Роя гезити

Кафир колонизатор мамлекеттерине көз карандылык эркти тартып алат, багытты бурат жана күч-кубатты текке кетирет

Кафир колонизатор мамлекеттерине көз карандылык эркти тартып алат, багытты бурат жана күч-кубатты текке кетирет

Сириядагы бүгүнкү абал Америкага жана эл аралык түзүлүшкө баш ийүү элди эрксиздикке, чечимден ажыроого алып келишин, тагдырын коркунучка салышын көрсөттү. Сирияда ким чечим чыгарат жана эмне үчүн биз чечимди жоготтук – муну түшүнүш үчүн революциянын башталышынан берки жүрүшүнө көз жүгүртүп чыгуу зарыл.

Эски режим элге каршы армия менен коопсуздук күчтөрүн колдонгондо, көтөрүлүшчүлөр элди коргоо үчүн жеңил куралдуу топторду түзүштү. Бул кийин революциялык топторго айланып, алар режимден курал олжолоп, өлкөнүн жетимиш пайызын бошотушту. Алар жихад желектерин көтөрүп, Исламды өкүм кылууга чакырышты. Айрымдары болсо Хизб ут-Тахрир сунуш кылган Конституция долбоорун кабыл алып, эл аралык күчтөрдү, айрыкча Американы катуу коркутушту. Мындан улам Америка жашыруун түрдө режимди колдой баштады. Ошондо эл “Америка, биздин каныбызга болгон ач көздүгүң дагы эле кана элекпи?!” деген ураан менен жума өткөрдү. Бул элдин эски режим Американын кулу экенин жана анын колдоосуна таянганын аңдаганын көрсөттү. Ошондуктан Америка алдоосун күчөтүп, кошуна режимдерге – Түркияга, Саудияга, Иорданияга, Катарга, Бириккен Араб Эмираттарына – революцияны басуу үчүн акчалай саясий колдоо аркылуу чечимди тартып алууну буюрду. Бул максатта “мок” жана “мом” деген эки бөлүм түзүлдү. Колдоонун максаты – революциянын саптарына кирип, анын чечимин уурдап алуу, аны көзөмөлдөө жана ашыкча салгылашууларга багыттап, күчүн түгөтүү эле. Анткени берилген куралдар натыйжасыз болуп, абадан, ракетадан жана артиллериядан жасалган бомбалоону токтото албады. Жада калса айлык маяналар да аз болуп, жетекчилерди ар кандай бузукулук аркылуу байытчу булакка айланды. Натыйжада революция бузулду, сырттан берилген муздак жардамга таянып, эски режим менен согушта алынган ысык олжолорду таштап койду. Ал олжолор режимди кыйратып, алсыратууда жана аймактарды бошотууда чечүүчү рол ойногон болчу.

Ушундай жол менен революция өзүнүн көз карандысыздыгын жана чечимин жоготту. Ошондуктан багытты оңдоону жана чечимди кайра кайтарууну талап кылган демонстрациялар болду. Бирок аларды “эл эмне жейт?” деген шылтоолор менен жана ураандар менен тосуп чыгышты. Биз революцияда ачка калгансып! Ал эми революциялык топтор болсо сырттан колдоо жана колдогондор менен алек болуп, биригүү аркылуу башка топторду чогултууга аракеттенди. Бирок андан эч кандай пайда болбоду, анткени алар көшөгө артында колдогондордун буйруктарына байланып калышты.

Революциялык топтордун жетекчилери дайыма: “Биз акчаны алабыз, бирок колдогондордун буйруктарын аткарбайбыз” деген актанууларга барып такалчу. Бул жаңы Дамаск өкмөтүнүн Америкага жана анын куралдарына баш ийип жаткан саясатын актаган шылтоолорду айткан адамдардын сөздөрүнө окшош. Бирок бул куру кыял гана! Колдоонун өзү эле топтордун жетекчилерин чечимден ажыратты. Алар көрсөтмөлөрдү аткарып, аймактарды өткөрүп берип, Сочи жана Астана келишимдеринин шарттарын ишке ашырып, “чыр-чатакты азайтуу” режимин сакташты. Жада калса фронтторду жабууга каршы чыккан калыс мужахиддерди чарчатып, алар менен кандуу салгылаштарга да кирди.

Бүгүн да жаңы өкмөттүн колунан дал ушундай иш болуп жатат. Ал мужахиддерди жеңишке жеткирбөө үчүн бир нече салгылаштарга киришип келди. Мындай иштер жээктеги жана Сувейдадагы салгылаштарда болуп өттү. Бул – колдогондордун буйругун аткаруу гана. Натыйжада Шам эли чоң коркунучтарга кептелди. Ал эми чечим өз колунда болгондо бул коркунучтардан оңой кутулууга жана чоң коркунучтарды жок кылууга мүмкүн эле.

Ооба, багыттын бурулушу башынан эле башталган. Чечимди америкалыктар башында турган кутумчу мамлекеттерге байлап коюу жана Сирияга жөнөтүлгөн “жогорку комиссар” деп аталган америкалык өкүл Томас Барактын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү бизди түздөн-түз кырсыкка алып барат. Революцияда чечимден ажыраган адам бийликте да чечимге ээ боло албайт. Анткени ким аны колдосо, чечимди да ошол көзөмөлдөйт. Ага болгону аткаруу гана калат. Анткени ал ташбака ийинине кирип алгандай болуп калды, андан чыгуунун жападан жалгыз жолу – аны колдогондордон кол үзүү.

Сириядагы азыркы башкаруу өзүн экономикалык тарап менен алек кылып, революциянын түпкү принциптерин жокко чыгарды. Алар эл аралык түзүмдүн капиталисттик экономикасына кубанып, анын убада кылган асман тиреген имараттарына, метро тоннелдерине жана туристтик долбоорлоруна суктанып жатышат. Бирок бул алардын чынжырын дагы да бекемдейт. Анан болсо “исламдын көлөкөсүнө чыгарыбыз” деп жалган үмүт беришүүдө. Бирок бул куру үмүт! Зулумдарга жана каапырларга таянуу – дүйнөдө да, акыретте да ачык жоготуу. Ал – акыйкатка жана динди тикелөөгө жол эмес.

Ошондуктан революциянын принциптерин жана мужахиддердин курмандыктарын коргой билүүгө чакыруу зарыл. Айрыкча азыркы башкаруу исламды бийликтен алыстатуу үчүн Америкадан басым көрүп, эски режимдин калдыктарын жакындатып, алардын көбүн кайра ишке тартып жаткан учурда маанилүү. Мындан тышкары, чынчылдарды таасирдүү орундардан четтетип, Исламды каалабаган кадрлар менен толтурууга аракеттенүүдө. Бул багытты оңдоого тоскоолдук кылган чектөөлөрдү жана бөгөттөрдү көбөйттү.

Бүгүн ислам үммөтү үчүн эң кооптуу чечимдердин бири – шариатка амал кылбоону “алсыздык”, “пайда” жана “баскыч-баскыч менен” деген шылтоо менен актоо. Бул болсо Шам эли революцияда көтөргөн бардык принциптерге жана ураандарга чыккынчылык кылып, Палестина маселесинен баш тартууга алып келди. Мындан тышкары, Шам яхудийлер менен согушпай турганы айтылып, яхудий түзүмү менен жашыруун жана ачык жолугушуулар аркылуу тездик менен нормалдашуу саясаты жүргүзүлүүдө. Ал тургай, “шарттар жаралганда” деп Авраам келишимдерине кирүүнү убада кылышууда. Булардын баары үммөттү Аллах буйруган шариатын орнотуу жана мусулмандардын жерлерин бошотуу милдетинен чектеп, экономикалык ыңгайлуулук деген шылтоо менен өлкөнүн байлыктарын капиталисттик ач көз инвесторлорго жана компанияларга сатуу.

Акырында, жетекчиликке чыккан адам сөзсүз мабдаий болуп, Ислам долбоорун так алып жүрүшү керек. Аллахтын Китебинен жана Пайгамбар ﷺ  Сүннөтүнөн, сахабалардын ижмаасынан жана шаръий кыястан алынган толук конституцияга таянышы зарыл. Бул мамлекеттердин таасиринен жана Аллахтын каарын алып келген, Анын буйругуна каршы келген буйруктардан алыс болушу керек. Болбосо, бул коркунучтуу тайгалак жол – көз карандылыкка, кулчулукка жана кордуктун түпсүз чуңкуруна жетелейт.

Аллах Таала айтты:

﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ﴾

«Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Алладан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт». (Худ: 113).

Устаз Мухаммад Саид ал-Аббуд

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button