Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери ассоциациясынын (АСЕАН) кырк жетинчи саммити: Кайрылуу жана ири державалардын пландарынын ортосунда

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери ассоциациясынын (АСЕАН) кырк жетинчи саммити: Кайрылуу жана ири державалардын пландарынын ортосунда
Куала-Лумпурда 2025-жылдын 26–28-октябрында өткөн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери ассоциациясынын (АСЕАН) кырк жетинчи саммити «камтуучулук жана туруктуулук» урааны алдында өтүп, регионалдык биримдиктин жеңиши катары даңкталды. Бирок көркөм сөздөргө жана майрамдык кол алышууларга карабастан, жыйын Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү, айрыкча калкынын көпчүлүгү мусулман болгон өлкөлөр дүйнөлүк саясатка, секулярдык капиталисттик түзүмгө баш ийүүсүн улантып жатканын ачык көрсөттү. Көз карандысыздыкты даңазалоо ордуна, АСЕАН саммити дагы эле үммөттү азат кылуучу механизм эмес, тышкы үстөмдүк орнотуунун механизми бойдон калганын көрсөттү. Мында мусулман мамлекети болгон Малайзия конок ээси болгонуна карабастан, ушундай болду.
Саммитке Трамптын катышуусу ушул акыйкаттын эң ачык белгиси. Саммит менен шайкеш келген анын Азиядагы турнеси «Индия-Тынч океан аймагында эркиндикти жана гүлдөп-өсүүнү кайра орнотуу миссиясы» катары сүрөттөлдү. Бул дипломатиялык камтаманын артында Американын тереңирээк максаты жатат. Алсыздап бара жаткан таасирин кайра бекемдөө үчүн экономикалык жана коргонуу байланыштарын берилген өнөктөштөр менен чыңдоо. Медиа «дипломатия» деп атаган бул аракет чындыгында келишимдер жана жылмаюулар аркылуу жүргүзүлүп жаткан жаңы колонизатордук көзөмөлдүн ыкмасы.
Саммит маалында Малайзия АКШ менен эки негизги келишимге кол койду. Биринчиси эки тараптуу соода келишими. Ал Малайзияны бажы маалыматтарын бөлүшүүгө, экспорттук көзөмөлдөрдү ылайыкташтырууга жана жергиликтүү стандарттарды америкалык эрежелерге ылайыкташтырууга милдеттендирет. Экинчиси, Индия-Тынч океан коопсуздук алкагындагы жаңы коргонуу кызматташтык меморандуму. Ал Малайзияны АКШ жетекчилик кылган аскердик тармактарга дагы терең интеграциялайт.
Бул кадамдар «жаңылануу» жана «стратегиялык өнөктөштүк» деп айтылып жатканы менен, соода келишими чыныгы турмушта Малайзиянын эгемендүүлүгүн америкалык көзөмөл астына киргизип, АКШ үчүн саясатка, маалыматтарга жана инвестиция агымдарына таасир этүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай баш ийүү Алланын ушул буйругуна таптакыр каршы келет:
﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللّٰهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا﴾
«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса: 141).
Экономикасына чет элдик көзөмөлдү институтташтыруу аркылуу Малайзия Аллах тыюу салган «жолду» (сабил) каапырларга өзү берип жатат. Ал көз карандысыздыкты көзкаранды кылуучу рынокторго кирүү мүмкүнчүлүгүнө алмаштырууда.
Андан да кооптуу жагы коргонуу боюнча меморандум. Ал мусулмандарды өлтүрүүчү машина болгон Америкага Малайзиянын машыгууларына, чалгын кызматына жана логистикасына кирип келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ислам шариаты боюнча, кол салуучу, чыныгы согуш жүргүзүп жаткан мамлекеттерден коргоо суроо же алар менен союз түзүү харам, анткени бул мусулмандардын коопсуздугун аларды жок кылып жаткан колдорго тапшыруу болуп саналат. Аллах Таала мындай дейт:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَىٰ أَوْلِيَاءَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ﴾.
“Эй момундар, жөөттөр менен насранийлерди дос тутпагыла! Алардын кээ бирлери кээ бирлерине дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте Алла заалим коомду туура жолго баштабайт”. (Маида: 51).
Ислам үммөтүнүн коргонуу түзүмүн колонизатор-агрессордун коргонуу түзүмүнө интеграциялоо ушул буйрукка түздөн-түз каршы келүү болуп саналат. Азиянын Коргонуу жана Коопсуздук Уюму 2025-жылы билдиргендей, бул меморандум Америкага «институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү» деген шылтоо менен Малайзиянын портторуна жана аба мейкиндигине кирип келүүнү кеңейтүүгө жол ачат. Мындай «мүмкүнчүлүктөр» АКШнын региондогу аскердик таасирин гана чыңдайт, Малайзияны Кытай менен атаандаштыгындагы стратегиялык түйүнгө айлантат. Бул кызматташтык эмес, багынуу. Ислам көз карашы боюнча мындай союз ачык тыюу салынган кызматташтыктын түрүнө кирет, анткени ал Аллахка жана Анын Элчисине ﷺ каршы согушуп жаткан тараптар менен бирге иштөөнү камтыйт.
Трамптын катышуусу Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы Куала-Лумпур Тынчтык Келишимине кол коюлушу аркылуу Американын аймактагы «тынчтык орнотуучу» катары өзүн көрсөтүү амбициясын даана ачып берди. Бирок Америка ортомчулук кылган «тынчтык» — бул адилеттик эмес, өз таасирин сактап калуу механизми экендигин тарых далилдейт. АКШ туусунун алдында жасалган ар бир кол алышуу регионду глобалдык көзкаранды системага дагы бекем байлайт.
Саммиттин расмий урааны болгон «камтуучулук жана туруктуулук» мазмунсуз сөз. Бүгүнкү саясий дискурста «камтуучулук» деген Батыш түзгөн соода жана коопсуздук алкактарына катышууну, ал эми «туруктуулук» структуралык теңсиздикке негизделген капиталисттик системаны сактоону билдирет. Малайзиянын ушундай келишимдерге катышуусу тынчсыздандырган чындыкты көрсөтөт. Пост-колониялдык мусулман өлкөлөрүнүн жасаган иши көз каранды механизмдерин өркүндөтүү гана болду. Мындай өнөктөштүктү кабыл алуу аркылуу алар материалдык эгемендүүлүктөн гана баш тартпастан, ахлакый субъекттүүлүктөн да баш тартышууда.
Исламий көз караш боюнча ийгиликтин өлчөмү — чет элдик инвестициялар эмес, ИДПнын өсүшү эмес, дипломатиялык кол чабуулар эмес. Ийгиликтин өлчөмү — шариаттын буйруктарына моюн сунуу жана тагутка көз каранды болбоо. Пайгамбарыбыз ﷺ эскерткен:
«مَنِ اسْتَجَارَ بِقَوْمٍ بِغَيْرِ إِذْنِ مَوَالِيهِ فَهُوَ مِنْهُمْ»
«Ким өз кожоюндарынын уруксатысыз бир элден коргоо сураса, ал ошол элден болуп саналат». (Абу Дауд Жихад китебинде риваят кылган).
Малайзиянын жаңы союздары ушул тыюу салынган көз карандылыктын так өзү болуп саналат.
Чыныгы эгемендүүлүк баш ийүү менен кошо жашай албайт. Ислам жамаий коопсуздуктун бир эле түрүн тааныйт, ал болсо шариат өкүмү алдында мусулмандардын биримдигинен келип чыккан коопсуздук. Халифалык кылымдар бою соода жолдорун коргоп, деңиздерди коопсуз кылып, адилеттикти камсыздап келген. Мунун эч биринде чет элдик флотторго же кредиттерге таянган эмес. Анын күчү каапырлар менен түзүлгөн келишимдерден эмес, ыймандан жана илахий шариатты колдонуп башкаруудан келип чыккан.
Бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрү бул баалуулуктарды «чынында мүмкүн эмес» деп эсептешет. Бирок дал ушул түзүм бир кезде Малай архипелагын бир хазараттын алдында бириктирген. Исламий башкарууга кайтуу өткөндү сагынуу эмес, ал зарылдык. Ансыз мусулман өлкөлөрү Вашингтон менен Пекиндин ортосунда, капиталисттик рынокторго көз карандылык менен аскердик мажбурлоодон коркуунун ортосунда термелип жүрө берет.
Аллах Таала айтат:
﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ﴾
“Өкүмдардык Аллага гана таандык Ал Зат силерди жалаң Өзүнө гана сыйынууга буюрган”. (Юсуф: 40).
Бул аят Исламдагы саясий эгемендүүлүктүн маңызын көрсөтөт. Өкүм чыгаруу укугу бир гана Аллахка таандык. Бул принципке кол салган ар кандай мыйзам, келишим же союз, дипломатиялык мактоого карабастан, жараксыз болуп эсептелет.
Ошентип, АСЕАНдын кырк жетинчи саммити бир эле учурда саясий спектакль, ахлакый кыйроо болуп чыкты. Ал калкынын көпчүлүгү мусулмандар болгон өкмөттөр кантип кулчулук менен көтөрүлүүнү чаташтырып алганын көрсөттү. Алар өздөрүн улуу державалардын ортосунда «нейтралдуу» деп жарыялашса да, чындыгында эки таянычтын ортосунда турушат т.а. капиталисттик материализм менен секулярдык улутчулдук таянычтарынын ортосунда. Экөөнүн тең Аллахтын көрсөтмөсүнө эч кандай тиешеси жок. Бул регион өз кадыр-баркын бул буттардан баш тартмайынча, вахийге негизделген башкарууну кайра орнотмоюнча кайтара албайт.
Бул өзгөрүү болмоюнча, «камтуучулук» деген — көзкарандылык бойдон калат, ал эми «туруктуулук» — үммөттү алсыз жана бөлүнүп-жарылган абалда кармап турган ошол эле зулум түзүмдөрүн сактап калуу дегенди билдирет. Куран акыркы эскертүүнү жана насаатты берет:
﴿فَلَا تَهِنُوا وَتَدْعُوا إِلَى السَّلْمِ وَأَنْتُمُ الْأَعْلَوْنَ وَاللّٰهُ مَعَكُمْ﴾
“Ошондуктан (эй момундар), силер (ал каапырларга каршы согуш кылып жатканыңарда эч качан) суздук кылбагыла жана өзүңөр үстөм-жеңүүчү болгон абалыңарда (аларды) жарашууга да чакырбагыла! Алла силер менен бирге”. (Мухаммад: 35).
Шексиз, Пайгамбарыбыз ﷺ айткан жол пайгамбарлык минхажындагы Халифалыкты кайра орнотуу мусулман өлкөлөрүнө чыныгы күчтү, кадыр-баркты, көз карандысыздыкты жана адилеттикти кайтарып бере ала турган жалгыз түзүм. Ушул илахий түзүмдүн алдында үммөттүн саясий, экономикалык жана аскерий күчү бир жетекчиликтин астында биригип, вахий менен башкарылат, дүйнөлүк зулумга каршы турат жана Исламдын кызыкчылыктарын бардык чек аралар боюнча коргойт. Дал ушул жетекчилик гана улут-мамлекет системасы таңуулаган бөлүнүүнү жойо алат жана «ааламдарга рахмат» болгон хазаратты кайра жандандырып, бүтүндөй адамзат үчүн рахмат кылат.
Устаз Абдулхаким Усман
Роя гезити




