Трамптын Баграм базасын кайра алуу тууралуу коркутуусунун артында эмне турат?

Трамптын Баграм базасын кайра алуу тууралуу коркутуусунун артында эмне турат?
Акыркы жумаларда Дональд Трамп Баграм аба базасын кайра алуу ыктымалдыгы жөнүндө бир нече ирет айтып, бир катар эскертүүлөрдү жасады. Ал сентябрь айында өзүнүн Truth Social платформасында мындай деп жазган: «Эгер Афганистан Баграм базасын аны курган тараптарга, башкача айтканда, Америка Кошмо Штаттарына кайтарбаса, анда жаман иштер болот».
Учурдагы америкалык саясат Афганстанга карата так жазылган жана акыркы стратегиядан куру калган. Азыркыга чейин ал «сабак жана сыйлык» (коркутуу жана кызыктыруу) саясатына негизделип келди. Трамптын администрациясы бийликке келгенден кийин басым жасоо ыкмасы үстөмдүк кылды. Бирок белгилер көрсөтүп тургандай, азыр Вашингтон үч негизги максатка көңүл бурууда:
- Талибандын Доха келишиминде көрсөтүлгөн милдеттемелерди аткарышы жана Америка менен анын союздаштарына коркунуч туудурбоосу;
- Америкалык туткундарды бошотуу;
- Талибандын Америка менен чалгын жана коопсуздук жаатында терроризмге каршы кызматташтыгы.
Акыркы стратегиянын жоктугунун себептери да түшүнүктүү. БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Афганистан боюнча жыйында АКШнын өкүлү: «Вашингтондун Афганистан боюнча саясаты кайра каралып жатат», — деп билдирди.
Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Элизабет Стэкени «Америка үнү» радиосуна берген маегинде мындай деди:
«Вашингтондун Афганистандагы артыкчылыктуу максаттары — америкалыктардын коопсуздугун жана улуттук коопсуздукту коргоо».
Трамп мурда да Баграм тууралуу комментарий берген, бирок анын акыркы коркутуусун мурунку билдирүүлөрүнөн айырмалап турган нерсе, анын катуулугу жана убактысы. Бул чыңалуунун күчөшү, айрыкча, Талибан жетекчилигинин Америка Кошмо Штаттарынын айрым талаптарына, анын ичинде туткундарды бошотууга каршы турушу менен байланыштуу көрүнөт.
Трамп америкалыктарды адилетсиз кармаган мамлекеттерди аныктап, жазалоо ыйгарым укугун АКШнын Мамлекеттик департаментине берген жаңы аткаруу буйругуна кол койгондон кийин, Залмай Халилзад жана адам Бюлер (туткундар маселелери боюнча атайын өкүл) жетектеген америкалык делегация Кабулга жөнөгөн. Делегациянын үмүтү айрым туткундарды бошотууга жетишүү болгон, бирок сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок.
Бул ийгиликсиздиктен кийин Трамп Талибанды Баграм базасын кайра алуу менен коркутту. Халилзад 21-сентябрда “X” платформасында мындай деп жазды: “Эгер АКШ менен Талибан ортосунда туткундар маселесин чечүүдө ийгиликке жетсек, анда дагы макулдашылышы керек болгон башка этаптар жана маселелер калат”.
Ошого карабастан, Америка бул базаны кайрадан басып алууга барбайт. Анткени анын учурдагы стратегиясы Кытай менен стратегиялык атаандаштыкка негизделген. Ошондуктан акыркы жылдары АКШнын тышкы саясатынын басым багыты терроризмге каршы күрөштөн Кытай менен атаандашууга өттү. Бул өзгөрүү анын Ирак жана Афганистандан аскерлерин чыгарууга алып келди.
Демек, Баграм сыяктуу объекттерге толук кайтып келүү же кеңири масштабдагы басып алуу мүмкүнчүлүгү өтө төмөн, анткени мындай кадам жаңы аскердик чабуул жана кайрадан басып алуу катары кабыл алынмак.
Трамптын Баграм боюнча акыркы коркутуулары Кытайга жана Россияга карата кыйыр билдирүүлөрдү камтыган басым саясатынын бир бөлүгү катары түшүнүлүшү мүмкүн. Ошондуктан бул ирет Пекин менен Москва олуттуу реакция билдиришти. Мисалга, Пекин Афганистандын коргоо министри Мулла Якуб Мужахидди чакырды. Базаны кайра кайтарып алуу же белгилүү орундарга басым кылуу маселесин койуу аркылуу Трамп Талибандын сүйлөшүүлөргө келип, АКШнын айрым талаптарын талкуулашын талап кылды. Эгер жетекчилик макул болбосо, анда аларга басым көрсөтүү максатында Афганистан ичинде кээ бир объектилерге аскерий соккуларды урушу мүмкүн, муну албетте туруктуу оккупация катары эмес, басымды колдонуу катары карайт.
Бул соккулар эки мүмкүн максатты көздөй алат: же Баграмдагы имараттарды жана техникалык жабдыктарды жок кылуу, себеби негизги тынчсыздануулардын бири америкалык курал-жабдыктардын Талибандын колуна түшүшү эле; же Талибандын айрым негизги фигураларын жана жетекчилерин, айрыкча Вашингтон катуу же принципиалдуу деп эсептегендерди жок кылуу. Алардын болуусу же таасири АКШнын кызыкчылыктарына тоскоол болот деп эсептейт.
Бул улуттук өлкөнүн алкагында Исламды колдонууга аракет кылган жаңы мамлекеттин тагдыры. Эгер ал Батыштын талаптарына баш ийбесе, анда же өлүмгө дуушар болуп, же чоң күчтөрдүн күрөшү жүрчү талаага айланат. Трамптын талабы ачык эле сый-урматсыздыкка, үстөмдүк көрсөтүүсүнө негизделген. Ал кайра колония кылуу менен коркутат. Ал эми Талибан өкмөтү эл аралык дипломатияга таянып, этияттык менен жооп берет. Бул сый-урматсыздыкка каршы реакция уюшкан аскердик формадагы жихад, башкача айтканда үстөмдүктүн байламын сындыруу. Бул болсо Халифалыкты орнотуудан башка жол менен ишке ашпайт, анткени мусулмандардын жеринде чечимди Ислам гана кабыл алышы керек жана алардын өлкөлөрү Исламдын улуулугу үчүн гана кызмат кылууга арналган. Бул болсо пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу гана жүзөгө ашат.
Устаз Юсуф Арслан
Роя гезити




