Рамсис борбордук станциясындагы өрт жарандык түзүмдүн кыйрашын ачып берген дагы бир көрүнүш

Рамсис борбордук станциясындагы өрт жарандык түзүмдүн кыйрашын ачып берген дагы бир көрүнүш
Бир гана көз ирмемде миңдеген байланыш токтоп, интернет тармагы үзүлүп, миллиондогон мисирликтердин турмушу бузулду. Рамсис борбордук байланыш имаратында жашынып жаткан чындыктар ачыкка чыкты. Бирок бул окуя жөн эле өрт кырсыгы эмес, бул бүтүндөй бир түзүмдүн бузулганын, азыркы мамлекеттин ишке жараксыздыгын жана мекемелердин ички түзүмүнө сиңип кеткен шалаакылыктын өтө кооптуу даражадагы деңгээлин ачык айкын далилдеген окуя болду. Бул өрт азыркы түзүм элге кам көргөн башкаруу эмес, тескерисинче, бузулуу менен шалаакылыкка бай, кайра-кайра ураган түзүм экенин күмөнсүз көрсөттү.
Рамсис борбордук станциясында болгон окуя Мисирдеги түзүмдүн элге кам көрүүчү башкаруу эмес, кризистерди гана башкарган режим экенин далилдеп турат. Бул өрт капысынан болгон кырсык эмес эле, коррупциянын жана начар башкаруунун, техникалык отчеттор менен кайталанган эскертүүлөргө көңүл кош мамиленин натыйжасы болчу. Журналисттик отчеттордо бул борбордук станциядагы инфратүзүм жылдар бою эскиргени, автоматтык өрт өчүрүү жана алдын алуу системасы такыр жок экени айтылган. Египеттик байланыш мекемесинин мурдагы техникалык адиси мындай деген: «Биз 2022–2024-жылдар аралыгында кабелдердин өтө эскиргени жана жогорку кабаттарда автоматтык өрт өчүрүү тутумунун жоктугу боюнча расмий бир нече отчет жөнөткөнбүз. Бирок компаниянын жетекчилиги эч кандай чара көргөн жок» (Манса платформа, 2025-жыл, 11-июль).
Бул документтештирилген шалаакылык кокустук эмес, тескерисинче, жүйөсүз кароосуздукка жана тейлөөгө негизделген түзүмдүн өзү, бюрократиялык же каржылык эсептер үчүн маанилүү стратегиялык объектилерди курмандыкка чалууга негизделген мамиле. Мындай түзүм элдин жашоо-тиричилиги үчүн кооптуу. Эл нааразычылык менен мындай деп суроо салууда: Бул деңгээлдеги маанилүү имаратта кантип коопсуздук системасы болбойт?! Көзөмөл органдары кайда карап турушту? Аппараттар менен системалардын мөөнөтү өтүп бүткөнүн билип туруп, эмне үчүн жаңыртылган жок? Бул суроолорго жоопту техникалык экспертиза же административдик отчеттон эмес, түзүмдүн табиятынан табабыз. Себеби бул түзүм адамды баалабайт, ал үчүн кам көрүү жоопкерчилик эмес, бардыгы инвестиция же коопсуздук көзөмөлү катары каралат.
Бул түзүмдүн эң көрүнүктүү бузулган жери – реалдуу жана үзгүлтүксүз эсепке тартуунун жоктугу. Мындай мамлекетте жоопкерчилик – шалаакылык же кемчилик үчүн эмес, тескерисинче суроо берген же нааразылык билдиргендер үчүн болот! Бул капиталисттик жарандык мамлекеттин «адилеттиги». Мындай мамлекетте «кам көрүү» түзүм менен коопсуздук аппараттарынын кызыкчылыгына шайкеш келсе гана болот. Бул өрт техникалык гана маселе эмес, экономика менен кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрөгүнө урулган сокку болду. Интернет жана банктык байланыш системалары иштебей, электрондук которуулар токтоп калды, соода операциялары үзгүлтүккө учурады, айлык маяналардын төлөнүшү кечикти. Ооруканалар, банктар жана тейлөө борборлору да таасир алды. Бул болсо бир эле объектке таянган борборлоштурулган көз карандылык канчалык катуу экенин көрсөттү. Альтернативалар болсо болгондур. Бирок түзүм коопсуздук жана пайдакорлук өңдүү капиталисттик көз караш менен иш алып барат, бул болсо маалыматтар өтө турган мындай объекттерге кандай мамиле кылуу керек экенин аныктайт.
Азыркы Мисирдеги түзүм ислам дүйнөсүндөгү башка түзүмдөр сыяктуу эле кызыкчылыкка жана пайдага негизделген капиталисттик түзүмдү кабыл алган. Бул түзүм элге кам көрүүнү шаръий жоопкерчилик катары карабайт, тескерисинче, ар бир мекемени киреше булагына же пара жана коррупциянын эшигине айландырат. Ошондуктан, өрт коркунучу тууралуу эскерткен көзөмөл отчетторунун көз жаздымда калышы таң калычтуу эмес, анткени бузулууларды оңдоо капиталисттик бюджеттин артыкчылыктуу багыты эмес, ал түз киреше алып келбейт.
Түзүмдүн бул кырсыкты кандайча башкарганы тууралуу үстүртөн караганда эле, бузуктук канчалык терең экени түшүнүктүү болот. Инфраструктураны кайра карап чыгуу жана жооптуу адамдарды жоопкерчиликке тартуунун ордуна, мамлекет “компенсация” катары символикалык түрдө интернет пакеттерин жана бекер гигабайттарды таратуу менен алек болду, жабыркагандар ушундай жол менен унчукпай калуусуна аракет кылды. Бирок маселе буга караганда алда канча терең!
Рамсис борбордук станциясынан көпүрөлөрдүн урашына чейин, поезд кырсыктарынан жол кырсыктарына чейин, паромдордун чөгүшүнөн оорукана өрттөрүнө чейин кырсыктар шек туудурарлык ырааттуулукта кайталанууда. Ар бир жолу чындык көмүскөдө калтырылат, күнөө акталат жана ошол эле жүздөр кайра-кайра башкарууга коюлат!
Мындай кырсыктардын кайра-кайра кайталанышы, эч кандай негизги оңдоолордун болбошу, “заманбап жана өнүгүүгө багытталганы” жарнамаланган жарандык мамлекеттин чыныгы жүзүн көрсөтөт. Бул мазмуну жок формалдуу түзүм, ахлакый негиздерден ажыраган, элдин кызыкчылыгына кам көрүүгө милдеттендирген башкаруу системасы жок болгон бир бош кабык.
Бүгүн үммөт түшүнүшү парз. Мисирдеги жана башка мусулмандардын өлкөлөрүндөгү азыркы түзүмдөр элди артта калтыргысы келген, алсыз жана төмөн абалда кармагысы келген бузулган эл аралык түзүмдүн бир бөлүгү. Бул түзүмдөр — элге кам көрбөгөн, тескерисинче Батыштын кызыкчылыгын коргоо үчүн кызмат кылган кул түзүмдөр.
Үммөткө бул түзүмдөрдү четке кагып, ордуна динди орнотуп, элдин иштерин карап, коррупцияга бөгөт коюп, ар бир мекемени кызмат жана аманат катары караган мамлекетти тикелөө үчүн чындап аракет кылуу убактысы келди.
Бул — Пайгамбарлык минхажындагы экинчи рашид Халифалык мамлекети. Мындай халифалык элге керектүү маанилүү объекттерди көзөмөлсүз жана коопсуздуксуз таштап койбойт. Кам көрүү жалпы мекемелердин бекем пайдубалга курулушун, туруктуу көзөмөлдөнүшүн жана тейленишин талап кылат. Анткени бул мекемелерде элдин кызыкчылыгы, жашоосу жана коопсуздугу жатат. Оо мусулман бир туугандар, бул Халифалыкты тикелөө үчүн биз менен бирге аракет кылыңыздар!
﴿إِنَّ اللهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ﴾
«Аныгында бир коом тээ өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Алла алардын акыбалын өзгөртпөйт» (Раад сүрөсү, 11-аят).
Устаз Саид Фадл
Роя гезити