард евролук ири долбоорду ишке киргизүү жана аскердик өндүрүштү Европанын ичинде жүргүзүүнү артык көрүү;

– «Россия Европанын бүтүндүгүнө коркунуч туудурат» деп белгилөө;

– Американын жардамы токтотулгандан кийин Украинанын орус чабуулдарына туруштук берүү жөндөмүн камсыз кылууга артыкчылык берүү. Бул 1,5 миллион артиллериялык снаряд жана абадан коргонуу системаларын берүү, аскерлерди окутуу, Украинаны европалык аскердик каржылоого туташтыруу жана европалык аскердик кыймыл өтмөктөрүн кеңейтүүнү камтыйт.

Документте дагы мындай деп жазылган: «Европа Американын коопсуздук боюнча берген кепилдигин толугу менен ишеничтүү деп эсептей албайт. Ал НАТОну сактап калууга олуттуу салымын кошууга тийиш, анткени ал Европадагы жалпы коргонуунун бурчтагы ташы бойдон калууда». Ошондой эле «Европанын америкалык аскерий мүмкүнчүлүктөргө көз карандылыгы азыр коркунуч туудурат, анткени Америка өз мамилесин кайра карап чыкты» деп белгиленген.

Бул билдирүүлөр жана аракеттер Америка Европага карата коопсуздук милдеттенмелеринен баш тартарын жарыялагандан кийин жасалды. Ошондон тартып Европа өзүнүн аскердик өнөр жайын өнүктүрүүнү жана Америкадан көз карандысыз болууну ойлоп баштады. Ошондой эле Кытай менен байланышын бекемдөөгө, Россия менен түшүнүшүүгө аракет кылууда, бирок Америка буга жол бербөөгө аракет кылууда.

Ошондуктан Франциянын президенти Макрон Ляйен менен бирге 2023-жылдын апрелинде Кытайга сапар жасады. Ошол кезде аны америкалык лидерлер «ал Кытайга жагалданып жатат» деп сындап, «анын сапары Кытайдын таасирин чектөөгө багытталган америкалык аракеттерди алсыратат» деп айтышкан. Макрон болсо өзүнүн жана европалыктардын позициясын коргоп, Америкага көз каранды болууну четке кагып мындай деген: «Союздаш болуу – кул болуу дегенди билдирбейт. Бул сенин өз алдынча ой жүгүртүү укугуңду жоготконуңду билдирбейт».

Бирок мындай көз карандысыздыкка жетишүү жеңил эмес. Анткени Европа менен Американын ортосундагы жылдык соода жүгүртүү 1,2 триллион долларды түзөт, жана бул көрсөткүч Кытай менен болгон соодадан 4 эсе жогору. Мындан тышкары, Америка Европадагы каржылык инвестициялар жана ар түрдүү долбоорлор аркылуу болжол менен 2,3 триллион долларлык үлүшкө ээ. Демек, Американын Европага экономикалык үстөмдүгү анын экономикасына, саясатына жана медиасына терең кирип кеткен. Мындай үстөмдүктөн арылуу оңой эмес.

Мындан тышкары, америкалык изилдөө борборунун маалыматы боюнча «Америка Европада жана анын жээктеринде болжол менен 100 миң аскер, 150 аскер учагы, 140 кеме, 3 ядролук курал сактоочу база жана 100 өзөктүк ракета жайгаштырган». Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан бери коргонуу маселесинде Америка менен байланып, ага таянып келген. Ошондуктан Европа өз алдынча коргонуу саясатын же көз карандысыз армиясын түзө алган жок, канчалык аракет кылбасын, азыркыга чейин НАТО гана биргелешкен коргонуу саясаты бойдон калууда. Бирок ал азыр кооптуу абалда, анткени Америка Европаны коргоого даяр эмес жана анын урааны «Биринчи кезекте Америка». Украина согушу мунун айкын далили болуп калды.

Эгерде НАТО мүчөсү болгон мамлекетке кол салынса жана Америка аны коргобой койсо, анда уюмдун өзү кыйроо коркунучуна туш болот. Макрон 2019-жылы эле НАТОну «клиникалык жактан өлүк» деп атаган болчу, ошондуктан ага болгон ишеним анча чоң эмес.

Учурдагы Россия менен болгон согуш шартында Европа мунун баарынан тез арада баш тарта албайт. Бул үчүн 4 жылдан кыйла узак убакыт талап кылынат. Анткени биримдикке кирген 27 мамлекет тең бирдей эмес, алардын айрымдары бири-бири менен келише албайт. Ар бир мамлекет биринчи кезекте өз кызыкчылыгын ойлойт, экинчи орунда улутчулдугун сактайт, үчүнчүдө гана европалык биримдикти кармайт. Мындан тышкары, ар биринде ички, экономикалык жана саясий көйгөйлөрү бар. Алар коргонуу үчүн көбүрөөк каражат төлөөгө даяр эмес. Жада калса каржылык ашыкча каражатка ээ Норвегия сыяктуу өлкөлөр да буга макул эмес. Себеби алардын баарын капиталисттик өзүмчүлдүк башкарып турат: алар үчүн пайда – ой жүгүртүүнүн негизи жана амалдарынын өлчөмү.

Ушунун баары Европанын бирдиктүү чечим чыгарып, көз карандысыздыкка жетишүүсүнө тоскоолдук кылууда. Муну менен Америка ар бир мамлекетти өзүнчө багындырууга, аларды азгырып же алдап же болбосо коркутуп, өзүнө баш ийдирүүгө жетишүүдө. Мындан тышкары, ар бир өлкөнүн ичинде өзүнүн улутчул партиялары бар, алар биримдикке каршы чыгып, андан бөлүнүүгө умтулууда, ал эми Америка аларды шыктандырууда. Ошондуктан Италия премьер-министри Мелони жетектеген оңчул партиялардын коалициясы Америкадан ажыроого каршы чыгып, негизинен Франция менен тирешүүдө. Венгрия менен Чехия да ушул багытты карманууда.

Ал эми Германия 2022-жылы өзүнүн жаңы коопсуздук стратегиясын иштеп чыгып, аскер өнөр жайын өнүктүрүү үчүн 100 миллиард евро бөлгөн. Акыркы кездерде ал курал-жарак чыгаруучу компанияларды колдоп, аларды сапаттуу курал чыгарууга шыктандыра баштады, бардык жарандык өндүрүш жайлары менен байланышып, аскердик продукция иштеп чыгууга даярданууну талап кылууда. Ошондой эле жаштарга милдеттүү аскердик кызматты киргизүүгө аракеттенүүдө жана согуш бюджети көбөйүшү үчүн гуманитардык жардамдарды кыскартууга багыт алып жатат.

2024-жылдын август айында Европа Балтика өлкөлөрүнө коркунуч туудурган Россияга каршы Литвада алгачкы туруктуу аскердик базасын түзөрүн жарыялады. Ал жакка болжол менен 4800 аскер жана 2000 аскердик техника жайгаштырылмакчы.

Мындай жагдай Европаны өзүнө таянууга, күчүн арттырууга жана биримдикке, көз карандысыздыкка умтулууга мажбур кылууда. Бирок жогоруда айтылган тоскоолдуктарды жеңүү оңой эмес жана кыска убакыт ичинде ишке ашпайт. Балким, бул орто мөөнөттө – төрт жылдан ашык убакытта ишке ашышы мүмкүн.

Европа тарыхта сырткы коркунучка каршы бириккен учурлары болгон. Мисалы, Осмон Халифалыгы доорундагы исламий жоокерлердин жортуулдарына каршы турууда, же болбосо Советтер Союзуна каршы биригишкенде орун алган. Бирок кийин аларды Америка башкарып, үстөмдүгүн орнотуп, өзүнө муктаж кылып койду. Ага таянуу Европанын саясий жактан өзүн-өзү өлтүрүү болуп, бүгүнкү күнгө чейин андан кутула албай келишет.

Биз «биримдик» дегенде алардын бир мамлекетке айланышын түшүнбөйбүз, анткени бул мүмкүн эмес, себеби алардын биримдиги өтө алсыз. Бул контексттеги биримдик – азыркы учурдагыдай баарына тең коркунуч туудурган сырткы күчкө, мисалы, Россияга каршы туруу.

Бул жагдайда Германия менен Франция Европанын ичинде аскерий жана экономикалык күчтүү державалар катары негизги таяныч болуп турушат. Ал эми союздун сыртына чыксак, Британия да Россияга жана Америкага каршы туруу үчүн мажбур түрдө колдоо көрсөтүп келет. Бирок мындай үч державанын биримдиги чоң тобокелдиктерди камтыйт. Ар бири экинчисине баш ийбейт жана ар бири жагдайды өз пайдасына чечип, лидер болууга умтулат. Ошондуктан алардын биримдигинин ичинде келечектеги атаандаштык менен тирешүүнүн уруктары жашырылган. Бул айрыкча сырткы күчтүн коркунучу жоюлгандан кийин же аны алыстаткандан кийин ачыкка чыгышы мүмкүн.

Ошондуктан Халифалыкты орнотууга аракет кылып жаткан саясий аң-сезимдүү адамдар эл аралык кырдаалды дыккат изилдеп, Батыш союздаштарынын ортосундагы позициялардагы карама-каршылыктарды көз жаздымда калтырбоого тийиш. Алардан пайдаланып, өз үммөтүн алардын жамандыгынан коргоп жана жакшылык менен туура жолдун мамлекетин тикелеп, андан соң аны башкаларга алып барышы зарыл.

Асъад Мансур

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button