Иорданиянын Амман шаарындагы үч тараптуу жолугушуу – Американын Сириядагы таасирин бекемдөө жана яхудийлер менен жашыруун нормалдашуу

Иорданиянын Амман шаарындагы үч тараптуу жолугушуу – Американын Сириядагы таасирин бекемдөө жана яхудийлер менен жашыруун нормалдашуу
2025-жылдын 12-августунда Иорданиянын борбору Амманда Иордания, Сирия жана Америка үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Ага Сириянын тышкы иштер министри Асъад аш-Шайбани, Иорданиянын тышкы иштер министри Айман ас-Сафади жана Американын атайын өкүлү Том Барак катышты. Бул жолугушуу «Сувейда кризисин ооздуктоо жана Сириянын туруктуулугун колдоо» деген шылтоо алдында уюштурулду. Бирок бул жолугушуу жана ага чейин Сувейдада болгон куралдуу кагылышуулар, яхудий түзүмүнүн Дамаскка жана анын айланасына жасаган аба соккусу, ошондой эле уруулар менен бедуиндердин басмырланышы чыныгы максат туруктуулук эмес экенин, тескерисинче Американын таасирин бекемдөө жана үммөттүн душмандарына жагымдуу чечимдерди таңуулоо экенин ачык көрсөттү.
Сувейдадагы кагылышуулардан кийин ок атышууну токтотуу жарыяланды. Бул кагылышуулар түздөн-түз яхудий түзүмүнө байланышы бар кээ бир топтор менен уруулар ортосунда болуп өткөн. Ошол эле учурда яхудий түзүмү аба соккулары менен түздөн-түз күч колдонду. Бул окуялардын артынан Париждеги жолугушуулар жана эң акырында Аммандагы үч тараптуу жыйын өткөрүлдү. Алардын баары Сириянын тагдыры жабык эшик артында, Американын көзөмөлүндө жана аймактык камкордугу астында чечилип жатканын, Сувейдадагы окуя болсо эл аралык нажас оюнга курал экенин далилдеди.
Расмий маалымат каражаттары бул жолугушууну «кайра курууга жана эгемендүүлүктү камсыздоого карай кадам» катары сүрөттөдү. Чындыгында болсо катышкан тараптар Американын жана яхудий түзүмүнүн таасирин сактап калуучу, көзкарандылык реалдуулугун бекемдөөчү жана мамлекетти өз бийлигин толук ишке ашыруудан алыстатуучу чечимдерди гана талкуулашты. Жада калса иорданиялык талдоочулар да түштүктөгү кагылышуулар Иордания чек араларына түз коркунуч туудуруп жатканын, Сирия мамлекетинин кыйрашы Иорданиянын кызыкчылыгына туура келбейт деп белгилешкен. Демек, бул жолугушуу биринчи кезекте Иорданияны жана баскынчы түзүмдүн коопсуздугун коргоо үчүн өткөрүлгөн.
Американын түздөн-түз катышып, «согушту токтотуу» деген шылтоо менен өз планын таңуулоосу анын Сириядагы окуялардын башкы кыймылдаткычы экенин дагы бир жолу ашкерелейт. Аммандагы бул жыйын – ушул багыттагы жаңы баскыч болуп, Американын таасирин бекемдөө жана Абрахам келишимине макул болуу аркылуу баскынчы түзүм менен нормалдашууга жол ачуу үчүн жасалган кадам.
Бул окуяларды жакшылап байкаган ар бир адам токтолушу зарыл болгон бир катар чындыктарды аңдай алат, алардын айрымдары мындай:
Биринчиден: яхудий түзүмү бул көрүнүштүн башкы тарабы болуп эсептелет. Ал ар бир кырдаалды өз пайдасына айлантып, аны кызытып турат жана улам-улам өзүнүн максаттарын ачык айтып келет. Ошондуктан бул ролду көз жаздымда калтырган же билмексенге салган ар кандай жолугушуу – чындыгында ага шериктеш болуу жана анын агрессиясын бекемдөө болуп саналат.
Экинчиден: үч тараптуу жолугушуу Сирияга эл аралык «осуятчылыкты» кайрадан таңуулоо үчүн өткөрүлдү. Бул аркылуу убактылуу өкмөт Америка көзөмөлүндө саясий жана коопсуздук тартибине макул болууга мажбурланууда. Анын ичинде түштүк аймакты башкаруу жана яхудий түзүмү менен «саясий өнөктөш» катары иш алып баруу да камтылган. Бул болсо урууларга каршы жасалган коркунучтуу кылмыштарды актоо, бейкүнөө жандарга саткындык кылып тебелөө жана душман дем алган бөлүнүүчү очокторду мыйзамдаштыруу дегенди билдирет.
Үчүнчүдөн: Сириянын ыдырашынан жана түштүктө же башка аймактарда майда мамлекетчелердин пайда болушунан улам коркунуч туулат деген сөздөр ар кандай «чечим планын» кабыл алдыруу үчүн басым көрсөтүү максатында айтылууда. Бул аркылуу баскынчы түзүмдүн коопсуздугун камсыз кылуу көздөлүүдө. Друздарды коргоо деген жүйө яхудий түзүмүнүн түздөн-түз кийлигишүүсүнө шылтоо гана болуп калды. Ошондой эле бөлүнүүчү топторду мамлекеттин ордуна альтернатива катары сунуштап жатышат. Булардын бардыгы ал азчылыктарды сүйгөндүктөн эмес, яхудий түзүмүнүн коопсуздугун бекемдөө жана аны коргой турган келишимдерге мажбурлоо үчүн гана жасалууда.
Төртүнчүдөн: «кайра куруу» жана «качкындардын кайтуусу» деген ураандар алдамчы ураандардан башка эч нерсе эмес. Алардын максаты – убакытты созуп, саясий планды өткөрүү, ошону менен революциянын жолун бөгөттөө жана Сирия маселесин азаттык жана түпкү өзгөрүү маселесинен жөн гана гуманитардык жана жардам көрсөтүүчү маселе кылып көрсөтүү. Натыйжада өлкөнүн эгемендиги тышкы күчтөрдүн колунда туткун бойдон кала берет.
Бешинчиден: Вашингтонго же Амманга же башка борборлорго таянуу – туруктуулук да, эгемендүүлүк да камсыз кылбайт. Тескерисинче, көзкарандылыкты жана адашууну күчөтөт. Анткени сырттан таңууланган ар бир келишим – революциянын жетишкендиктеринен дагы көбүрөөк баш тартуу, колонизатордун таасирин дагы көбүрөөк бекемдөө жана мужахиддер менен эркин адамдарды дагы көбүрөөк кысымга алуу дегенди билдирет.
Бардык фактылар чогулуп келип, Аммандагы үч тараптуу жолугушуу – түз айтылбаса да кылмышкер түзүм менен нормалдашуу багытында жасалган бир кадам экенин көрсөтүүдө. Анткени Сириянын туруктуулугу тууралуу Сирияда басып алган жерлерден яхудийлерди айдап чыкпай туруп сөз кылуу, андан тышкары ыйык Палестина жерин басып алгандарын унутумуш болуу, жана Сувейда менен Газада шейит болгон адамдар менен урууларды көз жаздымда калтыруу – булардын бардыгы яхудий түзүмү менен маскаралуу «бирге жашоого» жер даярдоодон башка нерсе эмес.
Ошондуктан, Шам эли мындай кутумдарды четке кагышы керек. «Тынчтык жана туруктуулук» деген ураандарга алданбашы зарыл. Анткени алар бул ураандардын артына туруп алып, яхудийлердин кылмыштарын жаап-жашырышууда. Коопсуздукка жана эгемендүүлүккө жетүү жолу Вашингтон же Амман аркылуу эмес, Аллахтын шариатына бекем кармануу аркылуу гана болот. Ошондой эле үммөткө жана анын кең пейил калкына таянып, революцияны улантуу, ар бир чет элдик осуятчыларды кулатуу жана яхудий түзүмүн түп-тамыры менен жок кылуу үчүн чынчыл аракет кылуу аркылуу гана ишке ашат. Аллах Таала мындай деди:
﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاء ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ﴾
«Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Алладан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт.» (Худ: 113).
Анык билиниши керек болгон нерсе Америкага жана Батышка таянуу, же Иорданиянын жана яхудий түзүмүнүн Сирияны бөлүп-жаруу аракеттерине макул болуу – бул революцияга жана шейиттердин канына карата чоң чыккынчылык. Негизги жеңишке алып баруучу биринчи кадам бардык нормалдаштыруу долбоорлорунан баш тартуу, Аллахтын шариатын чын жүрөктөн колдонуу жана калктын көтөрүлүп чыккан чыныгы колдоосуна таянуу болуп саналат. Анткени дал ошол Аллахка таянуудан кийинки кыйынчылык жана сыноо учурундагы чыныгы тирек.
Устаз Абдудали Хизб-ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү
Роя гезити