Ислам мамлекети тууралуу душмандар менен атаандаштардын күбөлүктөрү

Ислам мамлекети тууралуу душмандар менен атаандаштардын күбөлүктөрү
Ислам мамлекети саясат, башкаруу, экономика, коом, сот тармактарында шариат өкүмдөрүн колдонгону үчүн калк коопсуздукта жана тынчтыкта жашаган. Бул тууралуу анын каршылаштары да күбөлүк беришкен.
Саякатчы Мотрай мындай дейт:
«Мен Осмон мамлекетинде он төрт жыл жашадым. Ал жакта уурулук учурлар абдан сейрек кездешчү. Айрыкча Истамбулда уурулук өтө сейрек болчу. Осмон мамлекетинде жол тоскондорго берилчү жаза казыкка отургузуп өлтүрүү эле. Бирок мен Истамбулда жашаган он төрт жыл ичинде бул жаза болгону алты жолу колдонулду, алардын баары рум улутунан эле. Түрктөрдүн жол тоскону тууралуу маалымат жок. Ошондуктан калк тарабынан акча уурдап кетет деген коркуу жок эле».
Истамбулдагы элчи Сэр Жеймс Портер, түрктөр менен исламды жактырбаса да мындай деп жазган:
«Жол тосуу, үйлөрдү тоноп кетүү сыяктуу окуялар осмон коомунда болбогондой эле, согуш маалында да, тынчтык учурунда да жолдор үйлөр сыяктуу эле коопсуз болчу. Ар бир адам Осмон мамлекетинин негизги жолдорунда жалгыз кете алчу. Көптөгөн сапарлар жана саякатчыларга карабай кылмыш окуялары абдан аз эле. Көп жылдар ичинде болгону бир-эки жолу гана сейрек учурларды жолуктурууга мүмкүн».
Абу Жини мындайча баяндаган: «Алар улуу борбордо (Истамбулда) дүкөндөрүн күн сайын ачык калтырышат. Белгилүү убакыт болгондо намазга кетишет. Түнкүсүн болсо үйлөрүнүн эшигин адаттагыдай жыгач кулпу менен бекитишет. Ошого карабастан жылына үч-төрт жолу гана уурулук болот. Бирок калкынын көбү христиандар болгон белгилүү Галата менен Бейоглу аймактарында күн сайын уурулук жана кылмыштар болуп турчу».
Англиялык бир саякатчы Daily News гезитине Осмон мамлекетиндеги коопсуздук жана тууралык тууралуу мындайча жазган:
«Бир күнү мен бир айылчыдан араба жалдап, өзүмдүн жана венгриялык офицер досумдун буюмдарын ташыттым. Бардык кутулар жана буюмдар ачык эле турган: пальтолор, терилер, жоолук-шарфтар. Ошол маалда мен бир аз кургак чөп сатып алгым келип калды. Ошондо сылык-сыпаалык менен өзгөчөлөнгөн бир түрк киши мени менен бирге барууну сунуштады. Ал киши заттарды арабадан чыгарып, арабаны биздин буюмдарыбыз менен кошо жолдун ортосуна калтырып койду. Мен анын алыстап бара жатканын көрүп:
— Бул жерде бирөө калышы керек, деп кыйкырдым.
Ал болсо:
— Эмнеге? деп сурады.
Мен айттым:
— Биздин буюмдарды кайтарууга.
Ал мага:
— Эмнеге андай кылышың керек? Кабатыр болбо, буюмдарыңар ушул жерде бир жума бою, күндүз-түнү турса да эч ким тийбейт, деп жооп берди.
Мен да мындан ары талап кылбай, кетип калдым. Кайра келгенде бардык нерселер ошол бойдон ордунда турган экен. Анткени осмон аскерлери ал жерден улам өтүп турушчу. Бул көз менен көрүнгөн акыйкат Лондондогу чиркөөлөрдүн минбарларынан бардык христиандарга жарыяланышы керек. Айрымдары муну кыял деп ойлошу мүмкүн, бирок алар бул уйкусунан ойгонушу абзел».
Бул душмандар менен атаандаштардын өз оозу менен айткан күбөлүгү. Алар Ислам колдонулган Осмон мамлекетиндеги коопсуздук абалын мойнуна алышкан.
Ал эми бүгүнкү күндө кафир колонизатор өзүнүн жийиркеничтүү кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн орнотуп кеткен улутчул майда-мамлекеттерде, капиталисттик түзүмдү колдонууга мажбур кылышкан. Натыйжада мусулмандардын саясий, экономикалык, коомдук жана коопсуздук турмушу бузулуп, кылмыштар, өлтүрүүлөр жана абийирлерди тебелөө сыяктуу көрүнүштөр көбөйдү.
Чыныгы коопсуздук менен тынчтык Халифалык орногондо гана болот.
Расулуллах ﷺ айткан:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Чындыгында Имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат». (Бухари, Муслим).
Роя гезити