Карамат көпүрөсү: тыгын, коррупция жана тапчылдык

Карамат көпүрөсү: тыгын, коррупция жана тапчылдык
Айланасындагы өлкөлөрдүн баары берекелүү Палестин жерине назары түшкөн учурда, анын элине кысым көрсөтүп, аларды өз жеринен сүрүп чыгарууга жана аны яхудийлерге тапшырууга аракет кылып жаткан шартта, Карамат көпүрөсү палестиналыктар үчүн тышкы дүйнөгө чыгуучу негизги өмүр булагы болуп саналат. Бул өтмөк негизи адамдар өтүшү үчүн кызмат кылышы керек эле, бирок мусапырлар үчүн күнүмдүк азапка айланып калды, айрыкча иордания тарапта. Анткени бул жерде гуманитардык, идарий жана саясий факторлор биригип өтө катуу көрүнүштү жаратып жатат.
Муну Хизб ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү жарыялаган басма сөз баянаты ачыктады. Анда: көпүрө аркылуу өткөн-кайткан жолдордогу кезек кээде он сааттан ашкан узак убакытка созулуп кетет. Бул жер эң зарыл болгон гуманитардык кызматтардан да куру калган. Карылар, оорулуулар жана аялдар өтө катуу кыйналышат, анткени жетиштүү орундар да жок, ыңгайлуу күтүү жайлары да жок. Жайында катуу ысык, кышында катуу суук бул азапты ого бетер оорлотот.
Билдирүүдө дагы: «Жагдайды ого бетер оорлоткону – жакында Иордания бийлиги айрым гана саякат агенттиктери аркылуу алдын ала брондоо системасын киргизгендиги болду. Алардын жүйөөсү – тыгындарды азайтуу жана кыймылды тартипке салуу имиш. Бирок иш жүзүндө бул система монополияга, коррупцияга жана жүргүнчүлөрдү чектөөгө айланды. Кадимки жүргүнчүнүн жакынкы күнгө брон алганы кыйын болуп калды. Натыйжада «кара базарга» жана билет алып-саткан далдалчыларга жол ачылды. Алардын көбү мамлекет кызматкерлери, айрыкча көпүрөдө иштегендердин өздөрү. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, айрым кеңселер менен сүйлөшкөн ортомчулар билеттерди сатып алып, кийин кымбат баада кайра сатышат.
Бул көрүнүш палестиналык үй-бүлөлөр үчүн кошумча оор жүк болуп калды. Себеби алар шашылыш брон алыш үчүн өтө чоң сумма төлөөгө мажбур болууда. Бул болсо атайын уюштурулган кутумду ачып берип, коррупцияга жана обочолонтууга эшик ачууда. Ошондой эле Иордания режиминин яхудий түзүмү менен макулдашып, Палестин элине жол азабын күчөтүп, аларды мажбурлап көчүрүүгө көмөктөшүп жатканын да далилдейт.
Кара базардан башка, VIP системасы да дискриминация абалын ачык тастыктайт; бир адам үчүн 150 динардан ашык төлөм үчүн кезексиз өтүп, талаптарды кыскартуу жана кондиционерлүү автобустар менен жүрүү сыяктуу атайын тейлөөгө ээ болот. Бул кызмат өтүүнү таптык көрүнүшкө айлантты: акчасы барлары тез өтүп, жоктору узун кезектердин туткуну болуп калат. Бул кызматтын пайдасын көргөндөр, көп учурда, адамдарды пайдалануу жана каражаттарын уурдап, бөлүшүүдө иорданиялык мамлекеттик кызматчылар. Өзгөчө көпүрөдө иштегендер болуп эсептелишет.
Баянатта мындай деп белгиленди: “Маселе катуу тыгын жана коррупция менен гана чектелбестен, терең психологиялык жана саясий өңүткө ээ; көпүрөдөгү азап Палестиналыктар үчүн уюштурулган кемсинтүү катары кабыл алынып, алардын кыймылы эркин эместиги, сапарлары алардын финансылык мүмкүнчүлүгүнө же узак азапка чыдамдуулугуна туура келбестиги кайгылуу коңгуроо болуп саналат. Көпүрө байланыш көпүрөсү болуу ордуна, кадыр-баркты жоготуу жана коомдук теңсиздик символуна айланды”.
Басма сөз баянатты жыйынтыктап: “Көпүрөнүн абалына көз чаптырган адамга яхудий түзүмү жана анын аткаруучу куралдары болгон Палестина бийлиги менен Иордания режими тарабынан уюштурулган кутумдун жыйынтыгы көрүнүп турат Алардын максаты палестиналыктарды кысып, алардын түбөлүк туруктуулугун жана эркиндигин жоюп, аларды барган сайын мекенин таштоого мажбурлоо, андан соң жер тазаланып, яхудий түзүмүнө калуусу. Ал эми Иордания режими алардын эң узак чек араларынын ишенимдүү сакчысы бойдон калууда, ал эми Палестина бийлиги калган палестиналыктардын үстүндө яхудий түзүмүнүн тыңчысы жана коопсуздук бутагы катары иштейт” , – деп айтылды.
Роя гезити




