Роя гезити

Мароккодо светтик коомду түзүү саясаты: Аны ачыкка чыгарып, түзүмдү жоопко тартуу керек

Мароккодо светтик коомду түзүү саясаты: Аны ачыкка чыгарып, түзүмдү жоопко тартуу керек

Француз тилинде иш алып барган «Medi 1 TV» телеканалы «Фронттор» аттуу программасынын бир чыгарылышында «Марокко коомунун илманийлешүүсү» темасын көтөрдү…

Бул он жылдыкта марокколук мусулмандардын жашоосун илманийлештирүү боюнча жапайы чабуул жана кошумча уулуу азык болду. Бул мамлекеттин саясаты жана Батыштын Исламга жана үммөткө каршы идеологиялык согушунун толук кандуу көрүнүшү. Марокко бул согуштун пландарын ишке ашыруунун жана кийин аны мусулмандарга таңуулоонун үлгүсү болуп калды.

Бул илманийлештирүү жашоонун бардык тармактарын жана коомдун бардык катмарларын камтыйт: бийликти, саясатты, коомду, экономиканы, билим берүү системасын, сотту, медианы, пикирлерди жана сакофатты.

Бийлик деңгээлинде 2011-жылдагы Конституция башкаруу системасын негизинен ачык-айкын түрдө светтик негизге курду. 41-42-беренелер дин кызматкерлерин башкарууну мамлекеттин саясаты менен так ажыратып койду. 41-берене дин кызматкерлерин башкарууну светтик негизде чечсе, 42-берене мамлекеттин жана коомдун саясаты башкаруучунун  мамлекет башчысы катары ыйгарым укугу экенин бекемдеди жана ар кандай диний шилтемеге негизделген, светтүүлүккө каршы келген бардык мансаптарды алып салды.

Андан тышкары, түзүм тарабынан кабыл алынган жана таңууланган Конституция Батыштын секулярдык адам укуктарын бекемдеп, аларды укуктук системанын негизи кылды. Мароккодогу Конституциялык сот мыйзамдардын Конституцияга шайкештигин жана адам укуктарына болгон урматын көзөмөлдөйт. Конституциянын 19-беренеси жана ага байланышкан эл аралык келишимдер боюнча адам укуктары ички мыйзамдардан жогору турат.

Билим берүү, пикир жана сакофат деңгээлинде «диний кайрылууларды жаңылоо» жана «модернизациялоо» деген шылтоо менен окуу программаларына өзгөртүүлөр киргизилип, алар толугу менен светтик негизге ылайыкташтырылды. Секулярдык ой-пикир сабактары мектеп жана университеттик программаларга кеңири киргизилди, ал тургай орто мектеп, жогорку класстар жана жогорку окуу жайлардын экзамендерине да кошулду. Ал илимий изилдөөлөрдүн жана жогорку билим берүү диссертацияларынын башкы темасына айланды. Өзгөчө интенсивдүү түрдө шариат илимдеринин мектептери жана институттары максат кылынды.

Коомдук деңгээлде CEDAW (Аялдарга карата бардык түрдөгү дискриминацияны жоюу боюнча конвенция) коомдук түзүм катары кабыл алынып, коом үчүн мыйзам болуп (Үй-бүлө кодекси) бекитилди. Ошондой эле каржы мыйзамы жана мураска байланышкан шаръий түзүм өзгөртүлүп, алардын ордуна светтик мыйзамдар киргизилди. Жаза кодекси да түзүм кирген жалпы илманийлештирүү талаптарына ылайыкташтырылды.

Медиа болсо коомго толугу менен светтик түшүнүктөрүн өткөрүп берүү үчүн расмий көпүрө болуп калды. Анткени мектеп менен университет 12 миллион кишиге кайрылса, медиа бүт коомго кайрылат. Анын программалары, сериалдары, жарнамалары, ири кампаниялары жана фестивалдары светтештирүүнүн «машинасы» болуп, адамдарды батыштык светтик, бузуку жашоо образдарына көндүрүүдө. Алардын пикирлерин жана түшүнүктөрүн эл арасына кеңири жайылтууда.

Демек, бүгүнкү күндө Батыштын светтик, куфр, атеисттик жана бузулган түшүнүктөрүн жайылтуусу жөн эле өкмөттүн же партиянын программасы эмес, каналдагы программа да эмес, бул мамлекеттик саясат. Бул Батыштын Исламга каршы идеологиялык согуш талаптарын аткаруу болуп саналат. Максат, ислам өлкөлөрүндө коомдорду толук светтештирүү аркылуу Исламга каршы күрөшүү. Ал эми Марокко бул саясаттын үлгүсү, башкаруучу түзүм болсо аны ишке ашыруунун куралы.

Ошондуктан биздин жашообузду куфр негизинде светтештирүүгө багытталган бул жапайы чабуул – мамлекеттик саясат. Исламга жана анын үммөтүнө күйүп-бышкан адамдар өлкөдөгү маселелерди көтөрүүдө түзүмдүн светтик бурмалоолоруна жана саясаттарына алданып калбоого тийиш. Бул түзүм койгон тузактар болуп, тилекке каршы, Мароккодогу светтештирүү маселесин жана башка олуттуу маселелерди көтөргөн көптөгөн мусулмандар аларга түшүп калышты.

Айрым негизги чындыкты тактоо үчүн:

  • Мароккодогу илманийлештирүү бул түзүмдүн саясаты. Ал Исламга каршы согушка кирген жана бул саясат менен саясий күрөш жүргүзүлүп, аны ачыкка чыгарып, жоопко тартуу зарыл.
  • Саясий аң-сезим түзүмдүн кутумдарына көңүл бурдурат. Анткени түзүм өзүнүн светтик саясатын жаап-жашырып өткөрүү үчүн коомду адаштырууга аракет кылат. Ал муну «коомдо светчилер менен исламчылардын ортосунда тиреш бар» деп сүрөттөө аркылуу жасайт. Ошондой эле илманийлештирүүнү «коомдук тандоо», «коомдук муктаждыкка жооп» катары көрсөтүп, аны Марокко коомунун табигый өнүгүүсү катары чагылдырууга аракет кылат. Мындан тышкары, аны «ачык ижтихад» деп атап, падышалык сарайдын факихтери ага жалган фыкхый негиздерди таап берип, «исламий кабык» менен жаап-жашырып мыйзамдаштырып беришет.

Демек, Мароккодогу коомду илманийлештирүү маселесин медиа көтөргөндө, аны талкуу жана баарлашуу темасы катары эмес, коомдук жалпы пикирди секулярдык калыптарга салып, аны калыптандыруу тактикасы катары көтөрдү. Бул аркылуу режимге жүктөлгөн батыштын колонизатордук саясаты жана светтик көз караштарды жайылтуу жана калыптандыруу ишке ашырылууда. Натыйжада коомдук пикирди аларга ылайыкташтыруу, аларды «сакофий жана саясий бейтарап көз караштар» катары көрсөтүү жүрүүдө. Чынында болсо алар батыш колонизаторлорунун долбоору, светтик пикирий жана сакафий чабуулдун бөлүгү, саясий кол салуунун куралы болуп эсептелет. Максаты, бизди толук бойдон улуу Исламдан ажыратуу.

Тилекке каршы, үммөттүн эң маанилүү маселелерин көтөрүп жүргөн көптөгөн адамдар негизги маселени көңүлгө албай, түзүм өзү чийип берген айлампага түшүп, анын белгилеген светтик чегинде жана чегарасында гана талкууга катышып калышты.

Илманийлештирүү маселесин талдоодогу сакофий бузулуу жана пикирлердеги олуттуу кемчилик, айрыкча Ислам жана үммөттүн маселелерин көтөргөн мусулман үчүн, бул анын колундагы маселелердин табиятын түшүнбөгөндүк. Мисалы, Марокконун Конституциясын «Исламий конституция» деп ишенип алуу чоң илдет. Айрымдар мындай ойго Конституциянын үчүнчү беренесинде «мамлекеттин дини – Ислам» деп жазылганына таянып алышат. Бул болсо катуу кемчилик.

Анткени конституция деген негизги укуктук эрежелердин жыйнагы. Анын ар бир беренеси жалпы мыйзам чыгаруу философиясынан келип чыгат. Демек, конституцияга баа берүү үчүн бир эле берене жетишсиз, анын бүтүндөй жыйынтыктоочу мыйзам булагы жана түпкү негизин кароо зарыл. Марокконун Конституциясына келгенде, эч бир конституциялык укукчу «анын булагы Куран жана Сүннөт» деп айткан эмес. Так аныкталганы, анын түпкү жана негизги булагы толук светтик болгон Франциянын Бешинчи республикасынын конституциясы. Ал эми «мамлекеттин дини – Ислам» деген берене болсо, укуктук деңгээлде мыйзамдык материал болууга да татыбайт. Анын милдети – конституциянын ачык светтик мүнөзүн жашырып, элди адаштыруу гана.

Мароккодогу түзүмдүн Конституциясынын чыныгы маңызын жана анын светтик негизин түшүнбөй коюу, аны керек болсо илманийлештирүүнү сындап, жокко чыгарууда өлчөм жана булак катары колдонуу – бул талкуу ыкмасын негизинен бузган олуттуу кемчилик. Бул Исламды мабда жана негизги булак катары четке кагып, аны Конституцияны жокко чыгаруучу, кыйратуучу бийлик катары карабоого алып келет. Натыйжада түзүм жүргүзүп жаткан марокколук мусулмандардын жашоосун толук светтештирүү саясатына каршы Ислам өзү коюлушу керек болгон чыныгы альтернатива көрүнбөй калат.

Марокконун светтик Конституциясынын тузагына түшүп, аны өлчөм жана булак катары алуу чыныгы мааниде секуляризмдин тузагына жана сазына түшүп калуу болуп эсептелет. Андан кийинки бардык талкуулар эч кандай пайда бербейт, куткарбайт!

Француз тилдүү телеканал көрсөткөн «Марокко коомун илманийлештирүү» программасы – бул Ислам динине жана анын өзгөчө идеологиялык долбооруна каршы катуу идеологиялык күрөштүн бир бөлүгү гана. Бул – мусулмандардын жерлерине бир кылымдан бери жайгашып келген светтик, колонизатордук долбоордун кайрадан айланып келиши. Анын коштоочулары менен кошо өлкөлөргө кыйроо, артка кетүү, бузулуу, саясий кыянаттык, байлыктын тонолушу, карыздарга батып жок болуу жана ахлакый бузулуу кирип келди. Бүгүн болсо Батыш жана анын малайлары бул колонизатордук светтик кылмыштын жоопкерчилигинен качуу үчүн дагы да көп уулуу светтик идеяларды чачып, исламий руханий күчүбүздү муунткусу келет.

Чындыгында, алардын бул саясаттагы максаты – улуу Ислам долбоорун жокко чыгаруу, мусулмандардын жашоосун толугу менен илманийлештирүү аркылуу аларды батыштык «кулдарга», сакафий майыптарга айлантуу, Батыштын куйругуна байлап коюу жана Исламдан толук ажыратуу. Ошондо гана бул толук илманийлештирүү өзүнүн кыргын салуучу жана жок кылуучу шарттарын ишке ашыра алат.

Светтик түзүмдү кулатуу, колонизатордук долбоорду талкалоо жана үммөттү Ислам аркылуу азат кылуу – бул уятсыз, колонизаторго кызмат кылган медиа аркылуу да, же колонизатордун кулдары менен талкуу жүргүзүү аркылуу да ишке ашпайт. Бул саясий жана пикирий күрөш аркылуу гана ишке ашат. Бул күрөш түздөн-түз идеянын жана саясаттын ээсине каршы жүргүзүлүп, коомдук пикирди Ислам жана анын мабдаий долбоору менен жетектөө аркылуу ишке ашат.

Ошондой эле маселе – светтик идеянын же илманийлештирүү саясатынын өзүн талкуулоодо эмес, аны ишке ашырып жаткан түзүмдү жоопко тартууда турат. Анткени ал түзүм светтик кафир бүт нерсени алып келип, марокколук мусулмандардын мойнуна таңып, алардын жерине кыйроону киргизди.

Аллах Таала мындай деди:

﴿أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ بَدَّلُوا نِعْمَتَ اللهِ كُفْراً وَأَحَلُّوا قَوْمَهُمْ دَارَ الْبَوَارِ * جَهَنَّمَ يَصْلَوْنَهَا وَبِئْسَ الْقَرَارُ﴾

“(Эй инсан) Алланын нематын (ыйманды) каапырдыкка алмаштырып жиберген жана коомдорун (өзүнүн артынан ээрчигендери) өлүм чуңкуруна өзү кире турган тозокко кулаткан адамдарды көрбөдүңбү?! Канчалык жаман жай ал!” (Ибрахим сүрөсү, 28–29-аят).

Устаз Мунажий Мухаммад

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button