Судан согушундагы акыркы өзгөрүүлөр

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 2025-жылдын 27-июнунда (жума күнү) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Судан боюнча жыйын өткөрдү. БУУнун Африка маселелери боюнча Башкы катчысынын жардамчысы Мартха Боби төмөнкүдөй сөз сүйлөдү:
«Өткөн жумада Коопсуздук кеңеши гуманитардык тармактагы кесиптештерибизден абалдын начарлашы тууралуу маалымат укту. Биз кагылышуулар болуп жаткан аймактарга, айрыкча Эль-Фашерден баштап, гуманитардык жардамдардын коопсуз кирип-чыгуусун камсыз кылуу жана жай тургундардын ыктыярдуу жана коопсуз көчүп кетүүсүнө шарт түзүү үчүн, убактысы так аныкталган гуманитардык ок атышпоо келишимине жетишүүгө аракет кылып жатабыз».
Ал ошондой эле, Судан боюнча Баш катчынын атайын өкүлү Рамтан Ламамранын жарандык топтордун кеңири катмары менен түз жана үзгүлтүксүз байланышта болуп жатканын жана алардын азыркы кризистен чыгуудагы, ошондой эле Судандын келечектеги өткөөл процессин түзүүдөгү маанилүү жана алмаштыргыс ролун жогору бааларын айтты. Ошондой эле өткөн жумада Брюсселде Европа Биримдиги Судандагы тынчтык демилгелерин жана аракеттерин координациялоону күчөтүү боюнча төртүнчү кеңешүү жыйынын өткөрдү. Бул жыйын саясий колдоону жана координацияны чыңдоо багытында дагы бир маанилүү кадам болду.
Бул механизмге көп тараптуу уюмдар жана Суданда ортомчулук кылып жаткан негизги мүчө мамлекеттер кирет. “Азыр биз Африка Биримдиги жана Бириккен Улуттар Уюму Аддис-Абебада өткөрө турган бешинчи кеңешүүнүн даярдыгын акыркы стадияга чыгарып жатабыз”,-деген Бобинин бул сөзүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Анткени бул Судандагы абалдын маңызын ачып турат. Генерал Бурхан жетектеген армиянын макулдашкан ок атышпоосу бир нече жагынан каралууда. Биринчиси, кагылышкан тараптар, айрыкча Ыкчам колдоо күчтөрү, мурда жетишилген ок атышпоолорду качантан бери сактап келатат? Эмне үчүн бул келишим дал ушул Эль-Фашерде гана иштеп жатат, ал эми Дарфурдун башка аймактарында жана Кордофанда салгылаштар кызуу жүрүп жатат? Же болбосо, Эль-Фашердин кулашы (Кудай сактасын) Дарфурдун бөлүнүүсүнө алып келеби?
Мындан тышкары, жакында армия менен анын Эль-Фашерде жан-дили менен согушуп жаткан өнөктөшү «Биргелешкен күчтөр» ортосунда министрлик орундарды бөлүшүү боюнча талаш чыкканын да эске алуу керек.
Андыктан, Бириккен Улуттар Уюму бул ок атышпоону пайдаланып, Эль-Фашер шаарын элинен бошотууну көздөп жатат. Муну Бобинин «жай тургундардын ыктыярдуу жана коопсуз көчүп кетүүсүнө уруксат берүү» деген сөзүнөн түшүнүүгө болот. Бул өтө кооптуу сөз, анткени «эгер силер ыктыярдуу кетпесеңер, анда мажбурлап кетиребиз!» дегенди билдирет.
Эль-Фашер эли шаарын коргоп келди, алардын кайратын сындырыш үчүн курчоо жана ачарчылык колдонулду. Бул согуш узакка созулуп, аскерий жол менен чечилбечидей абалга келди. Муну армия жетекчилери жана алардын артындагы Америка көптөн бери кайталап келишет.
Кордофандагы аскердик абал Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы токтобогон күрөштөн улам татаалдашууда. Ар бир тарап өз позициясын чыңдоого жана стратегиялык аймактарды көзөмөлдөөгө аракет кылууда. Региондо аскердик кырдаал туруксуз бойдон калып, кагылышуулар жана чабуулдар уланып жатат.
Кордофандын (Түндүк, Түштүк жана Батыш) штаттарында аскердик жана гуманитардык абал тездик менен өзгөрүп, барган сайын татаалдашууда. Бул жерлерде Судан куралдуу күчтөрү менен Ыкчам жардам күчтөрүнүн ортосунда салгылаштар уланып жатат, мындан тышкары Абдул Азиз ал-Хилу жетектеген Суданды бошотуу үчүн Элдик кыймыл Түндүктө активдүү кыймылдап жатат.
Ошол эле учурда Эль-Убейд шаары жана анын айланасында туруктуу кагылышуулар болуп жатат. Ыкчам колдоо күчтөрү Түндүк Кордофанда өз күчтөрүн күчөтүп жайгаштырып, Денкож, Хор Такат жана Рахид ан-Нуба сыяктуу аймактарга орун алган. Алар Эль-Убейддин айланасындагы 40тан ашык айылга кол салып, бул стратегиялык шаардын курчоосун бекемдөөгө аракет кылууда. Судан армиясы абадан чабуул жасап, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн кеңири жайылып кетүүсүнө жол бербөөгө аракет кылууда.
Судан армиясы Түштүк Кордофандын ири шаарларында катуу салгылашып, бул штаттагы экинчи чоң шаар болгон Даланчты толугу менен көзөмөлгө алганын жарыялады.
Судан Элдик боштондук кыймылынын Түндүк канаты Даланч, Кадугли жана Ум Бармбита шаарларынын тегерегине оор артиллерияларды жайгаштырып, алардын үстүнө аткылоону баштады. Алар Кадугли менен Даланчтын ортосундагы жолду кесип, аны көзөмөлгө алууну көздөп жатат.
Ыкчам колдоо күчтөрү Түштүк Кордофанда Дубейбат жана Хаммади сыяктуу аймактарды көзөмөлгө алганын жарыялады. Ал эми Батыш Кордофанда Нухуд, Хуэй жана Дубейбат сыяктуу аймактарда катуу салгылаштар жүрүп, гуманитардык абал абдан оор болуп жатат.
Абдул Азиз ал-Хилу жетектеген Судан Элдик боштондук кыймылы Түштүк Кордофандын Дашул аймагын ишемби күнү басып алганын жарыялады, бул Даланч менен Кадуглинин ортосундагы улуттук жолдун кайра жабылышына алып келди. Алардын билдирүүсүнө караганда, 17-июнда (шейшемби күнү) Дашул жана Каркал гарнизондоруна чабуул башталып, Дашул толугу менен алынган, андан соң Каркал гарнизонуна жылышкан. Кийинчерээк бул аймактарды куралдуу күчтөр кайрадан кайтарып алган. Бирок кыймыл кайрадан Дашулга чабуул коюп, толук көзөмөлгө алганын, натыйжада Даланч менен Кадуглинин ортосундагы улуттук жол кайрадан кесилгенин билдирди.
Түндүк жана Батыш Кордофандагы окуялар миңдеген адамдардын көчүп кетишине алып келип, ички качкындардын саны 300 миңден ашты. Алар тар жана даярдалбаган убактылуу лагерлерде жашап жатышат.
Тамак-аш, суу жана дары-дармек тартыштыгы: Көптөгөн шаарларда жана аймактарда катуу курчоо өкүм сүрүп, негизги азык-түлүк жетишсиздиги күчөп, баалар асман чапчып, ачарчылыктын коркунучу жаралууда. Негизги кызматтар, байланыш, электр жарыгы жана ичүүчү суу көп жерлерде үзүлүп, бул тургундардын азабын ого бетер күчөтүүдө.
Холера сыяктуу оорулардын жайылып кетүү коркунучу бар, айрыкча таза суунун жоктугу, медициналык мекемелердин жана дары-дармектин жетишсиздиги шартында, Хартум сыяктуу шаарларда өлүм учурлары катталууда.
Эй Судан эли! Бул жек көрүндү согуштан ким пайда көрүп жатканын азыркыга чейин түшүнө элексиңерби? Ал — Америка. Бул кутум биздин эле аскерлерибиз жана жарандык жетекчилерибиздин колу менен ишке ашууда. Алардын колунан кармап токтоткула, ошондо өлкөбүз жана жалпы мусулман өлкөлөрү зулум режимдердин зомбулугунан кутулуп, пайгамбарлык жолундагы адилеттүү Халифалык мамлекетин кура алабыз.
Роя гезити
Устаз Абдуссалам Исхак
Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү