Роя гезити

Йемендеги акыркы саясий окуялар эмнеден кабар берет?

Йемендеги акыркы саясий окуялар эмнеден кабар берет?

Өткөн бейшемби, 2025-жылдын 28-августунда «Өзгөрүү жана курулуш өкмөтүнүн» төрагасы Ахмад Галиб ар-Рахави өлтүрүлдү. Аны менен кошо тогуз министр да каза болду. Алар:        Адилет жана адам укуктары министри Мужахид Ахмад Абдулла Али, Экономика, өнөр жай жана инвестициялар министри Маин Хашим Ахмад ал-Махакари, Айыл чарба, балык чарба жана суу ресурстары министри Ризван Али Али ар-Рубайи, Тышкы иштер жана миграция министри Жамал Ахмад Али Амер, Электр энергиясы, энергетика жана суу министри Али Саиф Мухаммад Хасан, Маданият жана туризм министри Али Касим Хусейн аль-Яфиъи, Коомдук иштер жана эмгек министри Самир Мухаммад Ахмад Бажаала, Маалымат министри Хашим Ахмад Абдуррахман Шарафуддин, Жаштар жана спорт министри Мухаммад Али Ахмад ал-Мавлид.

Бир катар башка министрлер да оор жана орточо жаракат алышкан. Алардын арасында коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер Жалал ар-Руишан да бар. Яхудий түзүмү бул кол салууну өз мойнуна алып, Коргоо министри Мухаммад ал-Атифи менен Башкы штабдын жетекчиси Мухаммад Абдулкарим ал-Гумарини бутага алганын жарыялады.

Бул киши өлтүрүү бизге Ирандагы бийлик башчы Ибрахим Раисини 2024-жылдын 19-майында өлтүрүлгөнүн, ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны 2024-жылдын 31-июлунда Тегеранда өлтүрүлгөнүн эске салат. Анткени алар планда экөөнү бир ок менен урганы турган. Ошондой эле 2024-жылдын 17-18-сентябрында Ливандагы «пейджер» жарылууларынын артынан «Хизбулланын» баш катчысы Хасан Насралла 27-сентябрда Бейруттун түштүк четиндеги Дахийяда өлтүрүлүп, 23-октябрда Хашим Сафиддин да яхудий түзүмүнүн аба чабуулунда набыт болгон.

Булардын баарын бириктирген нерсе – Ирандын чалгын кызматына 1953-жылы түзүлгөн күндөн тартып бүгүнкүгө чейин Моссаддын сүңгүп кириши. Анын ууланган таасири Тегеран менен байланышкан бардык тараптарга жайылган. Эсиңиздерде болсо, 2024-жылдын 6-декабрында Аммандан кайтып келе жатканда Сана аэропортунда Моссад менен байланышкан хусий адамдардын кармалганын кабарлашкан эле.

Хусийлердин яхудий түзүмүнө каршы чабуулдары жана анын жооп иретиндеги соккусу салыштырылганда, акыркы эки жылга жакын убакытта хусийлер окшош үч миңдей ракета чабуулун жүргүзүштү. Алардын бутага алган жерлери – басып алынган Палестинадагы объектилер болду. Натыйжада экономикалык зыян келип чыкты: Умму-р-Рашраш («Эйлат») порту жабылып, Лидд («Бен-Гурион») аэропортунда авиакаттамдар кечигип, Бабул-Мандеб аркылуу кемелер басып алынган Палестина портторуна жетпей калды. Бирок адам өлүмүнө алып келген жок, бир гана киши каза болду. Ал эми яхудий түзүмү болсо бир жыл ичинде Санадагы аэропорт, Захбан жана Хизйаз электр станциялары, мунай компаниясынын объектилери, деңиз жээгиндеги Ходейда шаарынын порту жана күйүүчү май сактагычтары сыяктуу буталарга 16 чабуул жасады. Анын акыркы чабуулунун жыйынтыгында хусийлер өкмөтүнүн жарымы өлтүрүлүп, башкалары жаракат алышты.

Ошентип, «Өзгөрүү жана курулуш министрлиги» йемендиктердин оор ачарчылык жылдарынан эки жылды өткөрдү. Биринчи жылы – «Куткаруу министрлигинин» ордуна бийликке келгенден тартып 1445-хижрий жылдагы Мавлид майрамын жаңыча белгилөөгө чейин, 1446-жылы болсо жөн гана жаңы министрлер кабинетин түзүү менен чектелди. Андан кийинки ушул 1447-хижрий жылдагы Мавлид майрамына чейин бийликти кармап турушту. Бирок йемен эли ушу күнгө чейин кыйналып жашап жатат.

Эми суроо туулат: ушул окуядан кийин хусийлер жаңы министрлик түзгөндө, бийликтеги башкы өнөктөшү – Элдик жалпы конгресс партиясы менен шериктештиктен баш тартып, тек гана хусий өкмөтүн курушабы? Айрыкча борбордук аскер соту 2025-жылдын 31-июлунда Ахмад Али Абдулла Салехке «душман менен чыккынчылык жана тыңчылык кылды» деген айып менен өлүм жазасын берип, мүлкүн конфискациялады. Бул болсо, 2024-жылдын 31-июлунда БУУ Коопсуздук Кеңешинде андан эл аралык санкциялар алынгандан так бир жыл өткөн соң болду. Ошондо ал Йеменде болочок мамлекеттик кызматтарга дайындалууга даярдалып жаткан эле. Бул Сана менен Аден ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында каралып жаткан, бирок Газага каршы согуштун айынан эки жыл бою токтоп калган сүйлөшүүлөрдү кайра улантуу үчүн эл аралык күчтөрдүн түртүүсү болгон. Бирок хусийлер муну жасай алышпайт, анткени Йемен боюнча чыныгы оюнду ойноп жаткан эл аралык эки күч анын үстүнөн тирешип жатат, жана алар акыры бийликти бөлүшүүгө макул болушууда. Анткени жергиликтүү тараптардын салгылашуусу да, ар бирине берилген аймактык колдоолор да бирөөнө чечкиндүү жеңиш алып бере алган жок.

Хусийлер бийликтеги өнөктөшү – Элдик жалпы конгресс партиясына болгон кысымын улантып, анын күчтөрү партия катчылыгынын жыйынын өткөрүп жаткан «Мисаак институтундагы» имаратка бастырып кирип, аны күч менен таркатышты. Андан соң партияны быйылкы жылы өзүнүн 43 жылдык түзүлгөндүгүнүн мааракесин (2025-жылдын 24-августунда) белгилөөдөн баш тартууга мажбур кылышты. Ошондой эле 2025-жылдын 28-августунда Элдик жалпы конгресстин Башкы комитети Ахмад Али Абдулла Салехти партиянын мүчөлүгүнөн чыгарып салуу чечимин кабыл алды. Ал мурда партиянын вице-президенти кызматын ээлеген эле. Муну менен бирге, душман тарапты колдогон же анын кутумдарына катышкан ар кимге катуу эскертүү берилди.

Йемен саясий окуялар майланында жаңы миң жылдыктын башынан тартып, эл аралык тирешүүнүн талаасына айланды. Америка Британияны саясий таасиринен ажыратып, Йеменди өзүнүн саясий таасирине өткөрүп алуу максатында ага кысымды күчөттү. Мунун максаты –  Салман ибн Абдулазиз жана анын уулу Мухаммад доорунда Йеменди Сауд Арабиясына кошумча тирек кылуу эле, бирок эгерде моюн сунбаса, аны бөлүп-жарып жок кылып салуу планы бар болчу. Анткени ал Саудияга жана бүткүл аймакка коркунуч туудурбашы керек эле.

Бирок Йемен жана анын эли америкалык-британдык эл аралык тирешүүнүн астында 60 жылдан ашуун убакыттан бери ар түрдүү формада уланып келе жаткан шартта эч качан коопсуздук жана бейпилдикке жетпейт. Алар бул коопсуздукту жана бейпилдикти экинчи нубувват минхажындагы рашид Халифалык доорунда гана табышат. Ошондуктан алар аны тикелөө үчүн «Хизб ут-Тахрир» менен чогуу иштөөгө шашылышы керек.

М. Шафик Хамис

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button