Мамлекеттердин алмашуусу күндөрдүн алмашуусу сымал

Мамлекеттердин алмашуусу күндөрдүн алмашуусу сымал
Аллах Таала айтат:
﴿قُلِ اللَّهُمَّ مَالِكَ الْمُلْكِ تُؤْتِي الْمُلْكَ مَن تَشَاء وَتَنزِعُ الْمُلْكَ مِمَّن تَشَاء وَتُعِزُّ مَن تَشَاء وَتُذِلُّ مَن تَشَاءُ بِيَدِكَ الْخَيْرُ إِنَّكَ عَلَىَ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ * تُولِجُ اللَّيْلَ فِي الْنَّهَارِ وَتُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ وَتُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَتُخْرِجُ الَمَيَّتَ مِنَ الْحَيِّ وَتَرْزُقُ مَن تَشَاء بِغَيْرِ حِسَابٍ﴾
«Айткын: «Эй мүлк жана дөөлөт ээси болгон Теңирим, Сен каалаган адамыңа мүлк бересиң да, каалаган адамыңдан ал мүлктү тартып аласың, каалаган адамыңды азиз, урматтуу кыласьң да каалаган адамыңды кор кыласың. Бардык Жакшылык жалгыз Сенин колуңда. Албетте, Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң. Түндү күнгө киргизесиң жана күндү түнгө киргизесиң, өлүктөн тирүүнү чыгарасың жана тирүүдөн өлүктү чыгарасың, ошондой эле каалаган кишиңе эсепсиз ырыскы бересиң». (Али Имран: 26–27).
Ибн Аббас разияллаху анхудан бул аяттардын түшкөн себеби тууралуу мындай деп риваят кылынган:
“لَمَّا افْتَتَحَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ مَكَّةَ وَعَدَ أُمَّتَهُ مُلْكَ فَارِسَ وَالرُّومِ فقَالَ الْمُنَافِقُونَ وَالْيَهُودُ: هَيْهَاتَ هَيْهَاتَ مِنْ أَيْنَ لِمُحَمَّدٍ ﷺ مُلْكُ فَارِسَ وَالرُّومِ؟” فجاءت هذه الآيات
«Аллахтын Элчиси ﷺ Меккени фатх кылганда, үммөтүнө Перс жана Рум мамлекеттеринин мүлкүн (бийлигин) убада кылды. Ошондо мунафыктар жана яхудийлер: “Эй, кайдан Мухаммад ﷺ Перс менен Румдун бийлигине ээ болот?!” — дешти». Бул аяттар болсо, бийлик, күч, жетекчилик жана үстөмдүк — алардын бардык себептери менен — жардамчысыз жалгыз Аллахтын колунда экенин, Ал каалаганына каалаган убакта берип, каалаганынан каалаган убакта сууруп аларын баяндады.
Илим ээлеринин айрымдары бул тууралуу: «татыктуу болууга жараша болот. Аллах бийликти аны аткара турган адамга берет, ал эми Раббинин буйругуна баш ийбеген адамдан алып коёт» — деп айтышкан.
Бул Аллахтын өзгөрбөс суннаты, ал эч качан алмашпайт жана өзгөрбөйт. Ал айтат:
﴿وَكَأَيِّنْ مِّن قَرْيَةٍ عَتَتْ عَنْ أَمْرِ رَبِّهَا وَرُسُلِهِ فَحَاسَبْنَاهَا حِسَاباً شَدِيداً وَعَذَّبْنَاهَا عَذَاباً نُّكْراً﴾
«Канчадан-канча шаар-кыштактар бар эле, Жараткандын жана Анын пайгамбарларынын буйругунан баш тарткан анан, Биз алардан катуу эсен-кысап алганбыз жана жаман азап менен азаптаганбыз». (Талак: 8).
﴿وَكَأَيِّن مِّن قَرْيَةٍ أَمْلَيْتُ لَهَا وَهِيَ ظَالِمَةٌ ثُمَّ أَخَذْتُهَا﴾
«Канчалаган заалим-каапыр бойдон Мен (жок кылбай) мөөнөт берип коюп, кийин (азабым менен) кармаган кыштак-шаарлар болгон». (Хаж: 48).
﴿سُنَّةَ اللهِ فِي الَّذِينَ خَلَوْا مِن قَبْلُ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّةِ اللهِ تَبْدِيلاً﴾
«(Бул) мурдагы өткөн заттар жөнүндөгү Алланын жолу – мыйзамы. Алланын жолун болсо эч качан өзгөртө албайсың». (Ахзаб: 62).
Андан соң Аллах Таала кийинки аятта түн менен күндүн кантип бири-бири менен алмашуусун баяндайт: түндүн кириши күндүн акырындык менен батып кетүүсү аркылуу болот; ал эми күндүн кириши түндүн акырындап тартылышы аркылуу болот, суу аккандай жымжырт, жай агымда, адам аны дароо байкабайт, бирок бара-бара өзгөрүшүн сезип, түн жарык күнгө айланат жана күн караңгы түнгө айланат.
Бул эки аяттагы кызык байланыш — асмандагы Кудайдын кыядаты, түн-күн алмашуусунун үзгүлтүксүз агымы менен өмүрдөгү өлкөлөрдүн, үммөттөрдүн абалдарынын алмашуусу ортосундагы байланышты көрсөтөт:
﴿تُؤْتِي الْمُلْكَ مَن تَشَاء وَتَنزِعُ الْمُلْكَ مِمَّن تَشَاءُ﴾
«Сен каалаган адамыңа мүлк бересиң да, каалаган адамыңдан ал мүлктү тартып аласың».
Аллах Таала адамдарга: “Аллах түн менен күндү кантип алмаштаргандыгын көрбөй жатасыңарбы?! Күндүн белгилери элдин көзүнө жай чыга баштайт, түн толугу менен таркап жок болот, анан жарык таңдын көрүнүшү башталып, анын күнү толукталып, күн ачык, жаркырап чыгат. Мунун бардыгын аңдабай жатасыңарбы?!” деп кайрылууда. Бул жашоодогу күн сайын ар бир көз көрүп, ар бир акыл түшүнгөн айлануу жүрүп турат. Ушул эле айлануу үммөттөрдүн, элдердин, тактылардын жана мамлекеттердин өмүрүнүн айлануусу сымал. Айрым мамлекеттердин жана күчтөрдүн жылдызы чыга баштап, көккө көтөрүлөрү менен, кайра Аллахтын амири менен солгундап, жоголо баштайт.
Ибн Ашур (рахимахуллах) мындай дейт: «Бул дүйнөдө болгон жахилият жана ширк караңгылыктарына, жана Ислам чыкканда пайда болгон адашуулардын жокко чыгарылышына бир белги. Ошондуктан аят تُولِجُ اللَّيْلَ في النَّهار
«Түндү күнгө киргизесиң» дегенден башталды, аяттын аягы болсо وتُولِجُ النَّهارَ في اللَّيْلِ
«Жана күндү түнгө киргизесиң» – деген менен бүттү».
Бүгүнкү заманда акыл-эси бар адамдан жашыруун болбой турган бир өзгөчөлүк бар: биз бир кезде дүйнөнүн чыгышы менен батышына чейинки аймактарда күчү жана үстөмдүгү менен таасир берип турган бир жылдыздын батышын – тактап айтканда, XVII кылымда пайда болуп, бүтүндөй дүйнөгө үстөмдүк кылган, өлкөлөрдө зулумдук менен бузукулук кылган капиталисттик мабданын жылдызы баткан учурду көрүп турабыз. Ал калың бутак чыгарып, толук бой көтөргөндө, Аллахтын азабы ага келди, жана ошол жерде батыл ээлери зыянга учурашты. Биз бүгүн ушул мабданын жана бул түзүмдүн батышын көрүп турганыбызда, жана анын кулашы Аллахтын жердеги мыйзамдары боюнча качып кутулгус экенине көзүбүз жеткенде, батыштык көптөгөн ойчулдар да анын сөзсүз кулай турганын жана анын акыркы күнү жакындап калганын баса белгилеп жатышканын байкайбыз.
Америкалык ойчул Пол Кеннеди өзүнүн «Улуу державалардын өсүшү жана кулашы» (1987) аттуу китебинде мындай дейт: «Америка өзүнүн ири аскерий чыгымдары жана соода тартыштыгы себептүү кулоо жолуна түшкөн».
Франциялык ойчул Эммануэль Тодд болсо «Империядан кийинки мезгил» (2001) аттуу китебинде мындай дейт: «Ички экономикалык жана социалдык ажырым — бул батыштын белгилеринин бири. Америка өзүнүн күчүн көрсөтүү үчүн эмес, алсыздыгын жашыруу үчүн зомбулукту колдонууда».
Наум Чомский мындай дейт: «Америка Кошмо Штаттары ичинен кулап жатат, аны кулатуу үчүн тышкы душманга муктаждык жок».
Крис Хеджес өзүнүн «Иллюзиялар империясы» аттуу китебинде мындай дейт: «Биз ар бир хазараттын акыркы баскычына т.а. инкар баскычына киргенин билдик. Бул баскычта чындыкты көңүл ачуу алмаштырат, фикратты болсо куру сөз басат».
Ал эми жазуучу Эндрю Басевич «Америкалык өзгөчөлүктүн аягы» аттуу китебинде мындай дейт: «Америка Кошмо Штаттары дүйнөгө өз эркин таңуулай турган каражатка да, мыйзамдуулукка да эми ээ эмес».
Бул түзүмдүн сөзсүз түрдө кулашын жазган жана ачык айткан миңдеген китептер жана эмгектер бар. Бул болсо зулумдук кылган, күчүнө мас болгон түзүмдөрдүн жоголушу тууралуу Раббаний чындыкты бекемдейт.
Биз бүгүн бул өзгөрүүнү көрүп турабыз, анын белгилери даана, ачык көрүнүүдө. Анын алгачкы белгилери Биринчи Перс булуңундагы согуштан, Американын Иракка кол салуусунан, бейкүнөө адамдарды өлтүрүшүнөн, өлкөлөрдү басып алышынан, Афганистанды талкалашынан, жер бетинде адилетсиздик, зулум жана баскынчылыктын жайылышынан башталды. Ошондой эле өлкөлөрдүн байлыктарын тоноп кетүү, бузукулук, зулум, ыпластык жайылышы, экономиканын бузулушу жана финансылык түзүмдүн кыйрашы күчөдү. Анын эң жогорку көрүнүшү Газа калкын өлтүрүп, талкалап, сүргүнгө айдаган Палестинадагы фашисттик түзүмгө АКШнын ачык көмөктөшүүсү болду. Бул жапайы, адамдык баалуулуктардан ажыраган зулум сөзсүз түрдө кулоонун жана кыйроонун алдын ала кабарчысы эле.
Аллах Таала айтат:
﴿وَكَمْ قَصَمْنَا مِن قَرْيَةٍ كَانَتْ ظَالِمَةً وَأَنشَأْنَا بَعْدَهَا قَوْماً آخَرِينَ﴾
«Канча заалим-каапыр болгон шаар-кыштактардын (калкын) жок кылдык жана алардын артынан (бүтүндөй) башка коом-муундарды жарыкка келтирдик». (Анбия: 11).
Бүгүн биз көрүп жаткан бул төмөн даражага түшүү көрүнүшү — бир доордун аягы гана. Бул узакка созулган караңгы түндүн аягы, қапкара болуп турган түндүн акырындап тарашы. Анын караңгылыгын Раббаний бир фикрат таратып жатат, ал таза, тунук фикрат. Аны өзүнө ишенген жана анын жолунда өзүнүн эң кымбат нерселерин да курмандыкка чалган үммөт көтөрүп жүрөт.
Эми бул доорду бул замандын фараондору токтото албайт. Күндүн айланышы айланып бүттү, анын убактысы келди. Зулум менен ташбоорлуктун бардык күчтөрү аны токтото алышпайт. Бул бир гана күндүн бир саатындай, же уйкудан ойгонуу сыяктуу гана мезгил. Убакыттын айлампасы толукталганда, Аллах анын таңы атуусуна уруксат берет. Бул иш Аллах үчүн оор эмес.
Алла Таала көздөрүбүздү анын таңынын жарыгын көрүүгө, адилетинин рахматын жана даңкынын шоокумун көрүүгө жеткирсин. Аллахумма аамиин.
Устаз Халид Али – Америка
Роя гезити




