Роя гезити

Мисир менен яхудий түзүмүнүн газ келишими – басып алуу менен үммөттүн байлыгын тоноп кетүүнү моюнга алуу

Мисир менен яхудий түзүмүнүн газ келишими – басып алуу менен үммөттүн байлыгын тоноп кетүүнү моюнга алуу

2025-жыл, 7-августта яхудий түзүмүнүн энергетика министри Эли Коэн Мисирге табигый газ экспорттоого байланыштуу “Израил тарыхындагы эң чоң келишим” деп атаган келишимге кол коюлганын жарыялады. Анын наркы 35 миллиард долларга жетет. Ага ылайык 2040-жылга чейин же келишимде көрсөтүлгөн көлөм толук аткарылганга чейин Мисрге болжол менен 130 миллиард куб метр газ сатылат. “Жаңы Мед” компаниясы басып алынган “Левиафан” кениндеги өнөктөш – бул келишим эки этап менен ишке ашарын түшүндүрдү: биринчи этап 2026-жылы башталып, 20 миллиард куб метр газды камтыйт; экинчиси болсо инфраструктураны кеңейтүү жана Нетзана чек ара өтмөгүнөн жаңы газ куурун куруу аяктагандан кийин 110 миллиард куб метрди камтыйт.

Бул жарыя бош жерден чыккан жок. Ал Мисир менен яхудий түзүмүнүн ортосунда 2019-жылы түзүлгөн мурдагы келишимдин уландысы. Ал келишим 60 миллиард куб метр газды жеткирүүнү камтыган, анын үчтөн бири ушул убакытка чейин эле жеткирилген. Бирок жаңылык катары, келишимдин көлөмү эки эсе көбөйдү жана яхудий түзүмүнүн тарыхындагы эң ири экспорттук келишим болуп калды.

Бул келишимди расмий маалымат каражаттары көрсөткөндөй жөн гана эки мамлекеттин ортосундагы соода деп айтууга болбойт. Бул – яхудийлердин Палестинаны басып алышын жана аны каржылык, стратегиялык жактан колдоону кыйыр түрдө моюнга алуу. Анткени, бул түзүм экспорттогон газ – Жер Ортолук деңизиндеги кендерден алынган, ал болсо Палестина жерин басып алуу негизинде ээлеп алынган. Демек, мындай келишимдерге кол койгон тарап бул басып алууну амалы менен моюнга алат жана аны менен түз экономикалык алакалар аркылуу ага кошумча мыйзамдуулук берет. Бул болсо акыркы чек ара демаркациясы аркылуу ага мүмкүнчүлүк түзүлүп бергенден кийин жасалууда.

Бул эки тараптын ортосундагы эркин соода эмес. Бул – мусулман жерин жана байлыгын тартып, тоноп алган нерсеси үчүн баскынчыга акча берип жаткан кошуна мамлекеттеги бийликтин ортосундагы мамиле. Бул – экономикалык нормалдаштыруу көрүнүшү болуп саналат. Ал саясий жана коопсуздук жаатындагы нормалдаштыруудан кооптуу болушу мүмкүн. Себеби, ал адамдардын жашоосун жана күнүмдүк тиричилигин душмандын колуна байлап коёт.

Бул келишим Мисир оор энергетикалык кризисти баштан кечирип жаткан учурда келип чыкты. Анткени анын газ өндүрүшү 2021-жылы суткасына 6 миллиард куб футтан ашык болсо, 2025-жылы болжол менен 3,5 миллиард куб футка чейин түшүп кетти. Башкача айтканда, бир нече жыл мурда газ боюнча өзүн-өзү камсыз кылуу жана экспорттоо мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылган өлкө бүгүн тарыхый душманынан газ импорттогон абалга келди!

Ушуну менен яхудий түзүмү Мисирдин негизги энергетика жеткирүүчүсүнө айланууда. Бул болсо Мисирдин энергетика сыяктуу стратегиялык тармактагы чечимдери яхудий түзүмдүн колуна байланат дегенди билдирет. Ал болсо газдын баасын жана саясатын өзү таңуулайт. Мунун өзү эле Мисирди саясий жана экономикалык көзкарандылык чөйрөсүнө салып, яхудий түзүмүн Чыгыш Жер Ортолук деңизинде аймактык энергетикалык борборго айлантуу долбоорунун бир бөлүгүнө айлантат.

Болуп жаткан нерсе жөн гана газ соодасы эмес. Бул – аймактагы таасир картасын кайрадан чийүү болуп эсептелет. Мисир яхудий түзүмүнөн Европага газ экспорттоого ортомчу же жөн гана транзит өлкө болуп калууда. Газдын негизги жеткирүүчүсү болсо түзүм болуп, ал саясий жана экономикалык пайда көрүп, убакыттан утуп, мыйзамдуулукту камсыздап  жатат.

Газ, мунай жана башка ири табигый ресурстар мамлекеттин, башкаруучунун же  жеке адамдын менчиги эмес. Алар бардык мусулмандар үчүн умумий мүлк болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: فِي الْمَاءِ، وَالْكَلَأِ، وَالنَّارِ»

“Мусулмандар үч нерседе шериктеш: сууда, жайытта жана отто”.

Газ “оттун” маанисине, башкача айтканда энергияга кирет. Бул болсо шариатта мусулмандарга таандык умумий мүлктөрдүн бири болуп эсептелет. Аны бир адам, же бир тарап, же бир мамлекет монополия кылып ээлеп алып, үммөттүн укугуна каршы келген түрдө пайдалана албайт.

Демек, жерди басып алган түзүм менен мындай келишимдерге кол коюп, үммөттүн өзүнө таандык болгон байлыктарын сатып алууга уруксат берүү – бул эки эсе кылмыш. Анткени, бул баскынчыны моюнга алуу жана аны каржылоо болуп эсептелет. Ошондой эле бул үммөттүн өз байлыктарындагы укугун тартып алат. Ал байлыктарды душманына тарттырып, аны кайра сатып албастан, үммөттүн кызыкчылыктарына кызмат кылышы керек эле.

Ислам болсо мындай умумий мүлктөрдү мамлекеттин камкордугуна жүктөгөн. Мамлекет аларды бүтүндөй үммөттүн пайдасына башкарат жана анын кирешеси билим берүү, саламаттык сактоо, инфраструктура жана жихад сыяктуу негизги муктаждыктарга жумшалат. Алар душман баскынчыларга байлык алып келүүчү булакка айландырылышы мүмкүн эмес.

Мындай келишимдер шаръий жактан башынан эле жараксыз, анткени алар яхудий түзүмү менен мыйзамдуу мамлекет катары мамиле кылууга негизделет. Ал эми бул түзүм – мусулмандардын жерин басып алган түзүм. Ошондуктан ага жөн гана саясий душман катары эмес, түздөн-түз согушуучу түзүм катары мамиле кылуу парз. Мындан тышкары, бул келишимдер үммөттүн байлыгын текке кетирет. Себеби алар душмандын экономикасын күчтөндүрүп, аны каржылоо аркылуу ага байлык берип жатат. Ошондой эле бул келишимдер үммөттү көзкарандылык чөйрөсүнө киргизип, анын негизги муктаждыктарын душманынын колуна байлап коёт.

Ошондуктан, үммөт жүктөлгөн парз – бул келишимдерди толугу менен четке кагуу жана жер менен байлыктарды курал аркылуу кайра алуу. Ислам байлыктары эч качан баскынчы түзүмдүн колунда болбоого тийиш. Тескерисинче, аларды бошотуп, ислам менен башкарган мамлекетке кайтаруу парз.

Шарият мындай келишимдерди харам кылган, анткени алар яхудий түзүмүн толук кандуу мамлекет катары таанууга алып келет, аны коңшу катары эсептеп, өлкөнүн экономикасын ага байлап коёт. Ал эми бул түзүм менен кандай гана мамиле болбосун – экономикалык, саясий же коопсуздук жаатында – шаръан харам. Анткени мындай мамилелер мусулмандардын жерин басып алышын моюнга алуу болуп саналат. Ошондой эле Ислам аны каржылоону жана ага акча төлөөнү – газ үчүн же башка нерсе үчүн болобу – тыят. Анткени бул анын басып алуусуна жана зулумуна түздөн-түз каржылык жардам берүү болуп эсептелет. Яхудий түзүмүнөн газ сатып алуу парз эмес, тескерисинче, анын басып алган кендерин кайра алуу жана аларды үммөттүн менчигине кайтаруу парз. Ошондой эле Исламды толук колдоно турган мамлекетти – пайгамбарлык минхажы боюнча халифалыкты – талап кылуу парз. Ал бул байлыктарды мусулмандардын умумий мүлкү катары башкарат, аларды үммөттүн кызыкчылыгына жана иштерин жакшыртууга багыттайт жана Аллах жолунда жихадга жумшайт.

Мисир менен яхудий түзүмүнүн газ келишими жөн гана экономикалык келишим эмес. Ал – басып алууну моюнга алуу жана баскынчыны колдоо, үммөттүн байлыктарын тоноп, анын укуктарын текке кетирүү болуп эсептелет. Бул болсо элдин кызыкчылыгын, анын азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун душманына байлап койгон өкмөттөрдүн жолунун уландысы. Ошентип, үммөт чыккынчылык жана көзкарандылык чынжыры менен саясий жана экономикалык жактан байланууда.

Чечим бул келишимдердин шарттарын жакшыртууда да, убактылуу импорттук альтернатива издөөдө да эмес. Чыныгы чечим – бул түзүмдү тамыры менен жок кылуу, бүтүндөй Палестинаны бошотуу жана үммөттүн байлыктарын Аллахтын ыраазылыгы үчүн башкара турган, ага эгемендүүлүгүн кайтарып бере турган, анын мүмкүнчүлүктөрүн ойгонууга жана жихадга багыттаган, душманына эмес, өзүнө кызмат кылдырган Халифалыкты тикелөөдө.

Үммөттүн алдында айкын тандоо турат: же душманына байлап турган мындай келишимдер аркылуу көзкаранды бойдон калуу, же өзүнүн жерин жана байлыгын текке кетирген режимдерди кулатып, укуктарды сактап, жерди бошотуп, үммөткө кайрадан иззат жана кадыр-барк тартуулаган пайгамбарлык минхажы боюнча экинчи ирет келчү Халифалыкты орнотуу.

﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ﴾

«Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Алладан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт». (Худ: 113).

Устаз Саид Фадл

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button