Роя гезити

Сисинин Бириккен Араб Эмираттарына болгон сапары – колонизаторлордун талаасындагы маневр жана мыйзамдуу эгемендиктин жоголуусуна далил

Сисинин Бириккен Араб Эмираттарына болгон сапары – колонизаторлордун талаасындагы маневр жана мыйзамдуу эгемендиктин жоголуусуна далил

Мисир президенти Сисинин 2025-жылдын 4-июнунда (шаршемби күнү) Абу-Дабиге болгон сапары күтүүсүз дипломатиялык кадам эмес. Бул сапар аймактагы таасир үчүн жарыша аракет кылып жаткан колонизатор тыңчыларынын ортосундагы катуу атаандаштык алкагында орун алды. Алар өздөрүнө баш ийген режимдерди өздөрүнүн пландарын ишке ашыруу үчүн колдонуп жатышат. Бул алдын ала жарыяланбаган сапар Иран тышкы иштер министри Аббас Иракижинин Каирге болгон сапарына түз жооп болду. Бул көрүнүш азыркы режимдердин кылмыштары толук ачылып калганын жана батыш колонизатор күчтөрүнө толук көз каранды экенин чагылдырат.

Британиянын эң ишенимдүү агенти болгон Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Ливия, Судан жана Африка мүйүзү өңдүү аймактарда Британиянын кызыкчылыгына ылайык саясаттарды ишке ашырып келет. Айрым учурда Эмираттар Америка менен байланыштуу маселелерде да кыймылдайт, бирок Жакынкы Чыгышта Британиянын сүйүктүү куралы болуп кала берүүдө. Өзгөчө Америка тарапкерлери Сауд Арабия, Түркия жана Египетке каршы аракеттери ачык көрүнүп турат.

Сисинин Эмираттарга сапарынын эки негизги максаты бар болчу:

  1. Каирдин Тегеран менен ачык алака түзүү ниети жок экенин Ибн Зайедге кепилдөө.
  2. Египет режимин каржылык жактан колдоп турган Эмираттар менен саясий байланыштарды жаңылоо. Египетке жардам кыскарып жатканына карабастан, ал ошол “каржылык жипке” байланган бойдон калууда.

Бул көрүнүп турган максаттардан тышкары анда тереңирээк чындык жашырылган. Египет режими Америкага баш ийгенине карабай, кээде Эмираттар менен мамилени жылуу кармап туруу үчүн кадам таштайт. Сиси бул сапарды Вашингтондон “жашыл жарык” албастан жасай албайт. Бул болсо Американын өз агенттери менен Британия агенттеринин ортосунда – алардын Египеттеги жана аймактагы таасирин сактоого кызмат кылса – байланыштын ачык болушуна каршы эместигин көрсөтөт.

Ачыгы, Иран Америка үчүн да, Эмираттар үчүн да, Египет үчүн да чыныгы душман эмес. Ал Американын куралы, аймакты алек кылып, алсыратуу жана жаңы саясий чек араларды тартуу үчүн колдонулат. Египет режиминин Аббас Иракижини тосуп алышы, Америкага каршы чыгууну же жалган “каршылык көрсөткөн” лагерге чыныгы жакындашуу дегенди билдирбейт. Бул Американын аймакты башкаруу планынын бир бөлүгү. Өзгөчө нормалдашуу жана экономикалык ачыктык процессинен кийин, Америка Иран менен чыңалууну толук чечүүнү каалайт. Айрыкча, Азиядагы фронтторго, Кытайга жана Россияга көңүл бурган учурунда бул маанилүү. Бирок Британия бул багытка ыраазы эмес жана өз тыңчыларын көзөмөлдөп, Иран менен алаканы кеңейтүүгө багытталган кадамдарга жол бербөөгө аракет кылууда. Албетте, Сисинин шашылыш сапарынын жана анда болгон сүйлөшүүлөрдүн себеби да дал ушул. Кызматташуунун улантыларын тастыктоо жана Британиянын Судан, Кызыл деңиз же Ливия сыяктуу аймактардагы таасирине залака тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерге бөгөт коюу. Бул аймактарда Эмираттар Британиянын кызыкчылыгына жараша активдүү иш жүргүзүп келет.

Кыскасы, болуп жаткан нерсе үммөт аймагында жергиликтүү куралдардын жардамы менен жүрүп жаткан Америка менен Британиянын таасир талашы. Эмираттар тарыхый жана түз байланыштары аркылуу Британия менен тыгыз байланышта болгондуктан бул аймакта Американын таасиринин кеңейишин токтотууга умтулуп, Британия жоготкон аймактык үстөмдүктү кайтарып алууга аракет кылууда. Ал эми Сиси болсо Американын кишиси катары, кээде Эмираттар, Сауд Арабия, ал тургай Россия жана Кытай менен болгон татаал байланыштары аркылуу маневр жасап турат. Бирок бул да Американын пландарынын жана долбоорлорунун чегинде болот.

Бүгүнкү күндө болуп жаткан көрүнүштөр — сапарлар, союздар, коркутуулар, ийгиликтер жана жеңилүүлөр — мунун баары Исламдагы өкүмдөргө эч тиешеси жок. Бул толук бойдон колонизатордук саясатка малынган чөйрө. Ал саясат күч менен гана эсептешет, пайдадан башка нерсени тааныбайт жана Ислам үммөтүн Батыштын колонизатор күчтөрү өз ара талашкан таасир чөйрөсү катары гана карайт.

Ал эми Америка, Британия сыяктуу куралдуу колонизатор мамлекеттер менен болгон мамиленин негизинде согуш жана кастык болушу керек. Алар менен кызматташуу же союз түзүү туура эмес. Алардын тыңчысы болгон режимдер мисалы, Эмираттар, Иран, Египет – алардын бардыгы кулатылышы керек болгон режимдер. Аларга жан тартууга да, алар менен союз түзүүгө да болбойт. Алардын ордуна Халифалыкты – Пайгамбарлык жолундагы Раашид Халифалыкты – тикелөө зарыл.

Ислам үммөтүнүн үстүнөн мындай башаламандыкка жол берүү “тең салмактуулук”, “прагматизм” же “туруктуулук” деген шылтоолор менен акталууга тийиш эмес! Халифалыктын жоктугу мусулман өлкөлөрүн ири мамлекеттердин талаш майданына айланткандыгы так далил менен далилденген. Ал эми Эмираттар, Иран, Египет, Сауд Арабия, Түркия сыяктуу режимдер өздөрүнүн ички жана тышкы саясаттарын колонизаторлордун буйругу менен жүргүзүп жатышат.

Пайгамбарлык жолундагы Рошид Халифалык үммөттү колонизаторлорго көз карандылыктан бошотуп, бир мамлекетке бириктире алган, андан соң аскерлерди  тыңчыларды коргоо үчүн эмес, Исламга жардам берүү үчүн  жибере алган жалгыз түзүм. Ал тышкы саясатын Батыш кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна эмес, Ислам акыйдасына таянып жүргүзөт.

Халифалык колонизатордук талаш-тартыштарга чек койгон күч. Ал үммөттү кор болгон абалдан көз каранды эмес, өз алдынча эсептешүүгө татыктуу улуу күчкө айлантат. Ал эл аралык мамилелерди Ислам негизинде кайра түзүп, каапыр колонизаторлорду мусулман өлкөлөрүнөн кууп чыгат. Ал тургай Исламды даъват жана жихад аркылуу алардын аймагына да алып барып, дүйнөгө кайрадан Ислам өкүм жүргүзө турган кылат.

Ушул үммөт эми көңүлсүздүктүн чаңын силкип, Халифалыктын көлөкөсүндө жашоо гана улуулуктун жана эгемендиктин кепилдиги экенин аңдоого тийиш. Ал эми Аллахтын жардамы таагуттарга өкүм чыгарткандарга эмес, таухиддин туусун көтөрүп, Аллах жана Анын Элчиси ﷺ  буйругандай динди тикелегендерге түшөт.

Эй Мисир калкы! Силер тарыхыңарда жеңиштин желегин, таухиддин туусун көтөргөн калксыңар! Бүгүн силер көрүп жаткан кымбатчылык, кедейлик, кордук жана багынуу артка кайтаргыс тагдыр эмес. Бул капиталисттик түзүмдүн жана үммөт душмандары болгон колонизаторлорго баш ийген башкаруучулардын ачуу жемиши. Алар жерди да, намысты да сатып жиберишти, динди да, дүйнөнү да бузушту. Алардан оңолуу күтүүгө да, жеңиш үмүт кылууга да болбойт.

Эй Мисир аскерлери! Силер элди жана жерди коргойбуз деп ант бергенсиңер! Билип койгула! Силердин чыныгы жардамыңар элдин мойнунда отурган зомбулук башкаруучуга эмес, Аллахтын динине жана шариатына болушу керек. Аллах силерге күч жана курал берди. Аны жалганды коргоо үчүн эмес, акыйкатка жардам берүү, Пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты тикелөө үчүн колдонгула. Бул халифалык Исламга кайрадан үстөмдүк алып берет, Мисирге даңк алып келет, үммөттү бириктирет жана Аксаны азат кылат.

Бадрдагы баатырлардай, Кадисиянын кылычтарындай, Айн Жалуттун атчан жоокерлериндей болгула! Алар зулумдукка каршы турушуп, Аллахтын динине жардам беришкен жана тарых аларды унуткан жок, Аллах да алардан ыраазы болду.

Эгер силер ошондой кылсаңар бул дүйнөдө даңкка ээ болосуңар, ал эми акыретте кеңдиги асмандар менен жердей болгон бейиштер силер үчүн. Бул — Аллахтын убадасы, Аллах убадасынан кайтпайт!

﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Албетте, Алла Өзүнүн (динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып койот. Шексиз, Алла Күчтүү, Кудуреттүү». (Хаж сүрөсү, 40-аят).

Роя гезити

Устаз Саид Фадл

Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button