Мароккодогу толкун: кармашуу мүмкүнчүлүктөрү жана өзгөрүүнүн келечеги

Мароккодогу толкун: кармашуу мүмкүнчүлүктөрү жана өзгөрүүнүн келечеги
Мароккодогу нааразылык толкуну жана ага байланыштуу нааразычылык акцияларын 2010-2011-жылдары башталган революциялардан бөлүп кароого болбойт, гуманитардык же саясий талаптар жагынан алганда, алар революцияларды токтотуу боюнча эл аралык долбоорго ылайык конституциялык жана саясий чектөө механизмдери аркылуу жарым-жартылай көзөмөлдөнгөн.
Ошол учурда марокко режими нааразычылыктарды конституциялык реформалар аркылуу жана 2011-жылы өткөн Довиль конференциясында эл аралык долбоорго кошулуу аркылуу баса алган. Мунун натыйжасында, түпкү өзгөрүү же режимди кулатуу талабындагы кыймылдардын күчү азайган.
Акыркы марокко нааразычылыктары “Z мууну 212” деп аталган санариптик жаштар кыймылынын чыгышы менен өзгөчөлөндү. Бул кыймыл салттуу саясий партиялардан алыс болуп, социалдык жана экономикалык реформаларга басым жасайт, бирок режимди кулатуу талабын койбойт. Ошондуктан бийлик ички коопсуздук күчтөрүн колдонуп, нааразычылыктарды көзөмөлдөө менен гана чектелди.
Бул нааразылык толкуну өлкөнүн көп аймактарына жайылып, терең социалдык жана экономикалык адилетсиздиктерден келип чыкты. Негизги себептер мамлекеттик кызматтардын, өзгөчө саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарынын абалынын начарлашы, жаштар арасындагы жумушсуздуктун жогорулашы, өкмөттүк коррупция жана башкаруунун начардыгы.
Нааразычылыктар өзгөчө күч алган учур Агадир шаарындагы Хасан II ооруканасында сегиз аял төрөт маалында каза болгон окуя болду. Бул окуя саламаттык сактоо системасынын кыйрашын даана көрсөтүп, элдик нааразылыкты тутандырды. Акциялар мамлекеттик чыгым саясатына да катуу сын айтты. Элдин айтымында, өкмөт негизги коомдук кызматтарга эмес, Дүйнөлүк Кубок сыяктуу ири иш-чараларга каражат бөлүп, жакырчылык сызыгынан төмөн жашаган катмарлардын турмушун эске албай жатат. “Z мууну 212” кыймылы Мароккодогу нааразычылык көрүнүшүндө сапаттык өзгөрүүнү билдирет. Бул кыймыл борбордук жетекчилиги жок, санарип мейкиндикте уюшулган жаш муундун жүзү болуп саналат. Ал “Discord” жана “TikTok” сыяктуу санарип платформалар аркылуу тармактык уюшуу ыкмасын колдонуп, “212” деген телефон коду аркылуу улуттук өзгөчөлүгүн көрсөтөт.
“Z мууну 212” кыймылы 2025-жылдын 11-октябрынан тартып өз акцияларын убактылуу токтотконун жарыялады. Бул кадам кыймылдын катарын кайра уюштуруп, келечектеги аракеттерин натыйжалуураак кылууга багытталган стратегия катары бааланууда. Ошол эле учурда кыймыл өз талаптарынан баш тартпай турганын баса белгиледи. Бирок кыймыл азыр айрым кыйынчылыктар менен туш келүүдө. Бийлик “жумшак көзөмөлдөн” ачык басым жана куугунтук саясатына өтүшү мүмкүн. Бул ыктымал өзгөрүү бир катар белгилерден байкалууда: маалымат каражаттарына системалуу түрдө чектөө коюу, алдын ала коопсуздук чараларын күчөтүү, уюшкан каралоо кампаниялары жана расмий дискурстун кыймылга карата өзгөрүшү.
Эгер бул көрсөткүчтөр айкалышып кетсе, бир нече сценарий ыктымал: кыймыл убактылуу “тактикалык жашыруун абалга” өтүшү мүмкүн же кысымга жооп иретинде бара-бара радикалдашышы мүмкүн же болбосо “басым аркылуу мыйзамдашуу” жолуна түшүп, саясий өзгөрүүнүн акылдуу мүмкүнчүлүгүнө айланышы мүмкүн.
Кыймыл бул коркунучтарды аңдап, аларга каршы иерархиялык түзүлүштөн жана түз радикалдык риторикадан качуу стратегиясын колдонууда. Ал эл аралык деңгээлде кабыл алынган мыйзамдуу алкакта иштеп, социалдык жана укуктук талаптарга көңүл буруу аркылуу бийликтин басымын эл аралык коомчулук алдында кымбатка түшкөн ишке айлантууну көздөйт.
Марокко бийлиги “исламчылардын нааразычылыкка аралашуусун” кызыл сызык деп эсептейт. Эгер кандайдыр бир саясий Ислам уюмунун катышы байкалса, куугунтук күчөшү мүмкүн. Ошондуктан исламчылар, а түгүл оппозициялык көз караштагылары да, азырынча “жымжырт катышуу” саясатын карманып турушат. Бул жагдай исламчылардын нааразычылыктагы катышуусун сезилерлик, бирок үстөмдүк кылбаган абалда калтырды. “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы менен “Биримдик жана реформалоо кыймылы” сыяктуу салттуу исламий партиялар бийликтеги тажрыйбасынан кийин элдик колдоодон ажырап, нааразычылык кыймылын жетектөөдөн дээрлик четте турушту. Алар режимге нааразычылыктарды “диний өңүттө бурмалоого” шылтоо бербөө үчүн сак саясатты карманышты. Ал эми исламий көз караштагы жаштар өз алдынча, жеке түрдө катышып, ошол эле коомдук жана социалдык талаптарды көтөрүштү, бирок диний ураандарды көтөрүшкөн жок.
“Адл ва Ихсан” жамааты өлкөдөгү эң ири, бирок мыйзамсыз оппозициялык ислам кыймылы тактикалык ыкма колдонду. Ачык жетекчиликсиз, арттан кеңири элдик мобилизация жүргүзүп, социалдык адилеттик, кадыр-барк жана коррупцияга каршы ураандарга көңүл бурду. Ошону менен бирге, мамлекет менен түз кагылышпоону көздөдү. Жалпысынан кыймылдын ураандары укуктук жана социалдык мүнөздө болуп, бул Мароккодогу нааразычылык көрүнүшүнүн идеологиялык эмес, бөлүктүк талаптарга ооп кеткенин көрсөттү. Ал эми исламчылар бул көрүнүштө “жашыруун элдик таяныч” ролун аткарып турушат.
“Z мууну” кыймылы жергиликтүү жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар (NGOs) менен расмий эмес уюштуруучулук байланышта экени белгилүү. Бул байланыш түз уюштуруучулук эмес, бирок укуктук жана укукка байланыштуу дискурс боюнча баалуулуктарды бөлүшүү түрүндө байкалат. Өкмөттүк эмес уюмдар жаштардын демилгелерине укуктук жана уюштуруучулук жактан багыт берип, Z муунун билим берүү, саламаттык сактоо, экология жана жыныстык теңдик сыяктуу тармактарда конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга жардам берип келишет. Алар жарандык коом менен эл аралык институттардын ортосунда көпүрө ролун аткарышат.
Белгилүү болгондой, бул уюмдардын ишмердиги БУУ тарабынан 2015–2030-жылдарга белгиленген 17 туруктуу өнүгүү максаттарынын (SDGs) негизинде жүргүзүлөт. Бул максаттар жакырчылыкты жоюу, теңдик, “гендердик маселелер” жана башка гуманитардык темаларды камтыйт. Бирок булар эл аралык капиталисттик түзүмдүн идеологиялык жана сакофий үстөмдүк долбоорунун бир бөлүгү болуп, үммөт долбооруна карама-каршы келет. Ошондуктан жаштар мындай батыштык, колонизатордук долбоорлорго кирип кетүүдөн сак болууга тийиш. Алар бул байланыштар революциянын чыныгы максатын бурмалап жибериши мүмкүн экенин аңдоосу зарыл. Себеби бул уюмдардын ишмердиги көрүнүштө кызматтык жана өнүгүүгө багытталгандай сезилгени менен, чындыгында алар Исламга каршы программаларды жайылтып, колониялык таасирди түбөлүккө бекемдөөгө жана коомубузга бузукулук уюгу катары тамыр жайдырууга кызмат кылышат.
Үммөттүн көтөрүлүшү да дал ушул колонизатордукка кызмат кылган, үммөттүн байлыгын жана ресурстарын батышка багыттаган, секулярдык-батышчыл жолду карманган саткын режимдерге каршы болгон. Үммөт араб дүйнөсүнүн бардык өлкөлөрүндө бул режимдерди кулатып, чыныгы өзгөрүүнү талап кылып чыкты. Чыныгы өзгөрүү болсо, үммөттүн саясий долбоору Пайгамбарлык минхажына ылайык орнотулуучу рошид Халифалыктын кайра жанданышы аркылуу гана ишке ашат. Ал бардык мусулман өлкөлөрүн бириктирип, колонизаторлукту жана анын алып келген бузукулуктарын жана кыянатчылыктарын түп тамыры менен жок кылат.
﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾
“Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт”. (Юсуф: 21).
Устаз Ясин бин Яхья
Роя гезити




